Караколдук жигитти кыйнаган укук коргочулар жазалансын дейт жабыркаган тарап


Исмаил Шакировдун жакындары аны зомбулукка алып, адам өлтүргөн жана уурдоочулук кылган деген жалган жалааны өз мойнуна алуусун талап кылган оперативдүү топтун кызматкерлери өз жазасын алсын деп сотко кайрылууда. Медициналык экспертиза жабыркагандын денесиндеги жаракаттар бар экендигин тастыктады. Прокуратура өз кезегинде окуяны комментарийлөөдөн баш тартууда.

Исмаилдин атасы Толкун Шакиров жана агасы Шавкат Шакиров Кыргызстандын бийлигин жабыркагандардын конституциялык укугун ордуна келтирүүсүн суранды.

«[…] Ыссык-Көл облустук ИИБ- кызматкерлерин кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуу, кызматынан кетирүү жана кызмат абалынан колдонгондугун да эске алып, жазалоо керек», – деп жазылган Шакировдун жакындары берген арызда.

Мындан мурун Исмаил Шакиров кылмыш иши боюнча каралып, убактылуу абакта камакта отурган. Андан 4 грамм банги заты табылып, бирок акталып чыгып кеткен.

2-августта аны Жети-Өгүз райондук ИИБ- укук коргоо кызматкерлери кармап, киши өлтүргөндүгү жана талап-тоногочулук иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу айыпты өз мойнуна алуусу үчүн уруп-соккуга алган. Анын жакындарынын айтымы боюнча Исмаил бул иштерди жасаган эмес.

Жабырлануучунун жакындары жазган арызда Шакировду Ыссык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эки күн уруп-согуп, андан соң Түп райондук ички иштер бөлүмүнө которуп жиберген.

Шакиродун агасы арыздангандан киийн эртеси прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы жабырлануучу жаткан ички иштер бөлүмүнө келип, тез жардам чакырган.

Медициналык кызматтын фельдшери Осмонов баш мээсинин жаракаты деген диагноз койгон.

Медиицаналык экспертизага жараша Шакировдун денесинде анчейин жаракаттар катталган.

«Эки милиция кызматкери Исмаил Шакировдун денесине жана башына оор жаракаттарды келтирген», – деп сот медициналык экспертизасында жазылган.

Медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес

Ыссык-Көл облусунун башкы прокуроруна жазган арызында жабырлануучунун агасы Шавкат Шакиров анын биртууганы оор акыбалда болуп, ооруканада даарыланууга муктаж экендигин билдирген.

«Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн жери жок. Тиешелүү дары-дармектер бериллбей, адис дарыгерлер карабай калышты», – деди Шакировдун агасы.
Ыссык-Көл облусунун прокурору Темир Мусаев бул иш тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, бул тергөө сыры экенин билдирди.

Мусаев жабырлануучуга тынчтык келишимин сунуш кылып, Исмаил андан баш тартканын Kloop.kg порталынын кызматкери билдирди.

Жабыркаган Шакировдун адвокаты Аскарбек Асаналиевдин айтымында эгер жабырланган тарап тынчтык келишимине макул болсо, аны кыйноого салган эки милиция кызматкерлери өз жазасын албай калаарын айтты. Мындай чечим аларга жакпаарын адвокат өз сөзүндө кошумчалады.

Ыссык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү бул макаланы жазууда биз менен байланыша алган жок.

Редактор жана сүрөттүн автору: Илья Каримджанов
Автор: Азат Рузиев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева