Казахстанда кул болдум деген Кыргызстандык жигит үйүнө жетпей дарексиз жоголду



Тышкы иштер министирлигинин маалыматында Казахстанда кулдукта жүрдүм деген Мирзат Осмонов 24-августта Алматыдагы консулдуктун кызматкерлери тарабынан мекенине жиберилген. Бирок Мирзаттын жакындары анын үйгө келбегендигин билдиришти.

Эл аралык миграция боюнча кул сатуучулук программасынын координатору [МОМ] Жанна Салиеванын айтымында, Осмоновду өз мекенине кайтаруу боюнча жардам Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу тарабынан көрсөтүлгөн.

«Акыркы маалымат боюнча кечээ күнү Мирзатка консулдуктан керектүү документтерди жана Кыргызстанга келүү үчүн жол киресин беришкен. Эми аны Кыргызстандан биртуугандары тосуп алышы керек. Биз аларга маршруттун номерин берип, Мирзат Алматадан канчада чыккандыгын айтканбыз», — деди Салиева.

Бирок Kloop.kg порталына берген маалыматында Мирзаттын эжеси Аида Осмонова анын биртууганы дагы эле Бишкек шаарына келе электигин билдирген.

«Бизге кече телефон чалып, Мирзатка керектүү документтерди жасап колуна карматып, тамак берип, дагы башка керектүү оокаттарды беришкенин кабарлашкан. Бир аздан соң почта аркылуу анын кайсы маршрут менен келе жатканын айтышты. Бирок биз күтүп алган ошол маршрутта Мирзат жок экен. Айдоочудан сурап, Мирзаттын сүрөтүн көрсөтсөм, мындай бала көргөн жокмун деди», — деп маалымат берди Аида.

Тышкы иштер министирлиги азырынча Мирзаттын каякта жүргөндүгү тууралуу маалыматы жок экендигин билдиришет.

«Биздин консулдук колунан келген иш-чаралардын баарын көрдү. Биз азыр Мирзаттын өз мекенине жетпей калгандыгы тууралуу маселени иликтеп жатабыз», — деп кошумчалады кызматтын өкүлү.

Астанадагы кулдук

19-август күнү «Ютуб» видеосервисинде видео пайда болгон. Анда Мирзат Осмонов 2007-жылы Астанага акча табуу үчүн агасы менен барып, малайлыкка түшүп калгандыгы тууралуу өзү айтып берген.

Осмоновдун айтымында алардын документтерин малай кылган адамар тартып алып, эми ал өз мекенине кайтып келе албай жатканын кошумчалап айткан бул видеотасмада.

Андан соң Осмонов Астанага келип, андан Караганда, Балхаш, жана Капчагайга келип кыргыз-казак чекарасын өтүү аракетин көргөн. Бирок документтерсиз келгенге мүмкүнчүлүгү жок болду.

Бирок Казахстанда кулдукта жүрдүм деген Кыргызстандын жараны башкы консулдукка кайрылган эмес.

Осмоновдун даттануусу тууралуу толугураак

Kloop.kg порталына Кыргызстандык Мирзат Осмоновдун энесимин деп өзүн тааныштырган Калия Осмонова азыр уулу кайда экендиги тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Анын айтымында ал баласын 2011-жылдын февраль айында көргөн, бирок анда Мирзат Казахстандан эмес Орусияда иштеп жүрүп келген.

«Февраль айында ал Орусиядан абдан ооруп келип, аны мен даарыладым. Эми бул видеотасма менен мен укук коргоо органдарына кайрылып, иштин чоо-жайын билишим керек», — деп билдирди Калия.

Kloop.kg сайтынын окурманы Urmat Мирзаттын айткандарынын баарына эле ишене бербөө керек дейт.

«Мен аны тааныйм. Өткөн жылы эле көргөм. Ата-энеси Арча Бешик конушунда жашашат, кичинекей дүкөнү дагы бар. Анын кичүү инисин да тааныйм. Ошондуктан бул маалыматтардын аныктыгын дагы бир жолу текшерип чыгуу керек», — деп жазган колдонуучу Urmat.

Редактор: Диана Рахманова
Автор: Бегайым Джуманазарова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева