Шайлоо алдындагы агитация мезгилинде кабелдик операторлор чет телеберүүлөрдү берүүнү токтотушат


Президентти шайлоо жөнүндө мыйзам кабелдик операторлор тарабынан чет жактагы телеканалдарды көрсөтүүнү токтотот – мыйзам чет элдик ЖМК тарабынан президенттикке талапкерлерди агитация жүргүзүүгө бөгөт коет, ошондой эле, аларга техникалык жактан камсыз кылуу оор болгон, берүүлөрдүн алдын ала жазууларын талап кылышууда.

“Ала-ТВнын” генералдык директору, Василий Гончаров 12-сентябрь күнү өзүнүн компаниясы – Бишкек боюнча эң чоң кабельдик оператору – жаңы Мыйзамды техникалык жактан аткара албасын билгизген.

Жаңы мыйзам боюнча кабельдик операторлор шайлоо алдындагы агитация учурунда тике эфир боюнча чет элдик каналдарды бере алыша албай калышат.

Мындай чечим айтылган мыйзамда өкмөт тарабынан “президенттикке талапкердин ишкердик кадырын, ыйман-аброюн түшүргөн” маалыматтардын жарыяланбашы үчүн чыккан.

Мыйзамга ылайык, тикелей трансляция кабельдик операторлор тарабынан алдын ала жазылган түрүнө алмашылып, тандалуудан өтүшү керек экен.

Бирок бул проблемага арналган тегерек столдо Гончаров буга 40-50 миң доллар керектелээрин жана жаңы кызматкер алыш керек болорлугун айткан.

“Мен кайра техника сатып алышым керек болот, президенттердин абийирине шек келтирген сөздөр барбы же жокпу, аны иликтей турган жаңы кызматчыларды алып алыш керек. Сатып алган техниканы каерге коем, буга да акча сарпташ керек” – дейт Гончаров.

“Ала-ТВнын” жана дагы эки чоң “Долон” жана “Смарт” кабельдик компаниянын өкүлдөрү чет элдик каналдарды 25-сентябрдан 30 октябрга чейин, Кыргызстанда шайлоо алдындагы агитация бүткөнгө чейин өчүрөөрүн билгизишкен.

Медиа-эксперттер жана укук коргоочулар бул жаңы законду цензура киргизүү деп эсептешүүдө.

“Бул закон конституцияны бузууда, анда ар бир адам маалымат алууга укугу бар делет, бул цензура эмей эмне!” – дейт тегерек столдо Кыргызстандагы «Интерньюс Нетворк» медиа-уюмунун өкүлчүлүгүнүн директору Мария Раснер.

Медиа-полиси институтунун директору Бегаим Усенова болсо мыйзамды “жарымдаткан” деп эсептөөдө.

“Себеби адамдар спутник аркылуу деле көрүп алышат – эмне, аны да жабыш керекпи?” – деген суроо салды иш-чарада Усенова.

“Мен мени жылаңач көрсөтүүсүн каалабайм”

Бул проблемага арналган тегерек столдо бул мыйзамдын демилгечиси болгон “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрү да болушту.

Анын жетекчиси Өмүрбек Текебаев мурдагы парламенттик шайлоолор алдында россиялык телеведениеде бир нече сюжеттин каарманы болгон. Анда Текебаевдин никесиз байланыштары жөнүндө сюжет кеткен.

Мына ошонун айынан Текебаевдин партиясы шайлоодо 5инчи орунга гана чыгып, парламентке өткөндөрдүн арасында аз орунга ээ болушкан – мунун баары партиянын ою боюнча россиялык ЖМКнын маалыматтык кампаниясынын натыйжасы болушу мүмкүн.

Тегерек столдун катышуучусу, буга аппеляция кылган “Ата-Мекен” партиясынын Разшан Жээнбеков да жаңы мыйзамды жактоочулардан.

“Менин оюмча, бул мыйзам туура, мени да эртең телевизордон жылаңач көрсөтүүсүн каалабайм” – деди Жээнбеков өткөн жылкы Текебаев жөнүндөгү сюжетти эске ала.

Бул мыйзамды жактоочулардын ичинде президенттикке талапкер, парламенттин депутаты жана күч ведомствосунун жетекчиси Кубатбек Байболов да бар.

“Чет элдик каналдар Кыргызстандын ичик саясий иштерин кийлигишпеши керек да” – дейт Байболов.

БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова телеканалдар мыйзамды сактаганга милдеттүү дейт.

“Ал кабыл алынды, биз эми эч нерсе кыла албайбыз. Бизде агитация өткөрүү үчүн эксперттердин тобу бар, мониторинг өткөрүп, тартип бузууларды иликтеген юристтер бар” – деп кошумчалады Бапанова.

Жергиликтүү телеканалдардын позициясы

Россиянын телеканалын ретрансляция кылган НТС каналынын директору Бакыт Аманов берүүлөрдү жазып алып көрсөтүү – “адам укугунун бузулушу” – деди.

НТСтин жетекчиси депутаттар мыйзам кабыл алаарда телеканалдар менен макулдашып алса болмок дейт.

“Мындай жол менен мыйзам кабыл алуу биринчи жолу эмес. Бизде мыйзамдар профессионалдык эмес деңгээлде жазылат. Эгер иш ошого жетсе анда келгиле, баардык берүүлөрдү цензурадан өткөрүп эле берейли” – деди Аманов.

Ошондой эле Аманов НТСка бул мыйзамды аткаруу үчүн көп каражат керек деп билгизди.

Ал эми “Бешинчи каналдын” директору Евгения Бердникова бул мыйзамды мурда эле “адам укуктарын тикелей бузуу” деп атаган.

Ал өкмөт “биздин жарандарга ЖМКнын таасир тийгизүүсүнөн коркушат” деди.

Бирок Коомдук телерадио корпорациянын директору Кубат Оторбаев талапкерлерди чет элдик ЖМКларда агитациялоону тыйуу салууну колдоодо.

“Сырттан келген ар бир маалымат – суверендүү мамлекеттин ички ишине кийлигишүү, айрыкча кеп шайлоо болуп жатканда” – деген буга чейин Оторбаев.

Редактор: Бектур Искендер
Автору: Диана Рахманова