Кыргызстанда кум шекерге болгон баа акыркы жумада 2,5 сомго арзандады


Мамлекеттик антимонополдук агенствосунун ар жумалык мониторинги боюнча, өлкөдө 2011- жылдын 10- 17- августка чейинки мезгилде кум шекердин баасы 3,60% төмөндөдү. Азыркы күндө кум шекердин баасы 66,80 сомду түзсө деле, Оштун борбордук базарында баа 68-70 сом бойдон калууда.

Ушул эле агенство Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов акипресс маалымат агенттигиндеги маалыматты тастыктады. Анын өз сөзүндө, баанын төмөндөшү дүйнөлүк рынокто кумшекерге болгон сунуш көбөйгөндүгү жана стабилдүү импорт жүрүп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

Бир ай мурун Оштогу базарда кум шекердин баасы 70 сомду түзчү. Ал эми бир жыл мурун кум шекердин баасы 47,30 сом болгон.

Ал эми борбордук базардын сатуучусу Умидахон кум шекердин баасы төмөндөткөн жок, анткени ортомчу сатуучулар мурунку эле баада сатууда.

« [...]Ошондуктан биздеги кум шекердин килограммы 70 сом, ал эми дүң баада 68 сом. Белоруссияныкы болгондуктан кымбат. Кытай, Ирандан келген кум шекерлер бир аз арзаныраак килосун 68ге алса болот. Жанымдагы сатуучулардын баарында эле ушундай, көрүп тураспы?»,- деп түшүндүрдү Умидахон.

Бирок ошол эле базардын сатуучусу Рахманберди Алиев кумшекерди бир жумадан бери арзаныраак баада сатып ала баштап, өзү койгон бааны да төмөндөткөндүгүн айтты.

«Бизге кум шекерди Белоруссиядан алып келген ортомчулар бир жумадан бери кум шекерди дүң баада 63 сом 30 тыйындан тапшыра башташты эле, мен да бааны төмөндөттүм. Килограммдап 65 тен сатып жатам. Ал эми эки жума мурун ошол эле ортомчулардан 65-66 сомдон алчумун да 69-70тен сатчумун»,- деди сатуучу Алиев.

Ошондой эле ал, көпчүлүк сатуучулар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн бааны мурунку бойдон кымбат сатышууда деп билдирди.

«Бирок алар деле кымбатчылыктан ошондойго барып жатышат да, эмне кылышсын анан, үй-бүлөнү багуу керек да», - деп арызданды сатуучу.

Кум шекерге суроо-талабы

Экономика илимдеринин доктору, профессор Пирмат Купуев кумшекердин баасынын төмөндөшү, керектөөчүлөрдүн кум шекерге болгон суроо- талабы жогорулагандан болсо керек деп түшүндүрдү.

«Баанын жогорулап төмөндөп турушуна мезгил дагы таасирин тийгизет. Азыркы күндөрдө кум шекерге болгон суроо -талап жогорулады да, элдер кышка камданып жатышпайбы»,- деп айтты экономист.

Ал ошондой эле базардагы баанын башаламандыктарын чечүүгө антимонополдук коммитеттин күчү жетпейт деп кошумчалады.

«Эгер базардагы баа антимонополдук коммитет койгон баадан кымбат болсо бул жөн гана рыноктун мыйзамдары»,- деди Купуев.
Экономист Айылчы Сарыбаев өзүнүн кесиптешине толук кошулушун билдирди.

«Баанын көтөрүлүп, төмөндөп жаткандыгы бул нормалдуу эле көрүнүш. А төмөдөнгөнү кум шекерди чоң көлөмдө, сунушталып жаткандыктан, келип чыккан азыркы мезгилде вареньерлди кышкыга камдап жатышпайбы. Дүң баада саткан биздин сатуучуларыбыздын камы көбөйүп кеткенден да болушу мүмкүн, себеби сатылбай калып кетсе, аларга пайда болбойт», - деп түшүндүрдү экономист.

Ал эми базардагы канттын баасы туралуу башаламандык көзөмөл жоктугунан байланыштуу.

«Көзөмөл болгон учурда гана сатуучуларды жазаласа болот, көзөмөл жок да, эч кимде жоопкерчилик жок, эчкимди жазалай албайбыз», - деди ал.

Автор: Анара Арстанбекова