«Дискавери»: Кыргызстандын аймагында акула болгон


Кыргызстандын түштүк-батыш тарабынан немец Фрайберг академиясынын окумуштуулары акуланын тиштери жана тукум капсулаларын табып чыгышкан. «Дискавери Ньюз» маалымдагандай Баткен облусунда акуланын 2 түрү 230 миллион жыл мурун жашаганын кошумчалады.

«Дискавери» теле берүүсүнүн чыгарган маалыматы боюнча акуланын Мадыген түрү тузсуз сууда дагы кездешип, анда жашай алган.

«Бүгүнкү күндө өзүнүн жумуртка клеткаларын тузсуз сууга таштаган бир дагы акуланын түрү калган жок», — дейт Фрайберг академиясынын Кыргызстандагы изилдөөчүлөрүнүн жетекчиси Яна Фишер.

Изилдөөчүлөр тобу триасс жана юрский мезгилдерге тиешелүү болгон, жалпысынан онго жакын тиш жана жумуртка капсулаларын тапкан. Бул өзү акулалар динозаврлар менен эле катар 230-жыл мурун жашаганын түшүндүрөт.

«Дискавери» бергендей, биринчи жолу капсула жана тиштер бир жерден чогуу табылган.

Фишер жана анын кесиптештери Кыргызстандын аймагында акуланын эки түрү: Гибодонт жана Ксенакант жашаганын аныктап чыгышты.

Гибодонттор — акуланын өлүп жок болгон түрлөрүнүн бири, ал көбүнчө азыркы тапта жашап жаткан акулаларга окшош келген. Гибодонттордун азыркы акулалардан бир гана айырмачылыгы бар, алардын башында мүйүздөрү бар болгон.

Ксенаканттар 210 миллион жыл мурун жок болуп кеткен.

«Дискавери» Кыргызстандагы бул ачылыш тууралуу бир нече илимпоздордун арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын жарымынан көбү тузу жок сууда акуланын жашаганын таң калуу менен талкууга алышты.

«Азыркы акулалар илгертеден эле келе жаткан түрү деп эсептеп келген элдин баары эле мындай жаңылыктан кийин ойго батышат! Бул эң сонун» — деди изилдөөчүлөрдүн табылгасын сындап Даттык муйзейдин кызматкери Жиль Куни.

Лос-Анджелестеги негизги тарых музейинин кызматкери Джон Лонг өз сөзүндө акуланын жакшы сакталып калган жумуртка клеткасы бул чанда кездешүүчү нерсе экенин айтат.

«Бул өз кезегинде акуланын жумуртка кыртыштары абдан эле бышык болуп, жаңы туулган тукумдарды жакшы сактоого болоорун айтып турат», — деди Лонг.

Ал эми аларды башка балыктардын түрүнө салыштырганда, акуланын тукуму негизи жумурткада болуп, энесинин ичинде өрчүйт.

Баткендеги Мадыген геологиялык формациясы өзүнүн изилдөөлөрү менен абдан белгилүү. Алар бул аймакта триасс мезгилинде жашап өткөн курт- курмурскаларлын түрүн жана ошондой эле өсүмдүктөрдү табып турушат. Белгилей кетчү нерсе триасстык мезгилде динозаврлар да жашап өткөн.

Автор: Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова