Ош кыргыз-өзбек университетинин аталышы өзгөртүлбөйт


Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында Ош кыргыз-өзбек университетинин аталышы өзгөртүлбөстөн, дагы бир жаңы университет пайда болот деген билдирүү жасады. Аталган окуу жайы 2010-жылда болгон этникалык кагылышуудан кийин эле мугалимдер тарабынан Социалдык деген аталышка ээ болгон.

Ош шаарына иш сапары менен барган билим берүү жана илим министри Канат Садыков кыргыз-өзбек университетинин аталышын өзгөртүү боюнча жыйынтыктоочу чечим, 17-сентябрда кабыл алынат дейт. Жогоркуу окуу жайы өткөн жылда этника аралык кагылышуудан кийин башкача атка ээ болгон.

Министрдин белгилешинче Оштогу кыргыз-өзбек университети ошол бойдон эле калып, бирок анын курамында жаңы социалдык университети пайда болот.

Мындан тышкаркы маалыматты берүүдөн билим берүү министри баш тартып, өкмөт тарабынан тиешелүү документтерге кол коюлгандан кийин толук түрдө баарын айтып берээрин белгиледи.

Билим берүү жана илим минитсрлигинде пресс-катчылык кызматын алып барган Керез Жукееванын билдиришинче азыркы тапта бул университетинин аты өзгөрүлөт деп айтууга эрте. Маселен азыр бул суроо боюнча атайын комиссия ишин алып барууда.

Кыргыз-өзбек университетинин ректору Идирис Эргешовдун маалыматында керектүү документтердин толук тизмеги министрликке жөнөтүлгөн, эми жакныкы арада суроо чечилет.

Ош шаарынан орун алган кыргыз-өзбек университетинин аталышын өзгөртүү боюнча чечим, 2010-жылдын 16-июнунда облустук мамлекеттик администрациясынын жалпы жыйынында каралган. Ошол тапта убактылуу өкмөттүн башчылары бул сунушка макул болуп, бирок расмий түрдө документтер даярдалган эмес.

Бул жогорку окуу жайы Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы келишимге кол коюлгандан кийин 1994-жылы ачылып, студенттерди кабыл ала баштаган.

Каржы-экономикалык факультетинин деканы белгилегендей Ош өзбек-кыргыз университетин ачуу зарылчылыгы Өзбекстандан келген кыргыз студенттерин жана ошондой эле өзбек улутундагы Кыргызстандын жарандарын окутуу, алардын көңүлүнө төп келе турган билим берүү максатында ачылган.

<Билимдин сапаты өзгөрүшү ыктымал

Ош өзбек-кыргыз университетинин окутуучусу Буркан Турдубековдун сөздөрүнө караганда, эки өлкөнүн ортосундагы келишимден кийин бул жогорку окуу жайы пайда болгон. Бирок өзбек тарап ЖОЖду каржылоосун токтотуп койгон.

«Азыр студенттердин арасында өзбек улутундагы окуучулар жок. Эгер университет социалдык деп өзгөртүлсө, билимдин сапаты да башка нукка бурулушу мүмкүн. Мында эч кандай улутчулдук жок. Эң башкысы сапатын өзгөртүү зарыл», — деди эл агартуучу.

Ош университетинин профессору Адылжан Закировдун айтымында окуу жай чарба тармагындагы адистерди даярдашы керек. Анын айтымында университеттеги көпчулүк адистиктер бири-биринин көчүрмөсү.

Өлкөнүн түштүк борборунда жашап, этникалык өзбек улутуна киргендердин айтымында алар өткөн жылда болгон тополоңдон кийин өзбек маданиятына тиешелүү болгон көпчүлүк объектилерди аты өзгөрүүгө дуушар болгон.

«Мен каршымын, анткени ансыз деле өзбек маданиятына тиешелүү болгон көпчүлүк объектилер башкача аталыш алды», — деп нааразы болду өзбек улутундагы жаран.

Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова