Президенттик шайлоодон кийин жогорку кеңештин депутаттары мамлекеттик туунун жаңы түрүн ырастооно максат кылды. Азыр колдонулуп жаткан желектин авторлорунун бири — Сабыр Иптаров демилгени колдойт. Ал эми дагы бир автор — Маматбек Сыдыковдын айтымында желекти башка түр менен алмаштыруунун кажети деле жок.
Иптаровдун билдиргенине караганда, азыр кыргыз эли колдонуп келген желекти жаратууда авторлор бир нерсени эске албай калган. Тууда тартылган белги күн карамага окшошуп, эл арасында терс ойду жаратат.
«Бул өсүмдүк күндү карап өсөт. Күн батканда башын жерге салып, таң атышын күтөт. Мындай түшүнүк мени да кайдыгер калтырбай, автор катары бул суроо кайра каралып чыгышына даярмын», — деди Иптаров.
Мамлекеттик тууну ойлоп тапкандардын бири Иптаровдун ою боюнча Кыргызстандын желеги үч түстү өз ичине камтышы керек.
«Кыргызсдардын санжырасына таянып тарыхчы, адабиятчы, фольклористтер туунун өңү ар түрдүү болгон дешет. Ага ылайык биздин эл үч негизги топко: оң. Сол жана ортоңку деп бөлүнгөн. Ошол себептен алардын айтымында үч түс бири-бирине куюлуп, биригип турушу керек. 2010-жылкы апрель айында болгон төңкөрүштөн соң эл туунун көрүнүшүнө нааразы болушкан. Элдин сөзүндө түндүк күйүп, анын тышы күн карамага окшошо», — деп ою менен бөлүштү автор.
Туунун дагы бир авторлорунун бири Маматбек Сыдыковдун билдиришинче, желекти манас таануучулар жана серепчилер карап, сынактан өткөргөн.
«Ошол кезде парламентте отуруп ушул желектин кабыл алынышын тастыктап берген серепчилер азыр аны алып салабыз дегендердин билим деңгээли боюнча эч нерсеси менен айырмаланбайт. Ошондуктан 20-жыл мурун парламентти башкарып келген легендарлуу 350 депутаттан турган парламент жана серепчилердин кабыл алган желегин четке кагып коюунун деле кажети жок», — деп түшүндүрмө берди Сыдыков өз сөзүндө.
2005 жана 2010-жылдары болгон төңкөрүштөргө күнөөлү болгон бул Кыргызстандын кызыл өңдүү желеги деп нааразы болгон элдин оюна кошулуп, тууну өзгөртүү боюнча комиссия түзгөн депутаттардын ишине катуу нааразы болду Сыдыков.
«Желек кызыл болгон үчүн эле кан төгүлө бербейт. Президент, бийлик, ички жана тышкы иштерди жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтерден улам, ошондой эле экономикалык туруктуулук болбой жаткандан улам кат төгүлүүлөр болот. Бул жерде желектин эч кандай күнөөсү жок», — деп эсептейт Сыдыков.
Автор Мамлекеттик символиканы өзгөртүүгө көп каражат кетээрин кошумчалады.
«Бул документтерди алмаштыруу, ошол эле унаалардын белгилерин да башкача кылып жасоо, мунун баары аз акчаны талап кылбайт, миллиондогон каражат кетет», — деди Сыдыков.
Азыр Кыргыз республикасынын аймагында расмий түрдө мамлекеттик туу катары колдонулуп келген символиканын авторлору Маматбек Сыдыков, Сабыр Иптаров, Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев болгон.
Желекти алмаштыруу иштеринин демилгечилери
Желекти алмаштыруу идеясы «Ата-Мекен» партиясынын парламенттеги өкүлү Карганбек Самаковко тиешелүү. Ал бул тууралуу маселени 2011-жылдын март айында талкууга алып чыккан.
Самаковдун демилгесине “Ар намыс” партиясынын депутаты Абдырахман Маматалиев да кошулуп, кийинчерээк тууну жана мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча атайын комиссиянын жетекчиси болуп шайланган.
«Комиссиянын курамына жалпы-жонунан 28 киши кирет. Алар праламенттеги ар бир партиядан эки депутат, коомдук ишмерлер, тарыхчы, легендарлуу парламенттин депутаттары жана сүрөтчүлөр», — деди Маматалиев.
Маматалиедин маалымында мамлекеттик желектин жаңы түрүн кабыл алуу 2011-жылдын 30-октябрында өтө турган президенттик шайлоодон кийинки убакытка пландаштырылган.
100 ашуун варианттар жана 300 кайрылуу болгон. Алардын ичинен эң эле ылайыктуу деп 9 түрү тандалып алынды.
Желекти өзгөртүү аракети
Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси биринчи гана жолу көтөрүлгөн жок. 2009-жылы президенттикке талапкерлердин бири нарколог-врач Жеңишбек Назаралиев шайлоо алдындагы компаниясында жаңы желектин долбоорун көрсөткөн.
Ал желектин өңү кызгылтым, ак, жашыл жана кызыл өңдөрдө болушу керек деген..
«Ар-намыс» партиясынын өкүлү Турсунбай Бакир уулу желекти башкача кылып өзгөртүү керек деген демилгени 1995-жылдан тартып колдоп келген. Анын айтымында өлкө мурунку туусун кайра кабыл алышы керек. [Кыргыз ССР].
«Бир гана орок жана балканы алып салып, желектин өңүн гана калтыруу зарыл», – деген депутат.
Бирок эл өкүлүнүн демилгесин политолог Маарат Казакпаев жана Марс Сариев колдоого алган жок.
«Мен макул эмесмин. Ал желекте үч түс, андан калса ал Советтер Союзунун мезгили. Азыр расмий түрдө колдонулуп жаткан желек биздин эл үчүн эң эле ылайыктуу вариант болуп эсептелет», – деп кошумчалады Казакпаев.
Кыргыз ССРинин желеги 1952-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.
Ал эми азыркы кызыл желек 1992-жылдын 3-мартында жогорку кеңеш тарабынан рамий түрдө тастыкталып, ошол мезгилден тартып мамлекеттин символикасы катары колдонулуп келет.
Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова