Орусия жаранынын өлүмүнө шектүү милиционерлер соттолот


Орусяи жараны Усманжан Халмурзаевдин өлүмүнө шектүү деп табылган Жалал-абад облусунун Базар-Коргон районунун 4 милиция кызматкери 9-снтябрда сот жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу башкы прокуратура маалымат берди.

Жалал-Абадттык милиционерлердин кылмыш иши облустук соттун кароосуна берилгендиги тууралуу башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев билдирди.

«Биз ишке тиешелүү болгон документтердин баарын Жалал-абад обулстук сотуна бердик. Эми алар баарын чечет», — деди Бактыбаев Kloop.kg порталына берген маалыматында.

Базар-коргондун прокуратурасы шектүү деп табылган 4 милиция кызматкерине каршы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине ылайык №104 [«Ден-соолукка атайын залал келтирүүдөн улам кишинин өлүмү»], 305 [«Кызмат абалы менен колдонуу»], жана 305-1 беренеси боюнча [«кыйноо»] ылайык кылмыш ишин козгоду.

Каза тапкан Халмурзаевдин адвокаты Бектурсун Калмановдун айтымында шектүү делген — Туташев, Исмаилов, Нуриев жана Маматалиев Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө камакта отуруп, соттун чечимин күтүшүүдө.

Орусия жараны

Орусия жаранын кармалышы тууралуу Kloop.kg порталына 12-август күнү «Эркиндик үнү» коомдук бирикмесинен маалымат келип түшкөн.

Укук коргоо борборунун маалыматында 7-августта Халмурзаевдин үйүнө 3 милиция кызматкерлери авто тетиктерин сатып алабыз деген имиш менен келип, анын эшикке чыгуусун талап кылган. Жабыркаган Халмурзаевди укук коргоочулар белгисиз тарапка унаага салып, алып кеткен.

Бир аз убакыттан кийин ал үйүнө телефон чалуу жасап, аны милиционерлер катуу тепкиге алганын айтып, балким көз жумаарын да кабарлаган.

Ошондой эле анын айтымында милиция кызматкерлери андан 6000 АКШ долларын доолаган.

Каза тапкан Халмурзаевдин туугандары 30 миң сом табууга гана алы жетип, акчаны укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берген.

Халмурзаев авто тетиктерин сатуу менен иш жүргүзгөн. Анын жолдошу Зульфия Халмурзаеванын айтымында Усманжан үйүнө келгенде анын үрөйү учуп, кан сийип калган.

Алган оор жаракаттардан улам ал аймактык ооруканадан каза тапкан.
Өлүктү ачып текшергенде Халмурзаевдин өлүмүнүн себеби аныкталган. Жүрөк тамырлары төш клеткасынан үзүлүп, ички кан жайылууга алып келген.

Кыргызстандагы кыйноолор

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы Жалал-Абадта болгон улуттар аралык кагылышууну уюштургандыгы үчүн бийлик тарабынан күнөөлү деп табылып, өмүр бою камакка алынган. Бул Кыргызстандын жарандарына каршы жүргүзүлгөн кыйноолордун эң белгилүү окуяларынын бири болуп саналат.

Айыпталуучуну милиция кызматкерлери уруп-согууга алган деп билдирди анын адвокаты Нурбек Токтакунов.

Массалык маалымат каражаттарында бир гана кыргызстандын жарандарына эмес, чет өлкөлүктөргө да кыйнооло, уруп-согуула көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалыматты таркатып келишкен.

2011-жылы мамлекеттин улуттук коопсуздук комитети Филиппиндин жараны, жеке ишкер Кемоель Балаганы салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү үчүн колго түшүргөн.

Филиппиндик ишкердин котормочусунун билдиренине караганда, 17-мартта Кемоель Балаганы Чүйдүн улуттук коопсуздук кызматкерелери кармап алып уруп-согуп аны салык төлөөсүн талап кылган.

Анда аталган комитеттин башчысы Кенешбек Душебаев кармалган Балага бир дагы кыйноого кабылбаганын жана улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан анын укугу эч бузулбаганын белгилеген.

«Эркиндик үнү» коомдук фонду да жарандарга колдонулган кыйноолордун мониторингин жүргүзүп келет. 2009-жылдан 2011-жылге дээри укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 241 ырайымсыз мамиле жасоо катталган.

Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова