«Ворк энд Трэвел» менен АКШга барган Кыргызстандык жаран каза тапты


Катуу электр тогуна урунгандыткан улам, Адылбек Мураталиевдин денесинин көпчүлүк бөлүгү күйүп, жүрөгү токтоп калууга мажбур болду. Тышкы иштер боюнча министрлиги сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө атайын документтерди даярдоонун үсүндө иштеп жатат.

Мураталиевдин бул кырсыкка кабылышы анын жумуш ордунда жүргөн убакытта болгонун анын досу Арслан кабарлады.
«Ворк энд Трэвел» программасы боюнча Мураталиев Американын Пенсильвания штатында иштеп, аны менен бирге эле жер кыдырып жүргөн. Бул программа боюнча өлкөлөр ич-ара студенттер менен маданий жаатта жайкы мезгилге алмашып, алар итеп жана окуп келүүгө мүмүкчүлүк алышат.

«Адылбек жана анын жанындагы эки кесиптеши биргелешип эшикте эки кабаттуу темир тепкичти жылдырып жатышкан. Бир маалда жаан башталып, алар электр линияларына тийип кеткен кезде, ошол темир тепкичти кармап турган үчөөнү тең ток менен урду », — дейт каза тапкан Мураталиевдин досу.

Мураталие Пенсильвания штатындагы Питсбургдан орун алган клиникалардын биринде оор абалда жеткирилээри менен көз жумду.

«Анын денесинде күйүктөр абдан көп болчу. Ток ургандан кийин анын жүрөгү көтөрө албай кетти», —дейт Арслан.
Арслан жана анын достору Мураталиевдин сөөгүн өз мекенине жеткирүү иштери үчүн жакындарына жардам катары акча каражаттарын чогултушууда.

«АКШдан сөөктү Кыргызстанга алып келүү үчүн 12 миң доллар керектелет. Мен жана ушул жакта азыр жашап жаткан башка Кыргызстандыктар болуп 100 доллардан берип атып, 4 миң доллар чогулттук», — дейт Мураталиевдин досу.
Тышкы иштер боючна министрлиги белгилегендей Мураталиев менен болгон кырсык, коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан улам келип чыккан.

Кыргызстандын АКШ- консулдугу азыркы тапта сөөктү 200 [өлгөн кишини ташуу] жүгү менен жеткирүү үчун документтерди даярдоодо.

«Биздин консулдук сөөктү тез аранын ичинде өз мамлекетине жеткирүү үчүн мүмкүн болгон аракеттердин баарын көрүп жатат», — деп Тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматы билдирди.
Мураталиев 23-жашаар студент болгон.

Ал «Ворк энд Трэвел» программасы боюнча 2011-жылдын 6-июнунда АКШ- иштөө үчүн кетип, мөөнөтү бүткөндөн кийин ал жерде калып калган. Андан улам ал АКШ- легалдуу эмес иммигранты болуп эсептелинет.

«Сүйлөшүүлөр боюнча ал өз мекенине окуу жылынын башталышына чейин эле кайтып келиши керек эле. Бирок өз каалоосу менен ал АКШ- калууну туура көрүп, ошол мамлекеттин легалдуу эмес иммигранты болуп эсептелинген», — деди эл аралык алмашуу борборунун башкы мүдүрү Улан Исабеков.

Эл аралык алмашуу борбору каза тапкан Кыргыз жаранын өз мекенине алып келүү үчүн жардам көрсөтүп жатканын Исабеков билдирди.

Арсландын айтымында Мураталиев дагы бир аз акча табууну көздөп АКШ- мыйзамсыз калган.

«Анын атасы жок. Мамасы жана 10-класста окуган иниси эле бар. Тапкан акчасын үйүно жиберип жаткан, күзүндө үйлөнөм деп», — деп белгиледи каза тапкан баланын досу.

Программанын шарттарын бузуу

«Ворк энд Трэвел» боюнча АКШ- барган студенттердин көбү түзүлгөн келишимдин шарттарын бузуп, виза бүткөн соң дагы калып ишин уланта беришет.

Исабекодун кошумчалаганына караганда ар жыл сайын 30% ашуун АКШ- барган студенттер өз убагында мекенине кайтып келбейт, мыйзамсыз түрдө ишин улантат.

Башка мамлекетке кетип жаткан студентке жоопкер адам эгер ал визасы бүтөөрү менен мекенине кайтып келбесе, 5 миң АКШ долларын төлөп берүү документине кол коюп, кепилдик берет.

Исабеков бул келишимге карабастан азыркы тапта Мураталиевдин үй-бүлөсүнөн мындай айыпты жагдайга жараша ала албаарын билдирди.

Студенттер менен алмашуу

«Ворк энд Трэвел» студенттер менен алмашуу боюнча эң белгилүү болгон программалардын бири.
18 жаштан 23 жашка чейинки ар бир каалаган студент Америка кошмо штаттарына иштеп, ошондой эле жер кыдыруу үчүн бул программа боюнча бара алат.

Программанын жалпы узактыгы 4 айды түзүп, анын 3 айын студент расмий түрдө иштейт, ал эми акыркы төртүнчү айда ал өлкөнү кыдырып, каалаган аймактарына барат.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова