Бишкектин такси айдоочусу жүргүнчү салып, таарынткан кишисин кубалады


«Альфа» кызматынын такси айдоочусу жүргүнчүнү салып, өзү анын кызматташын уруп койгон башка унаа айдоочуну кууганга түштү. «Альфанын» мүдүрү анын кызматындагы айдоочу күнөөлүү экенин мойнуна алып, бирок анын кылган иши тилектештикке көздөлгөндүгүн билдирди.

Таксиде отурган айымдын айтымында, кууганга алгандан улам, айдоочу белгисиз адамды уруп койгон.
«Альфа» таксисин телефон чалуу аркылуу чакырып, унаага жаңы эле отурган айым рация аркылуу айдоочулар бир нерсени катуу талкууга алып жатканын байкаган.

«Бирөө Мир проспектиси менен Горький атындагы көчөлөрүнүн кесилиши деп даректи айтып жатканын угуп калдым. Операторго окуяны айтып берип жатты бирөө, бирөө болсо такси чакырык жасаган жүргүнчүнү мөөнөтүнөн кечирээк алып кетээрин айтты», — деди таксиде отурган жүргүнчү.

«Альфанын» дагы башка унаалары да “Такси” деген жазуусу жок машинаны куугунтукка алышканын айым айтып, анын мындай ишти токтотуу тууралуу сунушуна айдоочу көңүл бурбай койгон.

«Ал — Чоң кыз биздин таксистке кол салыптып бирөө, көп деле убакыт кетпейт буга», — дейт айым.
Куугунтук мамлекеттик каттоо кызматынын маңдайында, тактап айтканда Манас №1 дарегинде бүтүп. Таксинин айдоочусу түшө калып, качып бараткандарды кармаары менен токмокко ала баштаган.

«Машинадан баары көрүнүп турду. Бир нече эркек кишилер жерде жаткан кишини тепкилеп салышты. Коркуп, эмне кылаарымды билбей калганым менен эшикке чуркап чыктым», — деди кыз.

Бир аздан соң окуя болгон жерге келип жеткен милиция кызматкерлери жүргүнчү менен катуу негизде сүйлөшүп, иштин чоо-жайын так аныктабастан эле кетип калышкан.
Досу чакырып берген башка такси менен кыз үйүнө кеткен.

«Мен машинага жеткичекти «Альфанын» айдоочулары мага, — Чоң кыз эмнеге сиз биз менен кетпейсиз? Отуруңуз мен мындай эле жеткирип коем», — деди ал.

Пикир келишпестик 17-сентябрда түңкү үчтө болгон.

«Альфа» кызматынын мүдүрүНурланАсанбековичбул окуя чындыгында болгонун тастыктап, бирок бир дагы адам бири-бирин уруп-тепкиге албагандыгын айтат.

«Ал жерде «Альфа» кызматынын таксистине кол салуу болгон», — дейт Нурлан.
Бул кызматтын жетекчисинин белгилешинче эч бир убакта жүргүнчүлөр мындай иш-чараларга киилигишпөөсү зарыл.

«Айдоочу териштирүүгө катышпай эле койсо болмок, канткен күндө деле анын жүргүнчүсү бар эле», — деп кошумчалады Асанбекович.

Таксист өз жазасын алат дейт такси кызматынын башчысы.
Бирок анын айтымында ар күн сайын Бишкектеги такси кызматынын айдоочуларына ар түркүн кол салуулар болуп турат.

«Менде киши өлтүрүү да окуясы катталган», — дедиНурлан.
Жүргүнчүнү алып бара жаткан мезгилде айдоочунун адамдык сапаты көбүрөөк орунду ээлеп койгонун айтат жетекчи.

«айдоочулардын ич-ара өзүнчө сүйлөшүүлөрү болот», — деди Асанбекович.
Окуянын күбөсү болгон кыз эч кандай компенсация албаарын жетекчи айтты.

Тез жардам кызматынын операторлору бул түнү аларга белгисиз адамды сабап кеткендик тууралуу арыз келип түшпөгөндүгүн айтышты.

ИИМ пресс-кызматы дагы бул тууралуу эч кандай маалымат түшпөгөндүгүн айтып, окуянын күбөсү болгон кызды алардык кызматка келип арыз жазуусун өтүндү.

Редактор: Илья Каримджанов
Автор: Элмира Жумабекова
Которгон: Кундуз Исмаилова