Бишкекте өткөн тренингден мекенине келген өзбек журналисти бир нече саатка колго түшүрүлдү


Елена Бондарь 22-августта СНБ кызматкерлери тарабынан Ташкенттин аэропортунан кармалды. Ал Бишкекте ОБСЕ академиясы жана «Немецкая волнадан» журналистика боюнча окуу курсунан өтүп келе жаткан. Ал электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттарынан ажыратылган соң кое берилген.

«Фергана.ру» агентствосунун маалыматына караганда журналистти кармоого себеп болгон ОБСЕ- жана “Немецкая волнадан” окуу процесси учурунда алган маалыматтары бар үч CD-диск, 4 флэш-карта, эки видеокассета болгон.

Колго түшүрүлгөндөн кийин Елена Бондарь убактылуу камакка алынып, протокол түзүлүп, маалымат алып жүрүүчү электрондук жабдыктары алынган соң кое берилген.

«Uznews.net» сайтынын маалыматына караганда алынган материалдардын экспертиза иштерин Өзбекистандын маалымдоо жана байланыш агенттиги иш жүргүзөт.

Журналисттин сөздөрүнө таянып, маалымат агенствосу өзбек бийлиги алынган материалдардын арасынан чагымчылдык материалдарды табып, кылмыш ишин козгоп коюшу толук ыктымал деген.

«Алынган дисктерде, флэш-карталарда жана кассеталарда өзбек бийлигин кызыктыра турган көп маалыматтар бар. Бир флэш-картанын ичинде «Неравный доступ узбеков к правосудию» деген аталыштагы чоң макала бар», — деп «Uznews.net» Бондарьдын сөзүн жазган.

«Новый репортер» маалыматтык сайтында Өзбекстандагы «Свобода» радиосунун кабарчысы Гульасаль Камолова мындай кармоо биринчи эле окуя эместигин айтты.

«Акыркы бир жарым жыл ичинде мени Ташкенттин аэропортунан 12 жолу кармап, ушул сыяктуу текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн. Кээде текшерүүлөр абсурт да болуп кетет», — деп айткан Камолова.

Анын айтымында ашыкча текшерүүлөрдөн арылуу үчүн эч качан жаныңа маалымат алып жүрүүчү куралдарды алып жүрбөө керек.

«Эң жакшы чечим эч качан Өзбектсанды кандайдыр бир деңгээлде кемсинте турган материалдарды албай, ар дайым таза болуп бир жака кетүү жакшы чечим», — деп эсептейт журналист.

«Өзбек атайын кызматы кимди кармашты билет»

Kloop.kg порталына берген маалыматында өз атын атагысы келбеген Өзбекстандын журналисттеринин биринин айтымында өзбек атайын кызматы кимди кармаш экендигин жакшы билет.

«Өзбекстандык атайын кызмат жакшы иш алып барууда. Алар ким кайсы жерде иштээрин билишет. Бондарьды да колго түшүргөндүгү бекеринен эмес. Ал «Фергана.ру» сайтында иштеп, алар Орусиянын Өзбекстанга каршы саясатын жүргүзүшөт, ошондуктан Еленаны кармашты да», — деди журналист.

Анын айтымында Бондарьды кармагандыктын дагы бир себеби анын декларациясы жок маалыматтарды алып жүрүүсүндө.

«Журналисттер кээде өзүлөрү туура эмес иштерди жаасап алышат. Мыйзамга ылайык алар өлкөгө алып кирип жаткан маалыматтардга деклорация түзүшү керек. Ошондо эч ким тийише албайт. Дагы бир жагдай «Фергана.ру» жөн гана өзүн-өзү көргөзгүсү келип бул ишти жасагандыр. Анткени мындай адамдарды аэропорттон кармоо толтура болот», — дейт кабарчы.

«Фергана.Ру» маалыматтык агентствосунун башкы редактору Даниил Кислов пиар-акция тууралуу ойду четке какты.

«Бул жаш журналист үчүн мактаныч эмес, тескерисинче Өзбекстандын бийлиги үчүн уят нерсе. Алар эркин айтылган ойдон, сөздөн коркуп турушат. Ал эми мыйзам тууралуу айта турган болсок, Өзбекстандан бир гана мыйзам иштейт, саясатчылар жана атайын кызматтар коомчулуктун ою менен тең бөлүшпөйт», — деди Кислов.

Анын айтымында Өзбекстанда журналисттерди жана укук коргоочуларды декларацияга алынбаган ноутбук үчүн абакка отургузган учурлар да болгон.

«Өзбектер дайыма башка мамлекеттерден, айрыкча Кыргызстандан семинар-тренингден келе жаткандардын баарын текшерүүгө алганды жакшы көрүшөт», — деп белгиледи Кислов.

ОБСЕ студенти

Елена Бондарь 1987-жылы туулган. 2011-жылы Өзбектсандагы улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүргөн.

13-июндан 19-августка чейин Бишкектеги ОБСЕ- академисында журналистиканын негизги бөлүктөрүнө үйрөнүп, окуу процесинин жүрүшүндө «Неравный доступ узбеков к правосудию» аттуу макала жазган. Аталган макала эч бир маалымат берүү каражаттарында жарык көргөн эмес.

«Немецкая волна» сайтынын билдиришинче Европа жана борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Матис Винклер студент кыз менен болгон окуя тууралуу кыжаалат экенин белгиледи.

«Академия көп жылдардан бери ушул семинарларды Ташкентте өткөрүү чараларын көрүп жатат. Бирок ал тарапка кирүү визасын алуу өтө оор болууда. Биздин академия окуянын жүрүшүн эске алуу менен биргеликте Ташкенттен орун алган немец элчилиги жана Елена Бондарьдын өзү менен тыгыз карым-катнашта болот», — деп сөз берди Винклер.

ОБСЕ- кызматкерлери кырдаалдын чоо-жайы толугу менен билинмейинче маалымат берүүдөн баш тартты.

Редактор: Диана Рахманова
Автор: Любовь Шевченко
Которгон: Кундуз Сырдыбаева