Ош университетине убадаланган вай-фай киргизилген жок


«Кыргызтелеком» «Сорос-Кыргызстан» фонду менен келишимге кол коу иштерин басаңдатып, андан улам Ош Мамлекеттик университетине убадаланган вай-фай киргизилген жок. Иштин башында фонд интернетти окуу жайына 1-сентябрга чеин киргизип берүү убадасын берген.

Ош мамлекеттик университетинде вай-файдын туташтырылышына жооптуу адистин айтымында «Сорос» жана «Кыргызтелеком» тиешелүү документтерге кол койгон эмес.

Ал документке ылайык улуттук оператор Кыргызстандын түштүгүнөн орун алган жогорку окуу жайына интернет киргизип бериши зарыл.

Сүйлөшүү боюнча керектүү кагаздарга кол коюу 15-августка белгиленип, убадаланган вай-фай окуу жылынын башталышы менен ишке киргизилиш керек эле.

Улан аттуу адистин белгилешинче, интернет кызматын ишке ашыруу “Кыргызтелекомдун” ишинин артта калышы менен байланыштуу.

Ошондой эле ал интернет байланышы тууралуу маселе жакынкы арада чечилип, студенттер келе жаткан жумада вай-файга ээ болоорун белгиледи.

Ош мамлекеттик университетинин маалымат-техникалык бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Ураимовдун айтымында, интернет эмнеге бул күнгө чейин окуу жайына киригизиле электиги тууралуу маалыматы жоктугун айтып, качан вай-фай менен студенттер колдоно алышаарын айта албады.

««Сорос» фондунан кечээ күнү телефон чалуу жасашып, жакынкы арада интернет пайда болот дешти. Бирок качан экенин так айтышкан жок», ― деди Ураимов.

«Кыргызтелекомдун» пресс-катчысы Арзымат Алдаяров өз компаниясы белгиленген убакыттан өтүп бара жатканын билбей тургандыгын айтты.

«Биздин компания белгилүү бир мөөнөттүн ичинде вай-фай байланышын окуу жайына киргизип берүү убадасын алгандыгы тууралуу билем. Бирок ал ишке ашырылбай калгандыгы тууралу билбептирмин», ― деди Алдаяров.

Ал мыдай кармалуулар эмне себептен болуп жаткандыгын дем алыш күндөргө шылтап айтуудан баш тартты.

«Баардык маселелер 1-сентябрдан баштап чечилет дешти. Бирок жагдай чындыгында кандай экенин мен билбейм», ― деди Алдаяров.

Студенттердин үмүтү

Ош мамлекеттик университетинин студенти Бермет Сулйман кызынын айтымында анын бир нече группалаштары бекер вай-файга туташуу максатында бир нече компьютерге ээ болушкан.

«Бизге 1-сентябрдан баштап университетте интернет болоорун айтышкан, бирок биз аны качан туташтырып берээрин билбейбиз», ― деди Сулайман кызы.

Айпери Бекешева вай-фай туташтырылса күнү-түнү интернетте отура турган максаты бар экенин айтты.

«Бизге азырынча эч нерсе айтыша элек. Бирок эгер болуп калса, суткасына 24 саат бою компьютердин маңдайында отурам. Анткени интернет-менин жашоом», ― дейт Бекешева.

Ош мамлекеттик университетинен тышкары «Кыргызтелеком» Нарын облустук мамлекеттик университетине дагы вай-фай интернетин туташытырып бериши керек эле, бирок макаланы жазуу учуурнда окуу жай жетекчилигинен малымат алуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.

«Соросотун» бекер вай-файы Бишкек шаарында жайгашкан дагы 3 жогорку окуу жайында туташтырылат.

Бекер берилген интернеттин ордуна бул беш университеттин студенттери «Википедия» энциклопедиясынын кыргызча вариантын толтурушу керек.

Редакторлор: Айзат Шакиева, Бектур Искендер жана Анна Лелик
Которгон: Кундуз Исмаилова