Кыргызстан Казахстанды электр жарыгы менен камсыздаса, алар газ алып келе баштайт


16-сентябрда Кыргызстанга келген Казахстандын премьер-министри Карим Масимов өлкөгө табигый газ алынып келинээрин айтып, андан тышкары коңшу мамлекетти бажи союзуна кошулууну сунуш кылды. Кыргызстан өз кезегинде Казахстандын түштүк аймагына электэнергияны берүүсүн жогорулатат.

Казахстан жана Кыргызстан өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун негизинде Казастандын премьер-министри Карим Масимов менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында Кыргызстан Казахстандын түштүк аймагына электрэнергиясын адаттагыдан көбүрөөк өлчөмдө берип турааары макулдашылды.

«Кыргызстандын электр энергиясы катуу темп менен өсүп жаткан Казахстандын индустриясына кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет», — деп бул тууралуу Казахстандын «Казинформ» маалыматтык агенттиги жазган.

Өз кезегинде Казахстан Кыргызстанды көгүлтүр от менен камсыздайт.
«Кыргызстанда биздин газ жана жылуулук болот. Муну жакынкы арада ар бир Кыргызстандык жаран сезет», — деп Масимовдун сөздөрүн «Казинформ» берген.

Газ тууралуу сүйлөшүүлөрдүн келип чыгышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көгүлтүр от тууралуу пикирдин келишпестигинде жатат.

«Каспионет» Интернет-басмасы Масимовдун кыргызстанга болгон иш сапарына өзгөчө басым жасоодо.

«Ушул күнгө чейин Кыргысзтан дагы деле Өзбекстанга көз каранды болуп, алардан көгүлтүр от алып келет», — деп жазган жогоруда аталган басма.

Бажы союзуна кирүү сунуштары

«Свобода радиосу» Масимовдун Кыргызстанга болгон иш сапары тууралуу берген маалыматында өзгөчө басымды премьер-министрдин чакырыктарына бурган. Анда Масимов Кыргызстандын бажы союзуна кошулушу керек экендигин айткан. Азыр бул союздун курамына Казахстандан тышкары Беларусь жана Орусия кирет.

«Кыргызстандын жумушчу мигранттары чек арадан эч бир кыйналбай өтүүсү үчүн бул өлкө бажы биримдигине кошулушу керек», — деп Масимовдун создөрүн «Свобода Радиосу» берген.

Бажы биримдигине кошулуу ошол союздун курамындагы өлкөлөрдүн ичиндеги экспорт жана импорттордун жеңилдетилишине, баалардын арзандашына жана эң негизгиси жумучу мигранттардын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө кирип-чыгуусуна жакшы өбөлгө түзөт.

«Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кыргызстандыктарды бажы биримдигине кирүү тууралуу чакырык жасаган. Бирок көпчүлүк саясатчылар буга каршы болуп жатышат», — дейт «Свобода радиосу».

Казахстандын «Новое поколение» басма сөзү жазгандай, 1-июлда бажы биримдигине Казахстан киргенден бери товарларды импорттоодо казак-кыргыз чек арасында ар түрлүү кыйынчылыктар пайда боло баштады.

Жаңы жобого ылайык жеке адамдар биримдиктин аймагына 1,5 миң евро жана 50 киллограмдан ашпаган жүктү бекер алып кире алышат.
Бул жагдайга байланыштуу көп өлчөмдө жүк ташып бара жаткандар ортомчулардын жардамы менен колдонуп жатышат.

«Ортомчулар жүктөрдү 50 килограммдан кылып бөлүп алышып, чек арадан бекер алып кирип, алып чыга беришет», — деп жазган Казахстандын басма сөзү.

50 килограммдан ашык эмес жүктү кыргыз-казак чек арасынан ары-бери ташыган ортомчулардын көптүгүнөн улам күндө өтө чоң көлөмдө элдин саны топтолуп, тоскоолдуктар жаралды.

Жогоруда айтылган гезиттин маалыматына караганда «Кордай» чек ара пунктун эле күнүнө 32 миң киши өтөт.

«Бажы декларациясы жок эле жеке адамдар тиешелүү нормаларга ылайык жүктү ташый беришет. Импорттолгон товарлардын коммерциялык багытта экендигине карабай алар эч бир каражат төлөбөстөн эле бекер өтүп турушат», — деген басма сөз.

Буга карабастан казак бийлигинин ортомчуларды кармоо үчүн эч бир себеби жок.

«Мыйзамга ылайык эл чек арадан чоң баштыктарды жанына алып жүрө алышат. Фактыга жараша алардын жанындагы баштыктарды биз сатыкка алып бара жаткан товар катары гана кабыл ала алабыз», — деп Казахстандын бажыны көзөмөлдөө комитетинин сөздөрүн «Новое поколение» гезити жазган.

Автор: Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова