Орто Азиядагы эң масштабдуу «Айтматов» атындагы кубоктун пикир айтыш ачылышы «Каприз» эс алуу Орто борборунда болду. Биринчи орунга ат салышуу үчүн 100 ашуун команда КМШ- ар мамлекеттеринен келген.
«Айтматов кубогу» пикир айтыш турнири Ыссык-Көлдүн жээгинде 2011-жылдын 21-сентябрынан тартып 25-сентябрга чейин өтөт.
IDEAЭл аралык пикир айтыш ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жаткан пикир айтышууга Азербайджан, Беларусия, Казахстан, Кыргызстан, Орусия Таджикистан, Туркменистан, Өзбекистан жана Украинадан катышуучулар чакырылган.
Баардыгы болуп пикир айтышууга катышкысы келгендердин саны 386 адамды түзүп, кылдаттык менен болгон тандоодон кийин 100 команда тандалып, анын ар бирин экиден киши түзөт .
«Эч качан мынча көп 200 пикир айтышуучулардын башын бириктирип чакырып көргөн эмеспиз», — деди Кыргызстандык дебатерлордун бири жана турнирдин уюштуруучусу Алтынай Джумашева.
«Айтматов кубогуна» Казахстандын атынан Максим Сиваков —белгилүү пикир айтышуучулардын бири келген.
«Казахстандагы пикир айтышууларды Сивакратия деп атап коюшат. Сиздер түшүнгөндөй бул сөз Максимдин фамилиясынан улам келип чыккан», — деп кошумчалады Джумашева.
Казахстандан келген дагы бир катышуучу Бахтияр Сиваков бул турнирге арызын бербей ле койсо болмок деген ойдо.
«Максим Сиваковдунпикир айтышууда орду абдан зор. Бул турнир жаңы кошулуп жаткандар үчүн болуп жатканына карабастан Максим келиптир. Көп болсо 2-3 айдан бери пикир айтышууга келип жаткандар Сиваковко каршы туруп калса, эч мааниси жок болуп калат, максим аларды жөн эле отургузуп коет», — деди нааразы болгон Бахтияр.
Турнирдин форматы
Баардык оюндар Британиянын парламенттик форматынын [БПФ]негизинде өтүп жатат. Ал парламенттик пикир айтышуу боюнча расмий дүйнөлүк формат болуп саналат.
Бул форматтагы оюн экиге бөлүнгөн өкмөт жана оппозиция командаларынын арасында болуп, талаш-тартыштын темасы оюндун башталышына 15 мүнөт калган убакыттын аралыгында аныкталат.
Оюндун башталышында эки тараптагы командалардын төрагалары ирээт-ирээти менен сүйлөп, өзүнүн көз карашына далилдерди келтирет.
Андан соң мындай экиге бөлүнгөн командалар алдыда төрагалар айтып кеткен сөздөрүн андан ары улантып, каршылаш команданын сөздөрүн жокко чыгарганга аракет көрөт.
Жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү бирден төрткө чейинки бааларды коюшат.
Турнирдин жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү пикир айтышуучуларга Британиянын парламенттик форматы тууралуу мастер-класс өтүп, түшүндүрмө беришти.
«Мастер-класстар абдан натыйжалуу болду. Алып баруучулардын чыныгы адис экендиги көрүнүп турат. Кыргызстанга келе эле Британия парламенттик пикир айтышуу тууралуу түшүндүрүп турду. Мындан кийин биздин жеңишке жетишүү үчүн мүмкүнчүлүгүбүз артты», — дейт «Коза Ностра» [Кыргызстан] командасынын катышуучусу Артём Уточкин.
Украинаны өкүлү эгер мастер-класстар өтүлбөсө, оюндун жүрүшүндө оор маселелер пайда болушу толук ыктымал эле деген ойдо.
«Биздин мындай пикир айтышуулар тууралуу түшүнүктөрүбүз ар кандай. Украинада ойнолгон вариант «Айтматов Капта» кабыл алынбайт. Пикир айтышуучулар комиссия мүчөлөрү аларда эмнени талап кылып жатканын билбей, башы адашып калмак», — дейт Украинадан келген өкүл.
Пикир айтышуулар
«Айтматов кубогу»деп кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын алган турнир биринчи жолу өткөрүлүп, Орто Азия боюнча пикир айтышуу жаатындагы эң масштабдуу оюн болуп саналып калды.
«Пикир айтыш» түшүнүгү эки тараптын ортосундагы талаш-тартыш ойду билдирет. Эки тараптын өкүлдөрү тең өз оюн далилдеп, дал ошол нерсе туура экендигин тастыктап берүүгө аракет кылат.
Биринчи телевизиондук пикир айтышуу АКШ- президентикке талапкер Джон Кеннеди жана Ричард Никсондун ортосунда 1960-жылы болуп өткөн.
Редакторлор: Диана Рахманова жана Эльдияр Арыкбаев
Автор: Бегайым Джуманазарова
Которгон: Кундуз Исмаилова