Ошто маршруттук таксилер кечинде аз жүрүп калды


Шаардык транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Романовдун айтымында эл июнь окуясынан бери дагы деле өзүнө келе элек. Маршруттук таксилердин бат эле ишин токтотуп коюшу айдоочулардын капчыгына түшкөн кирешелердин азайышы менен байланышкан.

Өткөн жылдын июнь айында болгон этникалык кагылышуудан соң элдин көбү кечке маал коомдук транспортторго түшүүсүн азайткан. Ага жараша маршруттук таксилер да кечки саат 20:00 эле ишин токтотот.

Шаардык транспорт жана коммуникация бөлүм башчысынын айтымында айдоочуларга кечинде жүрүү пайдасыз.

«Таксилер кара майды өз чөнтөгүнөн куят. Бир жүргүнчүнү салып алып, шаарды айланып чыгыш аларга пайда алып келбейт да. Мэрия маршруттук таксилер кечинде да жүрүшү үчүн жол кире акысын 2 сомго көтөрүп койду», — деп түшүндүрөт Романов.

Этникалык кагылышууга чейин маршруткага жол киренин баасы күндүзү кечкисин да 7 сомду түзгөн. Азыркы тапта күндүз жол кире 8 сом, кечкисин 10 сом.

Шайлоодон кийин шаардагы баардык коомдук транспорттор таңкы саат жетиден кечки онго чейин иштей баштайт. Графикти бузган айдоочулар үчүн атайын жазалардын тизмеги түзүлгөн.

«Алар үч күн иштегенден кийин эс алышат. Коомдук транспорт айдоочулардын иш күнү 14 саат уланат. Тартипти бузгандар 3 күндөн 15 күнгө чейин кызматынан четтетилет», — деди бөлүм башчысы Романов.

Транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Ибрагим Аскаровдун айтымында коомдук транспорт акыркы жүргүнчүгө чейин иштейт.

«Жай айларында кечки саат он онбирге чейин, мисалы жетинчи маршрут түнкү онбиге чейин жүрүп, бирок биринин артынан бири 3-4 мүнөттө эмес 10-15 мүнөттө келип калышат. Негизи маршруттардын иш күнү кечки тогузда бүтүшү керек, бирок баардыгы жүргүнчүлөрдөн көз каранды. Алар көп болсо айдоочулар аларды ары-бери ташый берет», — дейт Аскаров.

Мэрия алдындагы транспорт бөлүмүнөн билдиргендей, жаңы окуу жылынын башталышы менен коомдук тартипти сактоо максатында МАИ кызматкерлеринин катышуусунда комиссия иш алып бара баштайт.

Коопсуздук

Шухрат Мансуров коомдук транспорттун айдоочуларынын бири. Анын айтымында алар жумушту жүргүнчүлөрдүн аздыгынан жана шаардагы коопсуздук коркунусу бардыгынан улам эрте бүтүрүшөт.

«Эгер маршруткада чыр-чатак чыгып калса, милиция атайын жардамга келбейт. Кечки саат жетиден кийин киши суюлат. Анын үстүнө кара май кымбаттап кетти. Түнгө калып иштесек чыгашаларыбыз жабылбай калат да», — деп даттанат айдоочу.

Дагы бир айдоочу Пазыл Мамаджанов кечки саат тогузга дээри иш алып бараарын баса белгилейт.

«Мисалы мен кече жумушумду кечки саат 21:15 бүтүрдүм. Андан кеч убакытта биз кимди ташымак элек, эң көп болду дегенде эле түндө 10 жакын жүргүнчү топтолот. Мен дагы шаардын борбордук жолдорунан айдайм, башкаларына абдан эле оор», —деп нааразы болду Мамаджанов.

Айдоочунун айтымында июнь айындагы окуядан кийин кырдаал оорлогон.

«Кечинде жол жүрүү коркунучтуу, ар түрдүү адамдар болот, кээ бири мас болуп, өз кылгандарына жооп берейт. Бул жагдай июнь окуясынан кийин курчуду», — деп кошумчалады айдоочу.

Шаардыктардын пикири

Пенсион Галина Кимдин айтымында кечки жетиден кийин коомдук транспортто жүрүү болбойт.

«Бирөөнүкүнө конокко барып калсаң, кечинде маршрутка жок кайра келе албайсың», — дейт шаардык Ким.

Бирок Оштун тургуну Алтынай Байсалова башка ойду айтат.
«Коомдук унаалар жетиде эле токтоп калат дегенге кошулбайм.

Алар 9-10 чейин иштешет. Өткөн жылы июнь окуясына байланыштуу маршруттардын жүрүү тизмеги бузулган. Быйыл кудайга шүгүр, бирок жол кире акысы 2 сомго кымбаттап кетти», — деди Байсалова.

Редакторлор: Диана Рахманова жана Айзат Шакиева
Которгон: Кундуз Исмаилова