Ош: Милиция кызматкерлери күнөөсүз эки жарандын зордуктоо ишин өз мойнуна алуусун мажбурлашты



Ош облустук прокуратурасынын билдиргени боюнча Кара-Суу районунун тургундары Жылдыз Жаныбеков жана Руслан Пазылов 16 жашаар кызды зордуктоого шектүү деп кармалган. Кармалгандардын туугандары колго түшүрүлгөндөрдү 12 саат бою зомбулукка алгандан кийин мажбурлуу түрдө кылмышты аргасыз мойнуна алган дешет.

2011-жылдын 19-августунда Мадынын эки жашоочусун 129 статья алдындагы 3-беренесине ылайык топ адамдардын зордуктоо иштерине катышкандыгына шектүү деп кармалышкан деди алардын адвокаты Наркул Абдуллаев. Анын айтымында кармалгандардын күнөөсү далилсиз.

Абдуллаевдин билдириши боюнча зордуктоого учураган имиш кыз мындан мурда милиция кызматкерлери тарабынан уурдоо ишин жүргүзүп жаткан учурда кармалган.

Адвокаттын айтымында белгисиз себептер менен укук коргоочулар талап-тоноочулук ишин башкача кылып бурмалап, кыздын айтканы менен ал жактап жаткан Жылдыз Жаныбековду жана Руслан Пазыловду колго түшүргөн.

Камакка алынгандардын биринин агасы Надыр Токторов укук коргоо кызматкерлери жана 16 жашаар кыз жөн гана Жылдызды мазактоо үчүн гана ушул айыптарды коюшууда дейт.

Ошондой эле Токторов анын жээни жакын арада эле Орусиядан иштеп келгенин айтып, даректүү милиционерлер анын акчасы бар экендигин билишкен дейт. Шектүү деп кармалгандар буга чейин жабыркаган кыз менен кезиккен.

«Бул кыз кармалгандардын биринин кошунасы. Милиция кызматкерлери аны мажбурлап, балдарга каршы көрсөтмө берүүсүн айтышкан. Медициналык экспертиза кызды бир нече жолу текшерип, зордуктоо издери жок экендигин белгилеген», ― деп кабарлады Токторов.

Кармалган күнү балдар күнөөнү мойнуна албагандыктан Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, 19-августта 12 сааттык зомбулуктан кийин,таңкы саат төрттө аргасыз айыпты мойнуна алган. Андан улам зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Токторовдун айтымында айыптуулар прокуратурага арыз менен кайрылып, Кара-Суу райондук ички иштер кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоону өтүнүшкөн.

«Кармалгандар түрмөгө отурбайт, жөн гана акча берип кутулат деп алдаган милиция кызматкерлери алардан өз эрки менен кылмышты мойнуна алган арызды жаздырып алган. Дагы бир себеби аларды кечке уруп-тепкиге алышкандан чыдабай кетишти да», ― деди Токторов.

Адвокат Абдуллаев дагы укук коргоочулар кармалгандарды мазактаганын билдирет. Анкени мындай айтылган сөздөргө далил катары үч ар башка адамдар тарабынан жазылган 3 сурак протоколу болуп эсептелет.

«Бул мен коргоп жаткан адамардын колу эмес. Аларды күнөөсүн толугу менен далилдей албагандыктан улам үй камагына кое беришти», ― деди Абдуллаев.

2011-жылдын 19-августунда Жылдыз Жаныбековдун жана Руслан Пазыловдун 80 ашуун туугандары күнөөсүз адамдарды кое беришин талап кылып Ош облустук прокуратурасынын имаратынын алдына каршылык акциясына чыккан.

Ишти иликтөө

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү азыр бул ишти ИИМ- аймактар аралык башкармалыгы карап жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Эмиль Аширбаевдин айтымында иш ИИМ жана прокуратура тарабынан каралып жатат жана иликтөө учурунда кармалгандарды милиция кызматкерлери токмокко алгандыгы тууралуу юридикалык баа берилет. Андан тышкары окуя Кара-Суу райондук сотуна кароого берилген, акыркы чечим соттун чечими болоорун Аширбаев кошумчалады.

Мажбырлоодон кийин 12 жылга кесилгендер

Акыркы жылы Кыргызстандагы милиция кызматкерлери мажбырлоо менен айыпты мойнуна алдырган окуялардын арасынан бул жалгыз эле эмес.
Бишкектин Ленин райондук соту 9-августта Эркин Ниязбеков жана Гафар Уркунбаевди киши өлтүргөн деп 12 жылга эркинен ажыраткан.

«Эркиндик үнү» коомдук фондунун кызматкерлери соттолгондордун айыпты өз мойнуна алуусу Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан мажбырлоонун негизинде келип чыкканын белгилешет.

Эркинен ажыратылган Ниязбеков жана Уркунбаевдер дагы алардын эркине каршы мажбырлоо болгонун айтышты.

«Бизди түнү бою мазактап, мойнубузга кандайдыр бир күнөөнү алышыбыз керектигин айтышкан. Биз эч бир документке кол койгон эмеспиз, бирок таң атканда кайдагы бир европа улутундагы жаранды өлтүрдүңөр деген айыпты коюп коюшуптур», — деди Ниязбеков.

Kloop.kg порталына берген маалыматында Ленин райондук сотунун соту Гульзамира Аденова кармалгандарга Холодовду өлтүргөндүгү тууралуу айып коюлуп, алардын соттолушуна чоң негиз бар экенин айтты.

Анын айтымында алардын күнөөсү кылмыш болгон жердеги телефондук сүйлөшүүлөрдүн тизмеги жана алардын кылмышты өз мойнуна алуусу менен далилденген.

«Эркиндик үнү» коомдук фондунун кызматкерлери мазактоо боюнча мониторинг жүргүзүп турат. 2009-жылдан 2011-жылга чейин милиция кызматкерлери тарабынан туура эмес иш жасоо жана мажбырлоо боюнча 241 фактысы катталган.

Редакторлор: Диана Рахманова жана Ким Александр
Автор: Азиз Ташбаев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева