Ош куурчак театры быйыл 20-жылдыгын жеке имаратсыз белгилейт


20-жылдан бери иштеп келе жаткан Ош облустук куурчак театры репетицияларын улуттук драма театрында өткөрүп келген. Ош жана Жалал-Абадты калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын билдирүүсүндө, куурчак театрынын имаратын куруу маселеси чечилүүдө.

Куурчак театры 20-жылдык мааракесин улуттук драма театрынын имаратында белгилей тургандыгын театрдын мүдүрү Мураталы Сыргабаев кабарлады.

Өкмөт куурчак театрынын кызматкерлерине «Семетей» же «Киргизия» кинотеарларынын имаратынан орун бөлүп берүүнү убада кылган. Ага карабастан азыр куурчакчылардын өз чатыры жок, туш келди жерде репетиция өткөрүп келишет.

Ош жана Жалал-Абадты калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясына куурчак театрынын мүдүрү кайрылуу жасап, жаңы долбоорго куурчак театрына дагы имарат курууну кароо керек экендигин суранган.

«Бул суроо дагы эле чечилбестен калууда. Колубуздан келишинче долбоорго кошууга аракет жасап көрөбүз депп мамлекеттик дирекциядан айтышкан», ― деди Сыргабаев.

Театардын артисти Тамара Абдыкадырованын айтымында, сөзсүз түрдө эле зангыраган имаратты куруп кажети деле жок.
«Үстүбүздө чатырыбыз болсо эле болду, калганынын баары бар. Биз бир нече жолу облус губернаторуна бул маселе менен кайрылганбыз, жыйынтык дагы деле жок», ― деди ал.

Шарттар бар

Ош шаарында куурчак театрынын карамагына өткөрүп берүү үчүн бош имарат жок дейт шаардын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров.

«Мурунку “Киргизия” кинотеатрынын имаратын бизге берүүсүн суранып, өз убагында маданият жана маалымат министирлигине кайрылуу жасадык эле. Бирок тилекке каршы аны өткөрүп берүүдөн баш тартышты. Эми биз курчак театрына өзүнчө имарат бере албайбыз, анткени бошу жок», – деди жергиликтүү бийлик өкүлү.

Түштүктөгү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча комитеттин пресс-катчысы Мэлис Эржигитов куурчак театрына имарат куруу маселеси азыркы тапта чечилип жатканын айтат.

Курчак театры

Ош куурчак тетарты өз ишмердүүлүгүн 1991-жылдын 6-ноябрында баштаган. Андан бери ар жыл сайын эки жолу спектакль: орус, кыргыз жана өзбек тилдеринде коюп турушат. Ага Оштун мектеп окуучулары көрүүчү катары чакырылат.

Театрдын мүдүрү белгилегендей, бир спектакль орто эсеп менен 45 мүнөт уланат.

Оштун артисттери куурчак театрында койгон эң белгилүү спектакльдардын катарына «Бир көчөнүн балдары» [«Дети одной улицы»] аттуу спектакль кирет. Анда ар түркун улуттагы балдардын достукта, чогуу-чаран ынтымактуу өсүп жатканы чагылдырылып, эл ичинде ийгиликтерге жетише алган.

Анын сценарийи өткөн жылда Түштүк жергесинде болгон этникалык кагылышуудан кийин пайда болгон.

Белгилей кетчү нерсе этникалык кагылышуудан 400 ашуун адам көз жумган.

Редакторлор: Александр Ким жана Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова