Казахстанда кулдукта жүрдүм деген Кыргызстандын жараны башкы консулдукка кайрылган эмес


3 жыл бою коңшу Казахстанда малайлыкта жүрдүм деген Сирзат Осмоновдун өздөрүн тышкы иштер министирликтин консулдук департаменти жокко чыгарды. Бул кызматтын билидиришинче Мирзат өз мамлекетине жардма сурап кайрылган эмес. ал эми анын энеси баласы кайда экенин азыр билбей, бирок үстүбүздөгү жылдын февраль айында уулу менен көрүшкөнүн баса белгиледи.

Kloop.kg порталына берген маалыматында тышкы иштер министирлигинин консулдук депортаментинин кызматкери Осмонов кайда экендиги тууралуу алардын маалыматы жок экендигин белгиледи. 19-августта Кыргызстандын жараны «Ютуб» видеосервисинин жардамы менен 3 жыл Казахстанда малайлыкта жүргөнүндүгү тууралуу маалымат берген.

«Алмата шаарынан орун алган башкы консулдукка Мирзат Осмонов кайралган эмес. Ал же анын туугандары ошондой эле Астанадан орун алган биздин элчилигибизге барса болмок, бирок андай кылган эмес», — деп кабарлады департаменттин кызматкери.

Министирлик Кыргызстандын жаранын издеп-табуу боюнча иш-чараларды көргөнү же көрбөгөндүгү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Алматадагы кулдук

19-август күнү «Ютуб» видеосервисинде видео пайда болгон. Анда Мирзат Осмонов 2007-жылы Астанага акча табуу үчүн агасы менен барып малайлыкка түшүп калгандыгы тууралуу өзү айтып берген.

Осмоновдун айтымында алардын документтерин малай кылган адамар тартып алып, эми ал өз мекенине кайтып келе албай жатканын кошумчалап айткан бул видеотасмада.

Андан соң Осмонов Алматага келип, андан Караганда, Балхаш, жана Капчагайга келип кыргыз-казак чекарасын өтүү аракетин көргөн. Бирок для того, чтобы пересечь казахско-кыргызскую границу, однако без документов онтастыктоочу документтери жок келгенге мүмкүнчүлүгү жок болду.

Kloop.kg порталына Кыргызстандык Мирзат Осмоновдун энесимин деп өзүн тааныштырган Калия Осмонова азыр уула кайда экендиги тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Анын айтымында ал баласын 2011-жылдын февраль айында көргөн, бирок анда Мирзат Казахстандан эмес Орусияда иштеп жүрүп келген.
«Февраль айында ал Орсуиядан абдан ооруп келип, аны мен даарыладым. Эми бул видеотасма менен мен укук коргоо органдарына кайрылып, иштин чоо-жайын билишим керек», — деп билдирди Калия.

Kloop.kg сайтынын окурманы Urmat Мирзаттын айткандарынын баарына эле ишене бербөө керек дейт.

«Мен аны тааныйм. Өткөн жылы эле көргөм. Ата-энеси Арча Бешик конушунда жашашат, кичинекей дүкөнү дагы бар. Анын кичүү инисин да тааныйм. Ошондуктан бул маалыматтарды дагы бир жолу аныктыгын текшерип чыгуу керек», — деп жазган колдонуучу Urmat.

Редактор: Илья Каримджанов
Автор: Бегайым Джуманазарова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева