Парламент Роза Отунбаеванын каршылыгына карабастан «Бешинчи каналды» улутташтырды. Эми аталган каналдын эфиринде бир гана парламенттеги жаңылыктар көрсөтүлөт. Аталган каналдын жеткечилигинин билдиргенине караганда, депутаттар парламенттик каналдын өнүгүү планын бермейин, кабарчылар мурдагы калыбында эле ишин улантып келе берет.
Парламенттин пресс-катчысы Шаирбек Маматокторовдун айтымында бул каналдын парламенттик болушун колдоп, 102 депутат өз добуштарын берген.
«Эл өкүлдөрү президенттин айтканын женип чыгышты», — деди Маматокторов.
Өлкө башчысынын билдирүүсүндө мамлекеттик бюджеттин чыгашасын көбөйткөн мыйзамдар каржылоо булагын аныктагандан кийин гана парламент тарабынан кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин ишин чагылыдып туруучу каналдын ишин баштоо үчүн 300 миллион сомдон ашык акча каражаты талап кылынат деп эсептейт Отунбаева.
Мамлекеттик мүлк министри Даир Кенекеевдин маалыматында азыр бул каналдын 40 миллион сомдон ашык карыздары бар экенин белгилеп, Бешинчи каналдын улуттук канал болушуна каршы оюн айтты.
«Аны баардык тиешелүү дабдыктар жана кызматкерлердин айлык маяналарын камсыздап туруу үчүн жылына 180 миллион сом сарыпталып турушу керек. Андан сырткары бул каналдын өзүнүн бир нече эле микрофону бар экен», — деп маалымдады Кенекеев.
Мыйзам долбоорунун автору, СДПК фракциясынын депутаты Исмаил Исаковдун билдирүүсүндө бул канал абдан кирешелүү, бир гана ага келген акчаларды легалдаштыруу абзел.
«Улутташтыруу долбоору өлкөнүн аймагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты алып баруу жана маалымат талаасын коргоо же болбосо так маалымат менен камсыз кылуу максатында киргизилип жатканы баарыбызга маалым», — деген анда Исаков.
Жыйынтыгында парламенттин депутаттары каналды улутташтыруу тууралуу чечимин кабыл алып, өкмөткө тез аранын ичинде бул берүүнүн ишин өзгөртүү кызматын тез аранын ичинде баштоо тапшырылды.
14 күндүн ичинде өлкө башчысы кабыл алынган мыйзамга кол коюшу керек. Эгер бул иштер президент тарабынан ишке ашырылбаса, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков конституцияга таянып, өзү кол коюп, мыйзамды кабыл ала берет.
Объективдүүлүктүн «Башкача түшүнүгү»
Юридикалык көз карашта парламент өкүлдөрү “бешинчи каналдын” Жогорку Кеңештеги ишин убактылуу токтоткондугу тууралуу эч кандай түшүнүк бербегендиги тууралуу каналдын жетекчиси евгения Бердникова билдирди.
«Бизге парламенттен кат түрүндөгү эч бир түшүндүрмө берилген жок. Оозеки эле айтып коюшту», — деди Бердникова.
Парламенттин төрагасы жана журналисттердин объективдүүлүк тууралуу түшүнүктөрү ар башка.
«Спикердин оюнда объективдүүлүк бул — парламент шумдук иштеп атат. Депутаттар азамат, алардын баары маданияттуу жана абдан жакшы мыйзамдарды кабыл алып жатышат деген мааниде», — дейт “Бешинчи канал” жабык акционердик коомунун башчысы Бердникова.
Каналдын кабарчылары өз атынан эч нерсе кошпостон, отурумдан кандай өтүп жатканын, депутаттар бир-бири үчүн добуш берип жатканын, согушканын жана мыйзам долбоорлорун кандай талкууга алышкандыгын гана көрсөтүшөт.
Бердникова парламенттин пресс-катчысынын айткан оюна каршы. Кабарчылардын эл өкүлдөрүнун Балиге болгон иш-сапары тууралуу толук маалыматты ала албай калган. Маселен пресс-катчылар депутаттардын жанынан чыккан эмес.
«Бул иш-сапарда депутаттар эмне менен алек болоорун билип алганга тиешелүү кишилер болгон жок. Телеканалдардын кызматкерлери ошол жерде жүрүштү, бирок отурум тууралуу жаңылык беришкен эмес», — деди Бердникова өз сөзүндө.
Депутаттардын расмий жолугушуулары тууралуу кабарчылар керек болгон маалыматты ала алышкан эмес.
«Депутаттар жубайлары, катчылары, толтура телеканалдардын кызматкерлери жана ошондой эле толгон-токой жан-жөөкөрлөрү менен Балиде жүрүп, бирок кандай ишти аткарганыгы белгисмиз экендиги тууралуу жаңылык жасап, эфирге алып чыкканбыз», — деди каналдын башчысы.
Аталган телеканалдын кабарчыларын праламентте ишин жүргүзүүсүнө чек койгондун бирден-бир себеби, Индонезиядагы Бали аралына иш сапары менен 2011-жылдын июнь айылда эл өкүлдөрү барганда, маалыматты туура эмес беришкендигинде болду дейт парламенттин пресс-катчысы Шаирбек Маматокторов.
Мындан тышкары дагы бир себеп каналдын так статусу аныктала электигинде. Июль айынын башталышында парламенттин өкүлдөрү бул телеберүүнү парламенттик канал болсун деген чечим чыгарышкан. Бирок азырынча мыйзам долбоору күчүнө кирип, толук кандуу иштей элек.
Жогорку Кеңештеги эл кызматкерлеринин билдиришинче каналдын кабарчылары маалыматты туура негизде элге жеткирип бере албайт.
«Бешинчи каналдын» журналисттери бул каналдын улуттук болушуна каршы болгон гана депутаттардын алып барган ишин көрсөтүп, калгандарына көңүл бурушпайт.
«Алар убактылуу нейтралдуу болуп, байкоочу катары эле эч бир ишке катышпай эле коюшу керек. Бир аз убакыттан кийин бул кызмат ишин улантат. Эмнеге мынчалык ызы-чуу болуп кетти? Эч ким басманын эркиндигин чектеген жери жок», — деп депутаттардын чечимине түшүндүрмө берди пресс-катчы.
«5- канал» Жабык акционердик коому
Телеканал 1996-жылы «КООРТ» деген аталыш менен пайда болуп, анын жетекчиси катары өлкөнүн биринчи президентинин улуу баласы Айдар Акаев эсептелген.
2005-жылдын март айында болгон төңкөрүштөн 2 жыл өткөн сөң Аскар Акаев ээлеген ордунан бошоп, телекомпания ишмердүүлүгүн токтоткон.
«КООРТтун» ордуна «бешинчи канал» иштей баштаган. Анын жетекчиси болуп, 2009-жылга чейин экс-депутат Оксана Малеваная иштеген. 2009-жылдан баштап азыркы күнгө чейин бул кызмат ордунда Евгения Бердникова отурат.
5- канал Кыргызстандын аймагында көрсөтүп, чоң телеканалдардын катарына кирет. Анын эфиринде саясатчылар жана эксперттерлин катышуусунда автордук «Майдан» аттуу ток-шоусу, күндөлүк жаңылыктар жана социалдык программалар чыгып турат.
Редакторлор: Диана Рахманова жана Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова