Президенттин кубогуна болгон таймашууда «Нефтчи» футбол командасы биринчи матчта утулуп калды


Кыргызстандын азыркы таптагы чемпиону азиядагы клубдар аралык үчүнчү турнирде Камбоджанын«Пномпень Крауну» командасына 1:2 эсеби менен уттуруп койду. Эми алдыда Кочкор-аталык команда Малайзиянын «Яданабоно» футболчулары менен ат салышуусу күтүлүүдө.

Оюндун жүрүшүнүн 34-мүнөтүндө Камбоджанын «Пномпень Крауну»командасынын оюнчусу Кингсли Мету Нджоку өз командасынын эсебине кошуп, биринчи топту Кыргызстандыктардын дарбазасына киргизди.

55-мүнөттө Чая Чан өз командасынын эсебин толуктап экинчи топту Кыргызстандыктардын дарбазасына карай тээп, утушка ээ болду.

Камбоджалыктар үчүнчү топту да Кочкор-Аталкытардын дарбазасына киргизие алмак. Бирок эптүү футбол дарбазачы Закир Джалилов петальтини кармак калды.

Оюндун башында футбол талаасынан Кыргызстандык оюнчулар Айбек Орозалиев жана Сардор Аскаров чыгартылган.
Кочкор-Ата клубунун оюнчусу Ильяз Алимов 79-мүнөттө Камбоджалыктарга жооп кайтарып, биринчи топту алардын дарбазасына киргизип, эсеп оюн бүткөнгө чейин ошол бойдон турду.

Эгер Кочкор-аталыктар 21-сентябрда боло турган Малайзиянын «Яданабон» командасы менен болгон оюнду жеңе турган болсо, алдыга озунуп чыга алганга мүмкүнчүлүк алат.

Президенттин кубогунда Кыргызстандык командалар

Президенттик кубогу 2005-жылы пайда болгон.

Бул турнирге Азия футбол конференциясынын курамына кирген командалар катышат.
2005-жылдан тартып бул турнирдин финалдарына Кыргызстандык командасы катышып, анын алтысына «Дордойчулар» катышып, эки жолу гана жеңишке жетишкен.

Өткөн жылы болгон оюнда «Дордойчулар» кубокту Малайзиянын «Яданабон» командасына уттуруп койду.

Редактор: Илья Каримджанов
Автор: Анатолий Шаршеев
Которгон: Кундуз Исмаилова