Эркебаев талапкерлерди түндүк, түштүк болуп бөлүнбөөгө чакырууда


Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев талапкерлерди президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарылоого чейин атайын форум өткөрүүгө чакырып, анда улуттук келишим боюнча меморандумга кол коюуну билдирди. Саясат таанучулардын ою эки тарапка бөлүнгөн, маселен ушул сыяктуу сунушту БШК- президенттин кароосуна киргизген.

Парламенттин мурдагы спикери, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев шайлоо алдындагы үгүт иштеринде талапкерлерди эки жаатка бөлүнбөөсүн суранды.

«Талапкерлер аймактык болуп бөлүнүп кетээри мени ойлонтпой койбойт. Ар бири өз алдынча түштүк жана түндүк деп шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүшөт», — деди парламенттин мурунку төрагасы.

Эркебаевдин белгилешинче азыр талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштаганынан мурда алдмачылык, популизм, күч жана элдин доубушун сатып алабыз деген ой менен жүрүшөт.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгесин колдойм. Талапкерлердин баарын чогултуп улуттук келишим боюнча меморандумга кол коюшу керек алар. Меморандумдун негизинде талапкерлер эл алдында жоопкерчилик алып, өлкөдөгү тынчтык жана биримдикти сактоого убадасын бериши керек», — деди коомдук ишмер өз сөзүндө.

Мындан бир аз мурун ушундай эле сунуш менен өлкө башчысына БШК- төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кайрылып. Форум өткөрүү керек экендигин белгилеген.

«Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштоодон мурда сиздин жетекчилигиңиздин алдында расмий түрдө катталган талапкерлердин форумун өткөрүүнү суранабыз. Президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоого чейин талапкерлер улуттук келишим боюнча меморандумга кол коюшу керек», — деп өлкө башчысына болгон кайрылууда жазылган.

Туура чечим

Президенттин пресс-кызматынын башчысы Султанбек Каназаров белгилегендей азыр бул каайрылуу каралып атат. Пресс-кызматчы меморандумга кол коюу боюнча сунушту туура чечим деп, ага өлкө башчысы кол коюшу да мүмкүн экендигин четке каккан жок.

«Биз бул сунуш үстүндө дагы ойлонуп жатабыз, агитация иштери башталгычакты дагы жетишээрлик убакыт бар. Меморандумдун канчалк деңгээлде элге керке экендиги анын ичинде камтылган документтер жана талапкерлердин колдоого алышынан көз каранды», — деди Каназаров.

Саясат таануучулардын эки жаат пикири

Талапкерлер эчи бир меморандуму жок эле өз эрки менен элдин биримдигин сактоо керек экендигин билиши керек деген пикирде саясат таануучу Марат Казакпаев.

«Менин оюмча анын [меморандум] бир чети кереги бар, бир чети жок. Шайлоо жакшы өтүш үчүн талаш-тартыш учурлар болбошу керек. Сөзсүз түрдө эле меморандумга кол кое калуунун кажети бар экендигине менин көзүм жетпейт», — деди Казакпаев өз сөзүндө.

Бирок талдоочу Токтогула Какчекеевдин оюнда меморандум абдан эле керек.

«Кыргызстан — көп улуттуу мамлекет. Биздин өлкөдө азыр 150 ашык улуттар жана элдердин бардыгын эске алуу менен мындай келишимдер элге керек экендигине мен азыр ынанып отурам», — деди Какчекеев.

Анын айтымында талапкерлердин ушунча көп санда болушу үгүт иштерин жүргүзүүдө чоң маселелердин пайда болушуна алып келиши да мүмкүн экенин четке какпайт.

«Улуттар аралык карым-катнаштар да бар. Меморандумду кол койгондон биз эч нерсе болбойбуз, анын коомчулук үчүн эч бир зыяны жок», — деп эсептейт Какчекеев.

81 талапкер

Талапкерлигин көрсөткөндөрдүн ичинен 81 адам өзүнүн талапкерлигин өзү алдыга жылдыргандар. Ал эми 16 талапкер саясий партиялардын атынан чыккандар.

Алардын 75 талапкерин эркектер, 6 айымдар түзөт. Comment.kg, маалыматтык сайтынын билдиришинче, талапкерлердин 79 этникалык кыргыздар, бири этникалык казак жана бири орус улутунун өкүлү.

Баардын талапкерлердин ичинен 19 өзүн жумушсуз катары көрсөтсө, 15 мамлекеттик кызматкерлер, 7- парламенттик мурунку депутаттары жана 8 киши азыркы тапта парламентте иштегендер.

Талапкерлерди каттоо 2011-жылдын 25-сентябырында аяктап, ошол күндөн тартып 29-октябрга чейин үгүт иштери уланат. Ал эми президенттикке талапкерлеге добуш берүү 2011-жылдын 30-октябырына белгиленген.

Каттоодон өтүү үчүн талапкерлер шайлоо фондуна 50 милилондон кем эмес акча каражатын топтоп, мамлекеттик тил экзаменин берип, добуш берүүчүлөр колдогон 30 миң кол топтоп, андан тышкары 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо салымын бериши керек.

Эгер талапкер шайлоо учурунда 5% жогору шайлоочулардын добушуна ээ болсо, БШК анын киргизген салымын толугу менен кайтарып берет/

Сүрөт: Azzatyk.org
Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова