«Мутакалим»: 150дөй кыз мектепке мусулман жоолугун салынгандыгы үчүн сабакка киргизилбей койгон


Мусулмандардын укугун коргоочу “Мутакалим” уюмунун билдирүүсүнө караганда орто мектепте окуган окуучу кыздар жоолук салынса сабакка киргизилбей жатышат. Билим Берүү министрлиги: окуучулар “окуучудай” болуп жүрүшү керек, эч кандай баш кийим кийбеши парз деп айтууда.

“Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы окуу жылы башталгандан баштап мусулман-кыздардын жоолук салынгандыгы үчүн окууга киргизбей жатат деген 150 арыз түшкөн.

Кыргызстандагы мусулмандар арызданган мектептердин кээ бирлерин атаганда - №2, №8, №60, №69, №80 мектептер.

“Алар же жоолугуңарды чечип билим алгыла, же билим албай эле койгула, кирбегиле – деп шарт коюшууда” – дейт Фронтбек кызы.

Бул жагдай боюнча «Мутакалимдин» жетекчисинин арызын 3 мектеп четке какты.

№80 мектептин директору Амантай Байымбетова анын мектебинде жоолук салынгандарга тыйуу салынбаганын билгизген.

“Баардык адамдарга гумандуулук менен мамиле кылыш керек” – дейт ал Kloop.kg сайтына берген интервьюсунда.

Ал эми №2 жана №60 мектептин өкүлдөрү андай жоолук салынган окуучулардын деги эле жоктугун билгизген.

Республиканын масштабында

Бирок Фронтбек кызы бүт мамлекетти ээлеген “дискриминациянын” бар экендигине басым жасоодо.

Мындай жоолук салууга чектөөнү ал Билим Берүү министрлигинен көрүүдө.
“Билим Берүү министрлигинде конституцияны түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбеген адамдар отурушат. Ар бир баланын каалагандай кийингенге укугу бар” – деп эсептейт Фронтбек кызы.

Ал эгер Билим Берүү министрлиги тыюу салууну койбосо “Мутакалим” ведомствого сотко берээрин, ошондой эле каршылык акцияларын өткөрөөрүн айтууда.

“Жоолук билим алганга тоскоолдук кылбайт” – дейт «Мутакалимдин» лидери.

Үстү ак, асты кара

Министрлик мектептерде жолук салууга каршы экендигин моюндайт.

Министрликтин пресс-секретары Керез Жукеева баардык окуучулар мамлекеттик мектептин аныкталган уставына туура келген кийимдерди кийиши керек. Үстү ак, асты кара.

Мындай нерсени министрлик окуучулардын окшош кийингендиги социалдык теңчилик үчүн күрөшүү деп айтууда.

“Кайсы баланын ата-энеси бардар жашабаса алар баласына кымбат кийим сатып бергенге мүмкүнчүлүгү жок. Бирок экинчи бала мындай кымбат кийимди кийгенге мүмкүнчүлүгү болбой калышы мүмкүн” – деп түшүндүрөт министрликтин пресс-секретары.

“Бала мектепте өзүн окуучу сезиши керек” – дейт Жукеева.

Мектепте мусулман жоолугун кийгендерди тыюу салуу керекпи?
Билим Берүү министрлиги жоолук салынууну тыюуну укуктун бузулуусу катары санабайт – Жукееванын сөзү боюнча окуучу мектепте диний эмес, жөн деле баш кийим кийип жүрбөшү керек, жада калса кыргыз калпагын да.

“Класс ичинде баш кийимди чечүү керек” – дейт министрликтин пресс-секретары.

Глобалдык суроо

Жоолук салынып жүрүү бүткүл дүйнө жүзүндө абдан чоң дебаттарды жаратууда. – Европанын бир нече мамлекетинде мамлекеттик окуу жайында мусулман кыз-келиндер жоолук салынып жүрө алышпайт.

Тыюу салууну колдогондор мамлекеттин “светский статусуна” таянышып, ошондой эле жоолук аялдардын европа коомуна интеграциялануусуна тоскоол деп эсептешүүдө.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блер 2006 жылы мусулман жоолугун “коомдун ажыроосунун белгиси” катары атаган.

Ал эми тыюуну туура эмес көргөндөр мамлекеттин адамдын жеке жашоосуна кийлигишпестиги жөнүндө айтышууда.

Ал эми 2006-жылы биританиянын борборундагы сурап-билүү жүргүзүүдө аялдардын укугун колдоп, алар “диний көз карашына жараша” кийинсе болоорлугун айтышкан.

Сүрөттө: жоолукчан бахрейндик окуучу кыз, автор: Шейн МакКой, лицензия Creative Commons

Сиз мектепте баш кийим кийүүгө тыюу салуу туура деп эсептейсизби? Сиздердин жашооңузда же таанышыңызды жоолук салынгандыгы үчүн окууга киргизбей койгон учурлар болду беле? Өзүңүздүн тажрыйбаңыз жана оюңуз жөнүндө астыдагы форманы пайдаланып комментарийге кошуп койсоңуз.