Шайлоо-2011: Президенттик тактыга 20 талапкер аттанды


Президенттик талапкерликке 83 адам арызын киргизген болсо, азыркы убакта алардын 20 талапкерин гана борбордук шайлоо комиссиясы каттоого алды. Алар эне тил боюнча экзамен тапшырып, тийиштүү кол топтоо менен борбордук шайлоо комиссиясына 100 миң сом өлчөмүндө күрөө төлөштү. Шайлоо-2011 талапкерлердин саны боюнча рекорддук көрсөткүчкө ээ.

25-сентябрдан тартып, шайлоого карата үгүт иштери башталды. Ал 2011-жылдын 29-октябрына чейин созулмакчы.

Президентикке талапкерлердин сегизи саясий партиялардан көрсөтүлсө, калган он экиси жеке талапкер катары катталган.

СДПК партиясынын лидери, премьер-министр Алмазбек Атамбаев дагы президентикке талапкерлердин бири. Үгүт иштеринин башталгандыгына карата, ал убактылуу өкмөт башчылык кызматын биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановко өткөрүп берди.

Тынчтык жана согушту чагылдыруу боюнча Британия институтунун берген маалыматына ылайык, шайлоодо жеңишке жетише турган болсо Атамбаев сот системасын өзгөртүүнү максат кылууда.

«Эбактан бери эле көйгөйлүү болуп келе жаткан сот системасын өзгөртөйүн деген ойдомун. Көз карандысыз жана адилеттүү сот кызматкерлерисиз бизде эч убакта уюшулган кылмыш топтору менен күрөшүү мүмкүн эмес. Инвестицияларды да тартуу оор болот», — деп Атамбаевдин сөздөрүн аталган басма жазды.

Социал-демократтар партиясынын лидери президенттик шайлоого катышуу боюнча тажрыйбасы бар. 2000 жана 2009-жылдары ал талапкерлигин коюп, бирок эки жолку аракетинде тең ал убакта иштеп турган Акаев жана Бакиевке уттуруп койгон.

«Ар-Намыс» партиясынан шайлоого Анарбек Калматов ат салышса, «Ата-Журт» партиясынан анын лидери, Бакиевдин башкаруусу учурунда өзгөчө кырдаалдар министринин кызматын аткарып келген Качыбек Ташиев чыкты.

«Эл бийлиги» партиясы Шамшибек Медетбековду көрсөтсө, «Бүтүн Кыргызстандан» өлкөнүн экинчи президентинин башкаруу учурунда коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп иштеген Адахан Мадумаров ат салышат.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын экономика институтунун бөлүм башчысы Темирбек Асанбеков «Мекен Ынтымагы» партиясынан талапкер болуп катталды.

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын экс-депутаты Исхак Масалиев Кыргызстан коммунисттер партиясынан талапкер, «Эл үчүн» партиясынан Арстанбек Абдылдаев чыкты.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөткөн.

«Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунан каражатты мыйзамсыз алган деген айыптар коюлгандан кийин Кубатбек Байболов 2011-жылдын апрель айында башкы прокурорлук кызматынан өз эрки менен бошогон. Президенттик шайлоодо жеңишке жетише турган болсо ал сот-укуктук реформа концепциясын түзүү үчүн мамлекеттик комиссия түзөөрүн билдирди.

«Асман-пресс» басма сөзүнүн белгилөөсү боюнча 2009-жылы мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов Кыргызстандагы эң бай деп эсептелинген 100 адамдын катарына кирген.

Өтпөй калган талапкерлер

Калган 63 талапкер шайлоого болгон ат салышуудан ар кандай себептерге байланыштуу четтетилди.

Алардын кээ бири өз каалоосу менен талапкерлигин алган болсо, кээ бири мамлекеттик тил экзаменинде кулап, тиешелүү 30 миң кол чогултууга жетишкен эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы Токтайым Үметалиева жана саясатчы Нариман Тюлеевди каттодон баш тартты. Комиссиянын чечими боюнча бул талапкерлер элден 30 миң кол топтоодо катачылыктарды кетиришкен.

Токтайым Үметалиева 2009-жылы дагы президенттик тактыга талапкерлигин коюп, бирок шайлоочулардын аз өлчөмдөгү добушуна ээ болду.

Президентикке талапкер “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаев мамлекеттик тил боюнча экзаменден башка бир нече талапкерлер сыяктуу эле өтпөй калган.

Шайлоого карата үгүт иштеринин башталышына 2 күн калган учурда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен талапкерлигин алып салды.

Мындай чечимин ал талапкерлердин арасында азыркы тапта деле Бакиевчилер бар экенин айтуу менен түшүндүрдү.

«Кыргызстанда бул саясатчылардын аз эмес колдоочулары бар. Мындан улам биз өткөн жылдарда болгон каталарды кайталоого тийиш эмеспиз, ал учурда прогрессивдүү күчтөр бирдиктүү болуп өз оюн айта алган жок. Ошол тапта өзгөрүүгө деп берилген канчалаган шайлоочулардын добуштары жокко чыгарылып калды. Мындай катаны кайра кайталап, жараны ырбаатпаш үчүн мен өз талапкерлигимди алдым», — деди Текебаев.

Талапкерлердин көптүгү

2011-жылдагы боло турган Кыргызтандын президентин тандоо өлкөнүн тарыхында талапкерлердин көптүгү менен башка жылдардан кыйла айырмаланат.

Буга дээри 2005 жана 2009-жылдары талапкерлердин саны көп деп эсептелинип келген. Анда президенттик тактыга 6 талапкер жарышкан.

Шайлоочулардын жалпы добушунун 5% жогорку колго ээ болгон талапкерге Борбордук шайлоо комиссиясы анын шайлоо алдында койгон 100 миң сом өлчөмүндөгү күрөөсүн толугу менен кайтарып берет.

Кыргыз Республикасынын президнетин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына белгиленген.

Авторлор: Диана Рахманова жана Адиля Дюшеева
Которгон: Кундуз Исмаилова