Ош шаарына жакын жайгашкан мектепте бир нече өзбек тилдүү класстар жоюлду


Мады айылындагы №86 мектептин жетекчилиги өзбек тилдүү класстарды окуучулардын азыдыга байланыштуу жабууга аргасыз болгонун айтат. Мектепте окуусун улантып калган өзбек окуучулардын ата-энелери сабак алууда кыйынчылыктар пайда болгонун билдиришет.

Аталган айылдан орун алган орто мектеп буга чейин кыргыз-өзбек тилдүү болуп билим берип келген. Бирок жаңы окуу жылынын башталышы менен анда бир гана кыргыз класстары калды.

Мындай чечим этникалык кыргыз жана өзбектердин ортосундагы болгон чыр-чатактан 15 ай өткөн сөн кабыл алынды. Анда 400 ашуун адам көз жумган.

Саидаскар Саидахматов №86 мектепте мугалим болуп эмгектенет. Анын айтымында мектепте өзбек тилин өтүп келген 19 мугалимдин ичинен 15 мугалим жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

«Мугалимдерге моралдык жана материалдык жагынан да кыйынчылыктар жаралган. Азыр төрт мугалим гана ишин улантып калды», — дейт Саидахматов.

Бул билим берүү уясынын директорунун орун басары Гүлсүн Бөрүбаева кесиптешинин айткан оюна каршы. Анын билдиришинче көпчүлүк өзбек тилдүү мугалимдер этникалык кагылышуу боло элек мезгилде эле жумуш ордунан кетишкен.

«Эки мугалим турмуш куруп кетти, кээ бири үй-бүлөлүк шартына байланыштуу иштеген ишин таштады, эки мугалим убактылуу эс алууда, ал эми кээ бири кош бойлуу болгондугуна байланыштуу жумушка чыкпай эле. Коогалаңга бул маселенин эч кандай байланышы жок», — деп түшүндүрмө берди Бөрүбаева.

Аталган мектептин мугалими Эгемберди Усенбековдун билдиришинчи бул класстардын жабылып калгандыгынын бирден бир себеби, өзбек тилдүү класстардагы окуучулардын сабакка көп катышпай калгандыгына байланыштуу болгон.

«Июнь окуясына чейин биринчиден он биринчиге чейин өзбек класстары бар эле. коогалаңдан кийин окуучулардын көпчүлүк бөлүгү өз каалоосу менен кыргыз класстарына өтүп кеткен. Ата-энелер да кандай кылса туура болоорун билип жатышат да», — деди Усенбеков өз маегинде.

Мектеп мүдүрүнүн орун басары Гүлсүн Бөрүбаеванын айтымында өзбек окуучулары өз чечими менен эле 7-8 классты бүтөөрү менен окууну таштап, Ошко кетишет.

«Жогорку класстарга өтөөр маалда алар окууну ташташат. Ошко барып, кыздар чач тарач болушса, уландар наавайчы болуп иштеп кетишет. Балким бул көрүнүш алардын канында бардыр», — деди ал.

Башталгыч класстарда окуган өзбек тилдүү окуучулар кыргыз класстарга которулуп кетип жатышат, маселен ал жерде билим берүүнүн сапаты күчтүү.

«Өзбек тилдүү класстарда окуутуу программасы жана китептери анчейин эмес болуп, ата-энелер жана мугалимдер дагы нааразычылыгын билдирген. Бирок ага карабастан кыргыз класстарга өткөрүүнү каалашкан жок. Убакыттын өтүшү менен түшүнө баштады», — деди Бөрүбаева.

Укук коргоочу Абдумомун Мамараимов №86 мектептин жетекчилиги, окуучулардын укуктарын бузуп жатат деген ойдо.

«Мектеп бул балдардын кандай себептерге байланыштуу сабакка келбей калганын аныктап, иштин чоо жайын билиши керек. Балдардын толук орто билим алуусу үчүн баардык күч-аракетин жумшап, өзбек тилдүү класстардын толук кандуу ишин жандандыруусу абзел», — деди укук коргоочу.

Нааразы ата-энелер

№86 мектептин окуучусу Рысолат Закировдун апасы аталган билим берүү уясы кайрадан өзбек класстарынын ачылышын каалайт.

«Өзбек класстарын ачса жакшы болмок. Менин балам кыргыз класста окуй албай, кыйналып жатат», — деди нааразы болгон эне.

Атын атагысы келбеген дагы бир эне анын баласы сегиз жыл бул мектепте окуп, бирок тең-тайлаштары менен болгон пикир келишпестиктен улам, шаардагы башка мектепке которулуп кеткенин айтат.

«Балам мындан ары окугандан баш тартты. Силерди урушкан жакка баргыңар келбейт да деди ал бизге. Аны теңтуштары сен өзбексиң деп таарынтышат экен», — деди эне.

Анын кичүү уулу ушул мектепте окуусун улантып, бирок сабакты көп калтырат. Маселен аны да классташтары ар кандай сөздөрдү айтып, таарынтып койгон учурлары көп болот.

«Кээде сабап да коюшат. Мен болушпайм. Бирок менин балам абдан эле жоош бала, өз эрки менен согушканга деле барбайт», — дейт нааразы болгон эне.

Ош Мамлекеттик администрациясынын билим берүү бөлүм кызматкеринин маалымында өзбек тилдүү класстарда окуп келген окуучуларга кыргыз класстардан билим алуу оорчулук деле түзбөшү керек.

«Бир класста план боюнча 20-25 окуучу болушу керек. Ал эми бул мектепта окуучулар андан да аз. Ошондуктан өзбек балдар кыргыз класстарда окуй албайбыз деп айтканы туура деле эмес. Мамлекеттик тилде билим алышсын да. Өзбек класстарын жоюу маселеси оюнь окуясына чейин эле каралып келген», — деди ал.

Билим берүү министрлигинин пресс-катчысы Керез Жукеева Мады айылында өзбек улутундагы калктын аздыгына байланыштуу №86 мектепте өзбек класстарын жабууга туура келген.

«Өзбек класстарда ашып кетсе 5-6 бала билим алабыз деген ниет менен келишет. Ата-энелер өзүлөрү алардын балдары кыргыз класстарда окугусу келгендиги тууралуу арыз жазышат. ал эми өзбек класстарда окугусу келгендер шаарга барып билим алышат. Алардын оюнда шаардык мектептерде билим берүүнүн деңгээли жогору», — деди Жукеева.

Автор: Айзат Шакиева
Которгон: Кундуз Исмаилова