Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери башаталаар маалында бир нече чет элдик телеканалдар 21-сентябрда өз көрсөтүүлөрүн берүүнү токтотушту.
«Дэйли Телеграф» Британия басмасынын билдиришинче, Кыргызстанда чет элдик теле каналдарга көрсөтүүлөрүн берүүгө чек койгондундун себеби, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо алардын үгүт иштерине тийгизген таасирин басаңдатууда.
«Мониторинг жүргүзгөн топ Орусиянын теле каналдарын өткөн жылдарда болгон шайлоолорго тийгизген терс таасирин белгилешкен», —деп «Телеграф» басмасы жазган.
Басма мындан тышкары «Ала-ТВ» кабелдик каналынын жетекчиси Василий Гончаровдун да айткан сөздөрүнө токтоло кеткен. Анын айтымында жаңы мыйзамга ылайык анын каналы чет элдик ММК берген көрсөтүүлөрдүн ар бирин текшерип, туура эмес материалдарды эфирден алып салууга бажбур болот. Айрыкча ал көрсөтүүлөрдө үгүт иштерине тиешелүү болгон берүүлөр менен өтө кылдат болуу талап кылынат.
«Үгүт иштери расмий түрдө башталган мезгилден тартып биздин каналдын эфиринен Биринчи Орусия каналы, «Россия» телеканалы, Си-Эн-Эн жана Би-Би-Си сөзсүз түрдө алынат», — деди Гончаров.
«Телеграф» басмасы өз кезегинде Кремль жана Батыштын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу да бир нече маалыамттарды жазган.
«Орусия жана Америка кошмош штаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагында аскердик базалары бар. Орусиянын бийлиги Орто Азия алардын кол алдында туруп, алар бул жактагы мамлекеттерге өз таасирин тийгизе алаарын белгилешет», — деп Британия басмасы жазган.
Цензура айыбы
«Eurasianet» бул темадагы макаласында аталган мыйзамды сунуштап, ишке киргизген «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик башкарууну орнотобуз дегендиги менен Орусия өкмөтүнүн кыжырына тийгендигин баса белгилейт.
Чет элдик телеканалдарына койгон чектөөлөр тууралуу мыйзамдын автору Өмүрбек Текебаев төмөнкү маселелер менен түшүндүрөт.
Башка өлкөлүк ММК маалыматтын толук өзөгүн билбестиктен улам, элге туура эмес маалымат таркатып коюшу ыктымал. Анын айтымында эгер мындай учурлар болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча ал ММК тиешелүү жазасын албай калат.
«Журналисттердин укугун коргогон бир нече укук коргоочулар парламенттин цензурану легалдаштыруу тууралуу мыйзамды кабыл алганын укканда катуу капа болду», — деп жазган «Eurasianet».
Текебаев өзү 2010-жылы болгон шайлоодо жабыр тарткан. Ал мезгилде Текебаевдин партиясы бешинчи орунга илинип, Жогорку Кеңеште депутаттык мандаттын эң аз бөлүгүн алды.
2010-жылдын 28-сентябрында Орусиянын НТВ телеканалынын «Чрезвычайное происшествие» көрсөтүүсүндө «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевке окшош адам белгисиз айып менен жыныстык катнашта болуп жаткан учуру көрсөтүлүп, партиянын аброюна заматта эле шек келтирилген.
«Eurasianet» мындан тышкары бул цензура эмес деп эсептеген Текебаевдин да айткандарына кайрыла кетти.
«Чет элдик телеканалдардын берүүлөрүн шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда берүүсүн токтотуу тууралуу чечимди Текебаев цензуранын бир бөлүгү деп, маалыматтык коопсуздук деген жыйынтык чыгарды», — деп жазган аталган басма.
Автор: ЭльдиярАрыкбаев
Которгон: Кундуз Исмаилова