80 ашуун банк насыячылары президенттин жана өмкөт бийлигинин кызмат ордунан кетишин талапка койду


Кыргызстандын банктарындагы алган насыялардын төлөө мөөнөтүн бийлик узартып бербесе, насыялачылар президент жана өкмөт бийликтен кетиши керек деп митингке чыгышты. Нааразы бболгондор жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери ортосунда мушташ чыкты.

Парламенттин имаратынын маңдайында Баткен, Талас жана Чүй облустарынын насыялачылары акчаны төлөө мөөнөтүн узартып берүүсүн талап кылып митинг уюштурду.

Чогулгандардын көпчүлүгү өз облустарында насыялардын айынан үйлөрүнөн ажырагандар.
Үйлөрүн алып койгон банктардын арасында — «Халык банк», «Кыргызстандын коммерциялык банкы», «ЮниКредит банк» жанаРСК Банк бар экендигин митингчилер билдиришти.

«Насыялардын айынан менин үйүмдү, жеке ишимди тартып алышты», — дейт нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири Акылай.

Бишкек шаарынын тургуну Акылайдын айтымында, «ЮниКредит банк» насыянын пайыздык акысын абдан эле жогору койгондуктан улам, ал каражатты убагында төгүп жетишпей калган.

«Насыяны төлөш үчүн эртеден күн баткычакты базарда иштедим, «Братко» микрокредиттик компаниясынан, РСК банктан да насыя алып, биринин үстүн бири-бирине жаптым. Ошонун баарын кошокондо 42 пайыз үстөк болду. Акырында төлөй баарын жаба албай. Үйүмдү алдырып жибердим», — деп кабарлады Акылай.

«Халык банк», «Кыргызстан коммерциялык банкы» жана «ЮниКредит банктын» жетекчилиги макаланы жазууда бул тууралуу өз оюн айта алган жок.

РСК ачык акционердик коомунун кардарларды тейлөө бөлүм башчысыKloop.kg порталына берген маалыматында митинг тууралуу маалыматы жок экендигин кошумчалады.

«Биз ишти аныктаарыбыз менен өзүбүздүг расмий интернет баракчабызга бул тууралуу маалыматты чыгарабыз», — деди банктын кызматкери.

«Милиционерлер митингчилерди токмокко алды»

Нааразы болгондордун бири Раушан Рыкунованын айтымына караганда укук коргоо органдарынын кызматкерлери митингчилери уруп-согуп коюшкан.

«Биздин курсагыбыз ачып кеткендиктен, чай кайнатып ичели деп аткан кезде, милиционерлер кайнаган сууну алып биздин үстүбүзгө куюш салышты. Андан тышкары колдору менен бизди башка-көзгө койгулашты», – деп билдири Рыкунова.

Мындан мурун «Мегаком» компаниясынын экс-президенти Андрей Силичтин кеңешчиси болуп эмгектенген Рыкунованы 2011-жылдын 20-июнунда биринчи май райондук соту тарабынан камакка алынган. Бирок 4-июлда анын жазасын өзгөртүп, үй камагына жиберишкен.

Рыкуновааталган компаниядан мыйзамсыз негизде 30 миллион сом чыгарып кеткен деген айып менен камакка түшүрүлгөн.

ИИМ пресс-катчысы Рахматилло Ахмедодун айтымында ак үйдүн тегерегиндеги тынчтыкты Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери камсыз кылып турган.

ШИИБ пресс-кызматы митингчилерди укук коргоо кызматкерлери тепкиге алгандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

«Насыялар тууралуу маселени өкмөт менен чечиш керек»

Өмкөт банктардын жетекчилери менен биргеликте насыялар тууралуу суроону чечиши керек деген оюн билдирди «АтаМекен» фракциясынын депутатыОмурбекАбдырахманов.

«Албетте банктар митингчилерге караганда мыйзамды көбүрөөк билишет. Ошондуктан өкмөт жана банктар биригип, бир пикирге келиши керек. Азырынча мындай жок, ошол себептен нааразы болгондор абдан эле агрессивдүү болуп жатышат», — деп өз сунушун айтты эл өкүлү.

Абдырахманов банктар өзүлөрүнүн насыячыларынын үйлөрүн тартып албашы керек эле дейт.

«Алар кардарларына адамкерчиликтүү мамиле жасашы керек», — деп эсептейт депутат.

Абдырахмановдун партиялашы АкуналыДосалиевб=дин билдиришинче, митингчилер суроону мыйзам чегинде чечиши керек.

«Азыр алар депутаттардан талап кылып жатканы туура эмес. Биз азыр маселени чече албайбыз. Биринчи кезекте Жогорку Кеңештин төрагасына атайын арыз жазып киргизишсе, биз аны өкмөттүн кароосуна берет элек да. Бул суроону биз бир тараптуу кылып чечип кое албайбыз», —деди Досалиев.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова