Бишкек мэриясы: Окуучулардан ашыкча акча алган мектептер жазаланат


Мэрия алдындагы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагуль Ниязованын айтымында Бишкектеги кээ бир орто билим берүү жайлары окуучулардан ашыкча каражат алышат деп кабарлады. Анын айтымында мындай мектептердин жетекчилиги жумуш ордунан алынат. Мектеп мүдүрлөрү өз кезегинде акча алуу фактысын четке кагышууда.

Ниязованын айтымында алардын башкармалыгына Бишкектин мектептерине нааразы болгон арыздарды киргизишкен. Алардын 15 окуучуларды мектепке кабыл алууда алардын ата-энелеринен акча алуу болуп саналат.

«Бул даттануулар бизди таң калтырып келет. Бирок азыр бул көрүнүш адаттагыдай эле болуп калды. Кээ бир мектептерде окуучуларды алуудан мурда ата-энелеринен 15 миң сомдон 25 миң сомго чейин алышат экен», — деди Ниязова.

Анын айтымында бир дагы мамлекеттик орто билим берүү жайлары акча-каражатын ашыкча алууга укугу жок.

«Баардык мектептер окуучуларды бекер алат. Эчи ким окуучу мектепке киргенден андан 20 миң сом талап кылганга акысы жок, бирок бул жүрөктү ооруткан факт бар экенин мен жашырбайм», — деди шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси.

Ниязованын билдиргенине жараша Бишкектеги №12, №13 комплекс-лицей жана №70 мектептерге арыз-даттануулар көп келип түшөт.

«Менин билишимче кирүү акысын көбүнчө учурда №13 комплекс-лицейи алат. Бизге ата-энелердин бири телефондук чалуу жасап, мектеп жетекчилиги алардан акча алганын белгилеп айткан», — деди Ниязова.
Ата-энелерден акча алган мектептердин жетекчилиги жумуш ордунан алынат. Бул тууралуу Ниязова өз сөзүндө маалымдады.

«Бир жылдан бери ушул маселе боюнча бизде талкуулар абдан көп жүрүп келет. Акча алган фактылар катталганда биз мектеп кызматкерлерин жумушунан алып салып, жазалаганга аракет кылып жатабыз. Өткөн жылы Бишкек шаары боюнча 37 мугалим дисциплинардык жазалоого дуушар болушкан», — деп белгиледи Ниязова.

Ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ниязалиеванын айтымында эгер мектептер окуучулардын ата-энелеринен кандайдыр бир акча каражатын чогулта турган болсо, мектеп жетекчилиги мэрияны маалымдап турушу керек.

«Коомдук комитеттер жана фондтторду ата-энелер өзүлөрү башкарып, текшерүү комитетинин мүчөсү болушат. Ар бир ай сайын ата-энелерден чогулган каражаттар кайсы жака жумшалып жатканын билдирип турган отчеттор илинип туруш керек эле, бирок мындай жасалбай, алар акча кайсы жакка жумшалып жатканын билбей калышууда», — деп кошумчалады Ниязова.

«№13 мектептен билим алуу 20 миң сом турат»

Атын атагысы келбеген аталган мектептин 11-классынын окуучусунун билдиргенине караганда анын мектебине тест тапшырбай 20 миң сом төлөп кирип алууга болот.

«Бул мектепте окуш үчүн мен тест тапшырышым керек эле, бирок туугандарымдын жардамы менен 5 миң сом берип өтүп кеттим. Тест тапшырбай 20 миң сом төлөп кирсе болоорун мен билем. Ал эми биринчи класстын окуучуларынын ата-энелери 1000 АКШ долларын төлөшөт», — деп билдирди окуучу.

Ушул эле мектептин дагы бир окуучусу Kloop.kg порталына берген маалыматында, ал мектепке жакшы катыштарынын аркасында кире алган.
«Эгер окуй турган бала ушул мектептин тегерегинде жашаса анын кирүү төлөмү 500 АКШ долларын түзөт, ал эми ал мектептен алыс жашаса 1000 доллар төлөп калат. Андан тышкары ар бир окуучу ай сайын мектепке 750 сом төлөп турат», — деди мектеп окуучусу.

«Биздин мектепте баары айкын»

Kloop.kg порталына берген маалыматында №13 мектеп комплекс-лицейинин мүдүрү Гулайым Алиева мэрия берген маалыматты четке кагып, окуучуну мектепке алууда эч кандай акча каражаттары алардан алынбаарын айтты.
«Мен эч качан мэриянын айткан сөздөрүнө ишене албайм. Эгер алар мындай айта турган болсо, маалыматты текшерип туруп анан билдиришсин да», — деп нааразы болду Алиева.

Анын айтымында мэрия шаардагы үч гана мектеп акча алат деп айыптай албайт.

«Мэрия алдындагы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси үч гана мектеп акча алат деп айтканы туура эмес. Алар мамлекет орто билим берүү мекемелеринин баарын тиешелүү деңгээлде керектүү каражаттар менен камсыздай албагандыктан күнөөнүн баарын бизге буруп койду», — деди №13 мектептин мүдүрү өз сөзүндө.

Алиеванын айтымында шаарда бир дагы ата-энелерден кошумча каражат албаган мектеп жок.

«Мектеп мүдүрлөрү 100% ата-энелердин жардамына муктаж. Биздин мектеп биринчилерден болуп ата-энелер фондун ачкан жана баардык сарыпталган каражаттар эсептелип, банк аркылуу иштер жүрүп турат», — деп белгиледи Алиева.

Бул макаланы жазууда №12 жана №70 мектептердин жетекчилиги комментарий берүүгө жеткиликтүү болгон жок.

«Билеттерди мажбурлап алдыруу»

Бишкек шаарындагы мектертер акча каражатын ашыкча жыйнаган бул бир эле окуя эмес. Мындан мурун мектеп окуучулары калаага концерт менен келген “Градусы” тобунун билетин кааласа да каалабаса да сатып алууга мажбур болгон. Бул мэриянын койгон тапшырмасы эле.

Анда №26, 37 жана Ленин районундагы №2, 70 мектептин окуучуларын мугалимдер аталган концертке билеттерди 200 сомдон (4,5 АКШ долларынын тегерегинде) алуусун талап кылганын айтып, даттанышкан.

Мындай маалымат коомчулуктун арасында талаш-тартыштарды алып келип, суроолорду жаткан учурда мэрия алдындагы билим берүү бөлүм башчысы Ниязалиева билетти каалоочуларга гана сатуу жүрүп жатканын айткан.
Бишкектеги мектептердин мудүрлөрү да бул маалыматты тастыктабастан, каалагандар билетти өз эрки менен алып жатканын айтты.

«Ата-Мекен» партиясынын депутаты Ширин Айтматованын айтуусунда Бишкектин мэри Иса Өмүркулов жана анын алдында кызмат кылгандар мектеп, бала бакчалардан мыйзамсыз белгилүү бир акча каражатын чогултуп алышат.

Өз кезегинде шаар мэринин орун басары Вячеслав Красниенко депутаттын сөздөрү жел болбой, фактылар менен тастыкталышы керек экендигин айтты.

Авторлор: Любовь Шевченко, Нурзаада Жаныбекова.
Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева