300 жакын адам коррупцияга малынган сотторго каршы нааразычылыгын билдиришти


Ак үйдүн дарбазасын талкалап киребиз деп опуза кылгандар 15-сентябрь күнү депутаттардан коррупцияга толугу менен малынган Жогорку соттун курамына кирген сотторду алмаштыруусун талап койду. Парламенттин өкүлдөрү азыр толугу менен соттук курамды тандоо бүтө элек экенин билдирсе, жогорку сот митингчилердин айыптоолорун мыйзамсыз деп эсептейт.

Ак үйдүн күн чыгыш тарабына чогулган митингчилердин бир нечеси, дарбазаны талкалайбыз деген опуза менен парламент өкүлдөү аларга чыгып сүйлөшүүсүн талап кылды.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары сот системасындагы болгон бир нече учурларга нааразы. Алардын айтымында сот болгон мезгилде соттор кызмат абалы менен пайдаланып акча алганына эч кандай конул бурулбай калган.

Менин эжем Росита жогорку соттон утулп калгандыгынын себеби, ал сотторго акча карматкан эмес деди митингчилердин бири.

Роситанын агасы белгилегендей анын биртууганы алдамчылардын капканына түшүп, үстүндө үйү жок калган.

«Ал жогорку сотто өзүнүн укугун коргогонго аракет жасады. Ошодо мен бир сөздөрдү уктум: «Сиздин акчаңыз барбы? Жокпу? Сиз анан акча бербей эле бул сот ишинде утушка ээ болом деп жатасызбы? Деген. Соттордун баардыгы мыйзам үчүн иштебей кызматын коммерциялык багытта пайдаланып калышкан», — деп Kloop.kg порталына митигдин катышуучусу айтып берди.

Дагы бир нааразы айым Майя Шамиева өз сөзүндө соттор эки жылдан бери уурдалган авто унаа тууралуу тиешелүү чечим чыгара албай, баарын создуктуруп жүргөнүн айтат.

«Ушундай кантип болсун? Канчага чейин чыдашыбыз керек? Ал жерде азыр мурун эле иш алып барып жүргөн соттор отурат. Өзүнүн кол тийбестигин жоготкусу келбей, соттун тактысында өмүр бою отургулары келет», — деди нааразы болгон Майя айым.

Парламенттин өкүлдөрүнөн татыктуу жооп уккусу келгендердин айтымында, жогорку кеңештин депутаттары мындан он күн мурун эле жообун айтууну убада кылган.

Акциянын жыйытыгында митингдин катышуучулары жана укук коргоо кызматкерлери ортосунда кагылышуу болду.

Мыйзамсыз айыптар

Жогорку соттун кызматын аткаруучу болуп эмгектенген Феруза Джамашеванын айтымында, митингчилердин паракорчулук тууралуу айыптары далилдүү болушу керек эле. Ал эми мындай айтылган сөздөр мыйзамсыз иштердин катарына кирээрин билдирди ал.

«Сот системасын толугу менен айыптоо акылга сыярлык иш эмес», — деди Джамашева.

Парламенттин депутаттарынын маалымында азыркы тапта жогорку соттун жаңы курамы аныктала элек.

СДПК фракциясынын депутаты Гульнара Жамгырчиева белгилегендей, суроо аягына чейин толук каралып бүтө элек.

«Биз бул кызматта болом деген кээ бир соттордун талапкерлерлигине ыраазы эмеспиз», —деп кошумчалады Жамгырчиева.

Ушул эле фракциянын дагы бир мүчөсү Алла Измалкова жогорку соттун жаңы курамы качан бекитилээр убагы али белгисиздигин айтты.

«Биз албетте соттук курамды жаңыртабыз. Бирок ал качан болоору тууралуу билбейбиз. Ар бир жолу эле иш артка жылдырылып жатат. Бул кызматке келүүнү каалагандардын талапкерлиги абдан катуу текшерилип, өтө кылдаттык менен тандоо жүргүзөбүз», — деди Измалкова.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев жогорку соттун курамы тууралуу маселе дагы бир нече ирээт парламентте каралаарын айтат.

Соттук курамдын тегерегиндеги талаш-тартыштар

Соттук курамды өзгөртүү тууралуу болгон бул биринчи гана жолу болгон митинг эмес. ушул эле жылдын 15-августунда 200 чамалуу киши нааразычылык акциясына чыгып, анда парламент өкүлдөрүнөн түшүндүрүп берүүсүн талап кылышкан.

9-июлда Жогорку Кеңеш сот системасында иштеп кеткен кызматкерлерден турган атайын кеңеш түзүп, алар соттук эки структурага конкурс жарыялашкан. Алар Конституциялык палата жана Жогорку сотко кызматкерлерди алуу. Кеңеш жалпысынан 24 кишиден туруп, алардын 16-парламент өкүлдөрү, калган сегизин кеңештин мүчөлөрү түзгөн.

Кеңеш соттордун жаңы курамын түздү, бирок бир нече укук коргоочулар жана жөнөкөй жарандар кеңештин жүргүзгөн ишине нааразы болду. Алардын айтымында талапкерлердин тизмеги Массалык маалымдоо каражаттарында жарыяланбай, добуш берүү күнүндө мыйзам бузуулар болгон.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова