Текебаев президентикке талапкерлигин өз эрки менен кайтарып алды


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентикке талапкерлигин өзү алып салды. Депутат Ширин Айтматованын айтымында ал мындай чечимди өткөн жумада эле кабыл алды. Расмий билдирүү 23-сентябрда болот.

Текебаевдин президенттик тактыга ат салышуусун токтоткондугу тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ширин Айтматова билдирди.
«Өмүрбек Чиркешович Текебаев президентикке талапкерлигин алып салат», — деп эл өкүлү «Твиттердеги» өз баракчасына жазган.

Айтматованын маалыматына караганда Текебаев талапкерлигин алып салуу чечимине эмне түрткү болгонун расмий түрдө 23-сентябрда өзү билдирет. Ал эми Айтматовага ал бул тууралуу кабарды өткөн жумада эле айткан.

Бир аз мурун депутат Ширин Айтматова «Твиттерге» президентикке талапкер болуунун кажети деле жок экенин жазган.

«Мен түшүнбөй жатам, баары көрүнүп турса деле эмнеге акчаны, убакытты талапкер болуп коротуш керек? Баары бир даярдап туруп президенттик тактыны Атамбаевке беребиз да», — деп эсептейт эл өкүлү.

2011-жылы, 7-августта партиянын съездинде болгон курултайда Текебаев жалпы добуш менен президентикке талапкер катары көрсөтүлгөн.
Мамлекет башчысы болууну каалаган 83 талапкердин арасынан 24 гана саясатчы калып, алардын ону партиялардын атынан чыгышса, калганы өз талапкерлигин көрсөткөндөр.

Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер жеген күбөлүктү БШК тогуз гана талапкерге тапшырып берген.

Саясий партиялардын атынан беш гана талапкер үгүт иштеринин башталышын күтүп жатат, калганы өз талапкерлигин өзү алдыга жылдыргандар.

«Ар-Намыс» партиясынан президенттин тактысына депутат Анарбек Калматов, «Ата-Журттан» — партиянын лидери Камчибек Ташиев, «Эл бийлиги» партиясынан Шамшибек Медетбеков, «Бүтүн Кыргызстандан» Адахан Мадумаров, жана «Мекен Ынтымагы» партиясынан Темирбек Асанбеков талапкер катары ат салышууда.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов, депутат Марат Султанов, Роман Оморов, техника илимдеринин доктору Өмүрбек Суваналиев өз талапкерлигин алдыга жылдырган президентикке талапкер катары катталган.

Шайлоо ушул жылдын 30-октябрында өтөт.

Мамлекет башчысын шайлоого катышуу

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентик тактыга эки жолу талапкер болгон.

Биринчи жолу аталган партяиынын лидери 1995-жылы өз талапкерлигин коюп. Жеңишке жетишкен эмес. экинчи жолу 2000-жылы талапкер болуп, анда экинчи орунга илинип, биринчиликти Аскар Акаевке алдырып жиберген.

2006-жылы тюльпан төңкөрүшүндө президент Аскар Акаев тактыдан аргасыз негизде кеткенден кийин Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. бирок Бурманбек бакиев менен пикир келишпестиктен улам, оппозиция тарапка ооп кеткен.

Редактор: Илья Каримджанов
Автор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова