Белгисиз адамдар Бишкектеги «Васаби» кафесин өрттөп жибергенге аракет кылды


Түнкү саат үч чамаларында «Васаби» кафесинин тегерегине жардыргыч заттары бар бир нече баштыктар ташталган. Имараттын кызматкерлери өттү алдын алып. Ал эми бир салафан баштыктагы жардыргыч кошуна турган үйгө кирип кеткен.

«Васаби» кафесин ким өттөп жибергенге аракет кылгандыгы тууралуу шектүүлөр жок экендигин ашкананын администратору Изат Молтоев билдирди.

«Биздин душмандарыбыз жок, баары менен эле достук мамиледебиз. Эч ким жабыркаган жок, белгисиз адамдар качып кетишти», — деп кошумчалады Молтоев.

Кафеден алыс эмес жердеги коңшу үйлөрдүн биринин жашоочусу Жылдыз Кожокматованын билдирүүсү боюнча анын короосуна дагы ичинде жардыргыч заты бар бир бөтөлкө учуп келип түшүп калган.

«Бөтөлкө сынган жок, анын атайын өрттөлө турган жери күйгүзүлбөптүр», — деди Кожокматова.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча «Васаби» кафеси өрттөлүп кете турган коркунуста тургандыгы тууралуу аларга маалымат келип түшкөн эмес.

Өрт коркунучу тууралуу маалымат мындан тышкары өрт коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча оперативдүү штабка кабар болбогондугун штабдын жетекчиси Даниял Таиров билдирет.

«Васаби» кафеси Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабынан орун алып, Карл Маркс жана Набережный атындагы көчөлөрүнүн ортосундагы Ахунбаев 24 номеринде жайгашкан.

Бул мекемеде Орусиянын «Владикавказ» жана РУДН аттуу популярдуу КВН командалары өз өнөрүн көрсөтүп, андан тышкары дагы Кыргызстандын «KG Club» чыгармачыл бирикмеси да элге өз убагында талантын тартуулап келген.

«Твиттер» сервисинин колдонуучусу @Ajoroev интернет баракчага жаганына караганда «Васаби» кафесинин жетекчиси болуп кикбоксер Санжар Сапарбеков эсептелет. Анын айтымында, азыр дал ушул кафенин ээси президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү деп табылган.

Жазында чыккан өрт

Март айынын башталышында ушул сыяктуу түн катаар маалындагы өрт «Печки-Лавочки», «Запорожская Сечь» жана «Главпивтрест» көңүл ачуу, сайраңдоо борборлорунда болгон.

Ал мезгилде «Запорожская Сечь» корчмасынын администратору ким өрттү жасаганын билбей турганын айтып. бирок кылмыш атайын эле жасалганын кабарлаган.

«Албетте ошондогу окуя атайын жасалган иш. Анкени ажааткананын терезеси аркылуу кара майы бар бөтөлкөлөрдү ыргытып, имараттп чыгышкан», — деди аталган мекеменин администратору өз сөзүндө.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөт: Nakarte.kg интернет сайтынан алынды