«Ата-Журт» партиясы гана президенттик бакшаруу формасын кайра жандандырууну колдойт


Парламенттеги беш партиянын ичинен аталган партия гана Кыргызстандын президенттик башкаруу системасына кайра келүү чечимин жактырат. Бул партиянын өкүлдөрүнүн көбү Бакиевдин учурундагы саясатчылар. Калган фракциялар парламенттик тузүлүш бойдон калуу максатын көздөшүүдө.

Kloop.kg порталынын кабарчылары 23-августта эл өкүлдөрү арасында атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Ага жараша азыркы башкаруу системасын колдобой турган жалгыз партия “Ата-Журт” болду.

“Ата-Журт” партиясынын депутаты, мурун коммунисттер партиясынын өкүлү Роман Шиндин белгилөөсүндө, азыркы парламент кандай гана президент болбосун анын көңүлүнө төп келбейт.

«Биз парламенттик башкаруу системасына азыр өтө албайбыз, али эрте», – деди Шин.

«Ата-Журт» келе жаткна президенттик шайлоого партиянын атынан биринчи болуп өз талапкерин көрсөтүп, Камчыбек Ташиевди өлкө башчысынын ордуна татыктуу деп билдирген. Ал Курманбек Бакиевдин заманында өзгөчө кырдаалдар министри болуп эмгектенген.

Парламенттик башкаруу системасына Кыргызстан 2010-жылдын апрельайында болгон элдик төңкөрүштөн кийин өткөн. Бул бийликти бир гана адамдын колуна карматып коюудан алыс болууга жардам берет деп жаңы конституциянын авторлору өз чечимин билдиришкен.

«Парламенттик система саясаттагы, экономика жана массалык маалымат каражаттарындагы эркиндиктин болушуна түрткү болот. Жаңы система жана жаңы конституция элге өз укугу үчүн күрөшүүгө жардам берет», – деген аталган конституциянын авторлорунун бири, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Макул эместер

Парламенттеги калган партияларын өкүлдөрү “Ата-Журттук” депутаттардын оюна каршы.

«Республика» партиясынын депутаты Роза Акназарова Kloop.kg порталына берген маалыматында конституцияны кайра-кайра өзгөртө бергендей ал оюнчук эмес экендигин билдирди.

«Бул конституция менен дагы биз көпкө иштешибиз керек», – деди Акназарова.

СДПК партиясынан элдик өкүл Олег Домшенко парламенттик башкаруу жакшы деген оюн билдирди.

«Анткени эгер өлкөнү бир гана адам башкарса биз Бакиевдин системасына кайра келип калышыбыз толук ыктымал. Биз конституциябызды жети жолу өзгөртүп, олуктоолорду киргиздик. Дагы канча жолу мыйзамды мазактайбыз», – деди Домшенко.

«Ар-Намыс» партиясынан Анарбек Калматов Kloop.kg порталына берген маалыматында бул конституция бир жылдан дагы аз дегенде үч жыл иштеши керек дейт.

«Ата-Мекен» партиясынын өкүлдөрү да президенттик башкаруу системасын кайра жандандыруу демилгесин колдоого алышкан жок. Парламенттик системаны киргизүү боюнча конституциянын өзгөрүшүн киргизген дал ушул партиянын лидери Өмүрбек Текебаев болгон. Ал 2010-жылдын июн айында өткөн референдумдун негизинде кабыл алынган.

Жаңs референдум демилгечилери

19-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгечилердин тобун расмий каттоого алган.

БШК- маалымат ыбоюнча президенттик тартипке кайра келүү боюнча референдумду өткөрүү демилгечилерди бири Нарын облусунун экс-губернатору Шамшыбек Медетбеков эсептелинет.

Бирок Kloop.kg порталынын кабарчыларына Медетбеков бул топко эч кандай тиешеси жок экендиги тууралуу кабар берген.
«БШК туура эмес карап алса керек», – деди Медетбеков.

Демилгечилер тобу конституциянын долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык Кыргызстанда президенттик башкаруу орноп, 900 кишиден турган курултай институту [элдик чогулуш] киргизилет.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн бери 7 жолу референдум болуп. Баардыгында жаңы конституциялар колдоого алынган.

Акыркы элдик шайлоо 2010-жылдын 27-июнунда өтүп, анда жаңы конституция ишкер киргизилген. Ал боюнча президенттик башкаруу парламенттик башкаруу системасына өтүп, Роза Отнубаева Кыргызстандын өткөөл мезгилинин 2012-жылга чейинки президенти деп белгиленген.

Редактор: Бектур Искендер
Автор: Акниет Отонбаев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева