Кыргызстандын аймагында чыккан эки гезитте президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин интервьюсу берилип, анда үгүт иштери жүргүзүлүп жатканы билинип турат деген оюн БШК мүчөлөрү айтат. Атамбаевдин штабынын өкүлү бул маалыматты четке кагууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын белгилешинче Атамбаев өз талапкерлигин койгондон бери анын медиа-талаасындагы активдүүлүгү күчөп, премьер-министрлик кызматындагы ишти аткарган убакыттан бери ал акыркы күндөрү өзгөчө ММК көңүл бура баштаган.
«Массалык маалымат каражаттарына берген көпчүлүк интервьюларында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Атамбаев А.Ш.сөздөрүндө шайлоо алдындагы үгүт иштерине окшош нерселер көп кездешет», — деп 17-сентябрда БШК тараткан пресс-релизде маалымат берилген.
«Мен адилеттүү Кыргызстанды эңсейм» аттуу макала 31-августта «Дело №» жана «Фабула» гезитинин 30-августтагы чыгарылыштыраныда жарык көргөн. БШКнын маалыматында дал ушул макалада үгүт иштери байкалган.
«Атамбаев коомчулукту бушайманга салып келген суроолорду көтөрүп: айлык акынын көтөрүлүшү, пенсия жана пособияларды өзгөртүү жана биринчи октябрдан баштап жогорулай турган пенсия тууралуу сөз козгогон», — деп БШК өзүнүн пресс-релизинде түшүндүрмө берген.
Өзүнүн катында БШК Атамбаевдин азыркы аткарган кызматына өзгөчо көңүл бурган.
«Кызматтык абал менен колдонуп, тиешеси жок жерде үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбээрин борбордук шайлоо комиссиясы өтө мааниге алат», — деп пресс-релизде жазылган.
Эгер Атамбаев мыйзамдын талаптарын четке кагып, аны буза турган болсо, Атамбаевдин президентикке талапкерлигин каттоодон алып салууга болот.
Расмий негизде президентикке талапкерлер үгүт иштерин 25-сентябрдан тартып баштай алышат. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 30-октябрда өтөт.
Атамбаевдин штабы макул эмес
Атамбаевдин штабынын өкүлү Фарид Ниязов БШК айткан айыптарына каршы экенин kloop.kg маалыматтык порталына берген маалыматында билдирди.
Аталган эки гезитте жарык көргөн атамбаев менен болгон маектешүү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө карата жүргөн. Анда Атамбаевке журналисттер талапкерге катары эмес, өлкөнүн премьер-министрине катары суроолорун берип, тиешелүү жоопторун алган деген ойдо Ниязов.
«Ал жерде сөз премьер-министрдин аткарган иштери тууралуу сөз болгон. Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жалпы жонунан айтып берип, президентикке талапкер катары сөз көтөргөн эмес», — деди Ниязов өз сөзүндө.
«Дело №» гезитинин редакциясы бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Ал эми «Фабула» гезитинин жетекчилиги бул макаланы жазууда комментарий берүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жок.
Орусиянын телеканалына берген интервью
Үгүт иштерин көзөмөлгө алуу иштерин БШК- «Ата-Журт» партиясынын өкүлү Нурмамат Ашимов жетектейт. Бул партиянын башында Атамбаевдин президенттик тактыга талапкерлердин эң бир көрүнктүү каршылаштарынын бири Камчыбек Ташиев жетектейт.
БШК- таркаткан эскертүүдөн бир күн мурун «Вести.кг» веб-сайтында атайын макала чыгып, анда Атамбаев Орусиянын телеканалдарынын бирине президентикке талапкер катары интервью бергени жазыглан. Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык чет өлкөлүк ММК- аркылуу үгүт иштерин жүргүзүү болбойт.
«Талапкерлердин билбордтордогу үгүн иштерин БШК мыйзамдуу деп эсептеп, ал эми Атамбаевдин чет өлкөлүк ММК талапкер катары берген маалымат үчүн ал эч кандай жаза албаары таң калтырат», — деп аталган порталдын журналисттери жазган.
Макалада Орусиянын телеканалынын аты берилген эмес.
Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмалова