Бишкектеги маршруткаларда жол кире башталгыч класстардын окуучулары үчүн арзан болот


12-жашка чейинки Бишкектин мектеп окуучулары 8 сомдун ордуна жолдо жүрүү акысын 5 сомдон 2012-жылдын аягына чейин төлөшөт. Бийликтин бул буйругу келе жаткан 2012-жылдын соңуна чейин иштейт.

Бекитилген токтом дем алыш күн жана майрам күндөрдөн сырткары баардык иш күндөрү иште болот. 12-жаштан жогорку мектеп окуучулары үчүн жол киренин акысы 8 сом бойдон калды.

Башталгыч класстын окуучуларын арзандатылган баа менен ташуу сунушун жеке транспорттук компаниялардын жетекчили киргизген. Бул тууралуу шаардык транспорт башкаруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Турнатбдек Джумалиев кабарлады.

«Алар жеке ишкерлер, биз каршы эч нерсе айтпайбыз. Алар сунуштады, биз кабыл алдык», — деп түшүндүрдү Джумалиев.

Күйүүчү майдын кымбат баада алынып келишине байланыштуу биз баардык жэле мектеп окуучуларына жол киресине болгон чыгымдардын эсебин азайтып бере албайбыз деп билдирди башчынын орун басары.

«КАр жыл сайын солярка кымбаттаганын токтотпой келе жатат, бирок жол кире акысы ошол бойдон турат. Мисалга 2008-жылы солярканын литири 20 сом болсо, азыр анын баасы 36 сомдон кем эмес. Жаңы жылдан кийин күйүүчү майдын баасы кандай болоорун азырынча эч ким билбейт да», —дейт ал.

Башталгыч класстардын арзандатылган баада жол жүрүүсү тууралуу буйрук 15-сентябрда аныкталып, 2012-жылдын соңуна чейин иштейт.

«Балдардын жашын келбетинен карап билебиз»

«Лига» мүмкүнчүлүгү чектелген коомунун транспорттук эксплуатациялоо агенттигинин башчысы Александр Горбачевдун айтымында, окуучулардан жол кире алардын кел бетине карай аныкталып, алынат .

«Бетин карап эле аныктайбыз. Бул иш ар бир айдоочунун кыла ала турган иши. Ал эми баардык эле окуучуларды арзандатылган баада ары-бери ташуу биздин колубуздан келбейт», — деп кошумчалады Горбачев.

Мектеп окуучуларынын пикири

Шаардагы №67 мектепте 5-класста окуган Рамиль Юьуровдун айтымында анын жашын айдоочулар кел бетин карап эле аныктап алышат.

«Мен дайыма эле 5 сомдон төлөйм, айдоочулар нааразы болушпайт», — деди окуучу.

Бийлик арзан тарифтерди 16-жашка чейин коюшу керек эле деген оюн билдирди №13 мектептин окуучусу Канышай.
«Эмнеге 7 жаштан 12 жашка чейинки гана балдар 5 сомдон төлөшөт? 13-16 жашаар окуучулар деле кичине балдар деп эсептелинет да», — деди ал.

Редактор: Диана Рахманова
Автор: Айбек Жумабеков
Которгон: Кундуз Исмаилова