Бишкектеги окуусунан кайткан өзбек журналистине каршы кылмыш иши козголду


Кыргызстандын борборунда “Немецкая волна” өткөргөн тренингден кийин мекенине келген журналист Елена Бондарьга каршы декларацияланбаган флэш-карта жана башка маалымат алып жүрүүчү каражаттарды алып жүргөндүгү үчүн административдик иш козголду. Жуналистке 165 доллардан 330 долларга чейин айып салынат.

Елена Бондарь 27-август күнү Ташкенттик аэропорттун бажы кызматы чакырылып, ага каршы административдик иши козголгонуну тууралуу маалымдалган дейт «Фергана.ру» маалымат кызматы.

Өзбекстандын бийлиги журналист кызды Өзбек Республикасынын бажы жана административдик кодексинин декларацияланбаган товарды алып киргендиги үчүн күнөөлөпжатканын билдирди.

Аталган өлкөнүн административдик кодексине ылайык журналист бештен онго чейинки айлык маянасын, тагыраак айтканда 286 миң сумдан 572 сумга чейинки акчаны айып катары төлөшү ыктымал.

Иликтөө иштерин жүргүзүп, соттун чечими чыгарылганча Бондарь Өзбекстандын аймагынан чыга албайт.

Елена Бондарь 22-августта СНБ кызматкерлери тарабынан Ташкенттин аэропортунан кармалды. Ал Бишкекте ОБСЕ академиясы жана «Немецкая волнадан» журналистика боюнча окуу курсунан өтүп келе жаткан.
Ал электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттарынан ажыратылган соң кое берилген.

«Фейсбуктагы» колдонуучулардын пикири

«МК-Азия» борбордук басмасынын башкы редактору Улугбек Бабакулов «Фэйсбукта» журналистти кармаган өзбек бийлигине каршылык акциясына катышуучуларды жыйна баштаган.

Иш-чаранынын маани-маңызын сүрөөтөп жатып бабакулов өзбек бийлигинин мындай кадамын сөз эркиндигин басмырлоо деп белгиледи.

«Биз аймактардагы журналисттердин бирдиктүү экенин көрсөтүшүбү зарыл, керектүү учурда ар дайым жардамыбызды бири-бирибизге көрсөтөлү. Андай болбосо биздин үнүбүздү акырындык менен басып кошат», — деген колдонуучу өз сөзүндө.

Каршылык жыйыны 2-сентябрда Өзбекстандын кыргызстандагы элчилигинин маңдайында өтө турганы белгиленүүдө.

Бүгүнкү күндө бул демилгени чакырылган 747 колдонуучудан 25 киши колдоого алды.

Өзбек журналисти

Елена Бондарь 1987-жылы туулган. 2011-жылы Өзбектсандагы улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүргөн.

13-июндан 19-августка чейин Бишкектеги ОБСЕ- академисында журналистиканын негизги бөлүктөрүнө үйрөнүп, окуу процесинин жүрүшүндө «Неравный доступ узбеков к правосудию» аттуу макала жазган. Аталган макала эч бир маалымат берүү каражаттарында жарык көргөн эмес.

«Немецкая волна» сайтынын билдиришинче Европа жана борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Матис Винклер студент кыз менен болгон окуя тууралуу кыжаалат экенин белгиледи.

«Академия көп жылдардан бери ушул семинарларды Ташкентте өткөрүү чараларын көрүп жатат. Бирок ал тарапка кирүү визасын алуу өтө оор болууда. Биздин академия окуянын жүрүшүн эске алуу менен биргеликте Ташкенттен орун алган немец элчилиги жана Елена Бондарьдын өзү менен тыгыз карым-катнашта болот», — деп сөз берди Винклер.

ОБСЕ- кызматкерлери кырдаалдын чоо-жайы толугу менен билинмейинче маалымат берүүдөн баш тартты.

Редактор: Бектур Искендер
Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова