«КТК» жана «Хабар» телеканалдарында болгон уурдоочулук алардын аткарган кызматына байланыштуу эмеc

Бири-бирине жакын жайгашкан Казахстандын телеканалдарынан алып чыгып кеткен өтө кымбат жабдыктардын уурдалышы алардын аткарган иши менен байланыштуу эместигин ишканалардын кызматкерлери билдиришет. ИИМ- иликтөө иштерин баштап, азыр чыгымдардын саны аныкталууда.

Белгисиз адамдар видеокамера, диктофон, ноутбук, радиомикрофон жана кээ бир документтерди көтөрүп чыгып кетишкен. Бул тууралуу «КТК» телеканалынын атайын кабарчысы Бакыт Кучулманов билдирет.

«Биз уурдалган жабдыктарда күндө иштеп, материалдарды жасаган эмесбиз. Ал жерде биздин маалыматтык сайтта чыккан кабарлардын архиви бар болчу. Менин оюмча бул бидздин журналисттик кесип менен байланыштуу эмес», — деди Кучулманов.

Аталган телеканалдардын дарбазалары сындырылган.

«Абдан капа болуп жатабыз. Биздин кароолчуларыбыз деле бар, бирок бул окуя кандай болуп кеткенин түшүнбөй жатам», — деп нааразы болгон кабарчы билдирди.

Азырынча телеканалдалдарда иштегендердин кылмышка тиешелүү боло турган адамдардын тизмеги жок.

«Хабар» телеканалынын да имараты тоноочулардын колунан жабыркады.

Кучулмаковдун маалыматына караганда аларды мекемеси менен коңшу турган «Хабар» телеканалынан каракчылар ноутбук, диктофон жана видеокамераны алышкан.

«Хабардын» кызматкерлеринин материалды жазууда маек курууга мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Бул кылмыш иши тууралуу иликтөөнү Бишкектин ички иштер башкармалыгы жүргүзө баштады. Атайын тергөө-оперативдүү тобу түзүлүп, алар чыгымдардын санын эсептөөдө.

Телеканалдардын мекемелери Бишкек шаарынын орто жагынан орун алып, так даргеи Тыныстанов атындагы номер 94 имарат.

Телеканалдар

«КТК» телеканалы 1991жылы пайда болуп, Улуттук берүү статусун алган Казахстандын каналдарынын алдыңкыларынын бири катары саналат.

КМШ өлкөлөрүндө болгон маанилүү жаңылыктарды элге таркатуу менен алек болгон бул телеканал Казахстандын жарыманан көп облустарын өз ичине камтып, ошол жерледре берүүлөрүн коомчулукка көргөзүп келет.

«КТК» мындан тышкары кино жаатында дагы үзүрлүү эмгектерин көргөзүүдө.

«Хабар» Казахстандын Улуттук каналы болуп, ал орус жана казак тилдеринде өз көрсөтүүлөрүн берип турат. Телеканал 1995-жылы казак маалыматтык теле кызматынын алдында ишке киргизилип, бүгүнкү күнгө чейин массалык маалымат каражаттарында иштеп келе жатат.

Бул телеканал негизинен маалыматтык жаңылыктарды жасап, аларлын берүүлөрүнүн төрттөн бир бөлүгүн жаңылыктар түзөт.

«Хабар» телеканалы КМШ- беш мамлекетинде өкүлчүлүгүн түзүп, Казахстанда 14 кичи офистерин ачкан.

Авторлор: Диана Рахманова, Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова