«Хьюман Райтс Вотч»: Кыргызстандын түштүгүндө сот иштеринде болгон зордук-зомбулуктар уланып келет


«Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо тобу 2010-жылдын июнь айында өлкөнүн түштүк аймагында болгон иштерге байланыштуу сот процестериндеги зордук-зомбулук тууралуу кезектеги отчетун жарыкка чыгарды.
Аталган укук коргочулар тобу белгилегендей, өткөн жылы июнь айында болгон этника аралык кагылышуулар тууралуу ишти териштирүүдө, сот процестеринде дагы деле зордук-зомбулук улантылып келет. Акыркы факт 16-сентябра Ош коогалаңында каза тапкан Алмаз Аскаровдун ишин кароодо катталды.

Айыптуу деп өзбек улутундагы Орусиянын жараны Махамад Бизуруков сот процесинде ага жаза берүү иши каралууда.

Кара-Суу райондук сотунда угуу жүрүп жатканда каза болгон аскаровдун биртуугандары Бизуруков тарапка таш ыргытып, анын адвокатына кол салгандан тышкары милиция кызматкерлерине да туура эмес мамиле жасашкан. Бул тууралуу «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо тобунан билдирди.

«Кыргызстандын түштүгүндө сот болуп жатканда зордуко-зомбулук абдан эле көпкө созулук, анысы аз келгенсип, эч кимге үмүт калтырбай келе жатат», — деп билдирди аталган укук коргоо тобунун Европа жана Орто Азия боюнча башчысы Хью Уильямсон.

Бизуруковду мыйзамсыз түрдө Аскаровду эркинен ажыраткан деген айып менен күнөөлөшүүдө. Аскаровдун жансыз денеси көчөдө табылган.
Мындан бир аз убакыт мурун Бизурукодун апасы билдиргендей, Оштогу коогалаң учурунда Аскаров алардын мүлкүнө кол салып келген.

«Ал ууруну биз Амир-Темур кичи районунун штабына өткөрүп берип, андан кийинки жашоосу тууралуу биз билбейбиз», — Рохиля Бизурукова 2011-жылдын июнь айында Кloop.kg порталынын кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө.

Бизуруковдун атасы да колго түшүрүлүп, 2011-жылдын 1-сентябрында Оштун эркинен ажыратуу абагында көз жумган.

Бир нече укук коргоочулар жана ошондой эле «Эркиндик үнү» уюмунун өкүлдөрү Бизуруковдордун үй-бүлөсүнө укук коргоо органдары тарабынан бир нече ирээт басмырлоо болуп келген.

Милициябул айыптоону өз мойнуна албай, мунун баардыгы калп экенин билдиришүүдө.

Жабыркаган адвокат

«Хьюман Райтс Вотч» билдиргендей, Аскаровдун туугандары тарабынан Бизуруковдун адвокаты биринчилерден болуп жабыр тарткан.

«Адвокат туруп, айыптоочуну коргоо максатында өзүнүн сөздөрүн айтып баштаганда, Аскаровдун апасы жанына келип, жаман сөздөрдү айтып, коркута баштаган», — деп жазылган аталган топтун берген жыйынтыгында.

Адвокат ага карбастан өз сөздөрүн уланта берген, бирок Аскаровдун апасы анын чачынан кармап бир нече жолу тарткылап жиберген.

Мындай мамиледен кийин адвокат чыдабай кеткендиктен улам, кат түрүндөгу арызын сотко карматып, сот отуруму болуп жаткан жерден чыгып кетти.

Сот Койчубек Жобонов бирнече жолу Аскаровдун апасы сабырдуу болушун суранып, бирок сот отурумунан чыгып кетүүсүн же болбосо балким акчалай айыптарга жыгылаарын да айткан эмес.

«Сот отурумунда тиешелүү тартипти сактап кала албаган сот, эч убакта Бизуруковко адилеттүү сотту камсыздап бере албайт. Мындай адам тез аранын ичинде иштен четтетилиши керек», — деп билдирген Хью Уильямсон.

Бизуруковко таш ыргытты

Сот жана прокурор жыйынтык чыгаруу үчүн сот отурумунан чыгып кеткенде, Аскаровдун биртуугандары Бизуруковко кол салышып, айыпталуучу отурган тарапка бөтөлкө жана таштар ыргый баштаган.

«Биздин кызматкердин көрүшүнчө аз дегенде эки таш Бизуруковдун төшүнө жана колуна тийген. Биздин адис эмнеге бул аялдарды чыгарып салбайсыңар деген суроого милиционерлер айымдар күч колдонулду деп прокуратурага кайрылышат анан деп жооп беришкен», —деп уюмдун билдирмесинде берилген.

Бир аздан соң каза тапкан Аскаровдун туугандары укук коргоо уюмунун өкүлүн да сот отурум болуп жаткан жерден кууп чыгышкан.

«Эшикте туруп калган укук коргоо кызматкери жагдайды Кара-Суу районунун прокуроруна түшүндүрүп берген. Отурумдагы тартипке жана коопсуздукка бир гана сот жоопту экенин айтып, киилигишүүгө акысыз экенин билдирген прокурор өз жообунда», — деп ХРВ- сайтында берилген.

Сүрөттө: Ош шаарынын тышкы көрүнүшү
Автор: Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова