АКШ, Орусия, Кытайдын желектери элдик боз-үйдүн үстүндө көрсөтүлгөн баннер Ош шаарында өрттөлдү


«Ак кызмат» жаштар уюмунун өкүлдөрү Абдыкадыров жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде илинген баннерди өрттөп, жок кылышты. Сүрөттө боз-үйдүн үстүндө чатыр катары жасалган Орусия, АКШ жана Кытайдын желектери көргөзүлгөн. Активисттер мындай көрүнүш кыргыз элинин аброюна шек келтирет деген ойду айтышты.
«Ак кызмат» жаштар уюмунун лидери Тургунбай Алдакулов бул баннерлер кыргыз калкынын аброюна шек келтирип, ар намысын тепселендиге алат.

Алдакуловдун айтымында боз-үйдүн үстүндө тартылган желектер ошол мамлекеттердин кыргызстан менен каалашынча башкара ала тургандыгын түшүндүрөт деген ойдо.

«Бул Кыргызстанга терс таасирин тийгизет», — деди «Ак кызматтын» лидери.

Боз-үйлөр менен турган баннерден тышкары шаардын аймагында социалдык жарнак менен бир нече плакаттар илинген.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы жарнак кызматынын кызматкери Нурбек Азимбековдун билдирүүсүндө ошол жарнактарда “2011-жыл” деген белги жазылган.

Илинген билбордтор Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган.
Биринен 15-августка чейин жаш фото сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин арасында конкурс жарыяланып, анда100 ашуун иш көрсөтүлгөн.

AKIpress маалымат агентствосуна берген маалыматында, автор боз-үйдүн үстүндө турган Орусия, Кытай жана АКШнын желектери кандан маанини түшүндүрөөрүн айткан.

«Кырызстандын эли Кытай, Орусия жана АКШнын бекем колдоосунда тургандыгын түшүндүрөт. Ал эми ушул чет элдик желектердин көлөмү алардын Кыргызстандын саясатына тийгизген таасирин көрсөтүп турат», — деди Болджуров.

Баннер өрттөлгөндөн кийин Ош шаардык мжриясы тарабынан түштүк борбордун көчөлөрүндө социалдык жарнак катары илинген сүрөттөрдүн баарын алып салуу туурауу буйрук берген.

Мындай баннерлердин биринде 2011 деген цифралар кол менен көрсөтүлүп, анын ичинде бир деген цифра ортоңку манжа менен берилген.

Ушул эле баннерлер Кыргызстандын дагы башка облустарында жана Бишкек шаарынан орун алган.

«Келишим түзүлбөгөн баннер»

Ош шаардык мэриясынын жарнактар боюнча бөлүмүнүн кызматкери Kloop.kg порталына берген маалыматында социалдык тармакка тиешелүү болгон баннерлер алынып салынгандан кийин дагы атайын рейд өткөрүлүп, анын негизинде 8 келишим тузүлбөгөн баннерлер чечилди.

«Азыр каалагандардын баары эле социалдык жарнактарын илип алышат, алардын баарынын үстүнөн кароого биз жетишпей жатабыз», — деди Азимбеков.

Азимканов белгилегендей, жарнакты коюучулар мэрия менен келишим түзүп, андан соң гана ишин уланта алат. Азыркы тапта мы йзамсыз коюлган баннерлердин ээлери аныкталууда. Табылганда алар административдик жоопкерчиликке тартылат.

Мүлктү бузуу

Юрист Назгуль Суюнбаеванын айтымында «Ак кызмат» уюмунун бул кылган ишин башка жарандардын мүлкүн бузуучулукка кошсо болот деген ойдо. Маселен бул баннерлер башка аламдарга тиешелүү болгондугуна карабастан алар жарнакты чечип, уруксаатсыз жок кылып салышкан.

Бирок Назгулддөн башка юрист Улан Бекмуратов жарнак ээлери баарын биринчи кезекте шаардык мэрия менен келишим түзүп алып, андан кийин гана ишти башташ керек болчу деп эсептейт.

Автор: Абдулла Закиров
Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова