«Абдыш-Ата» эгемендүүлүк кубогун жеңип алды


Турнирдин финалдык матчы Ош шаарындагы Ахматбек Суюмбаевдин атын алып жүргөн стадиондо өтүп «Абдыш-ата» Кочкор-Атанын «Нефтчи» оюн командасын утуп койду. Канттын бул командасы турнир өткөрүп келе жаткандан бери үчүнчү жолу жеңиш менен үйүнө кайтты. Оюндун эсеби — 1:0.

Оюндун башталышында эле Канттык команданын оюнчусу Мырзалиев бшы менен таймашчыларын дарбазасына башы менен биринчи голду киргизип, 5 миңге чукул көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Кочкор-Аталыктар футбол аянтынын ээси катары чамынып чыгып, оюнду өз жагына бургусу келди, бирок баары текке кеткен.

Экинчи таймдын башталышында «Нефтчи» Руслан Амиров турган дарбазага топ киргизүүгө аракеттенди. Ага мисал 67-мүнөттө Сардор Аскаров канча тырышпасын, топту киргизген жок.

Арбитр Машенцевдин соңку ышкырыгында эсеп боюнча 1:0 катталып «Абдыш-Ата» утушка ээ болду.

Үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн Кыргызстандагы чемпионаттын негизинде «Нефтчи» жана «Абдыш-Ата» эки жолу жолугуп. Биринчи оюнда 1:1, экинчиде «Абдыш-Ата» 2:0 менен каршылашын жеңген.

Өткөн жылы эгемендүүлүк кубогуна ээ болгон «Дордой» командасы 20-жылдыкка карата өткөрүлгөн чемпионатка катышпай калганын себеби алар «Нефтчи» командасына 3:0 эсеби менен жеңилип калды.

Финалдык жеңиш

2-августта болгон биринчи жарым чейректик оюнда «Абдыш-Ата» Оштун «Алай» командасын артка таштап, 4:1 эсепти көргөзгөн.
Канттыктардын жооптук матчында 3:3 голу саналды.

Эки матчтын жыйынтыгында Канттын командасын кубоктун финалына чыгышкан.

Турнирдин регламенти

«Көз карандысыздык кубогу» деген аталыштагы бул турнир Кыргызстан 1991-жылы жетишкен эгемендүүлүгүнөн бери өткөрүлүп келет.
Кубоктун финалы салт катары эсептелип, ар жылдын 31-августунда Кыргызстандын футбол лигасынын жетекчилиги алдында уюштурулат.
Башынан келе жаткан шарт боюнча 32 команда эки жаатка, түндүк жана түштүк деп бөлүнөт.

Үчүнчү раундта жарым чейрекке орунга жетүү оюнунун уюштуруп, анда жарым финалдын жеңүүчүлөрү белгилүү болот.

Жарым финалдын формуласына ылайык командалар эч качан бири-бирине каршы, тагыраак айтканда түштүктөгүлөр эч качан өз ара таймашпай, түндүк командалары менен оюн алып барат.

Сүрөт Sport.kg сайтынан алынды
Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова