Жалал-Абадтагы жер титирөө: жабыр тарткандар жок


Жашоочулар жер титирөөнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат жетиде болгонун сезишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына караганда силкинүүнүн эпицентри Жалал-Абадтан алыс эмес жайгашкан Ак-Терек айылында 3 балл менен катталган. Жабыр тарткандар болгон эмес.

Кыргыз илимдер улуттук академиясынын сейсмология институту жер титирөөнүн убактысы эртең мененки саат 06:33 болгонун белгилешти.

Жалал-Абадтан 35 чакырым чыгыш тарабында жана Көк-Жаңгак шаарынан 22 чакырым Түштүк-чыгышка, Өзгөндөн түндүккө 20 чакырым аралыгында эпицентри болгондугун ӨКМнүн пресс-кызматы билдирет.

«Жер титирөөнүн эң катуу силкинүүсү Ак-Терек айылында болгон. Бул биринчи гана жолу катталып жаткан жер силкинүүсү эмес», —деп Kloop.kg порталына ӨКМнүн пресс катчысы кабарлаган.

«Биз эч нерсе сезген жокпуз»

Жалал-Абад шаарынын тургуну Любовьдун айтымында ал жер титирөөнү сезген жок.

«Бүгүнкү силкинүүнү билген жокмун, балким катуу уктап калсам керек», — деди ал.

Бирок Любовьдун айтымында акыркы күндөрү түштүктө мындай учурлар көп байкалууда.

Абдумалик Жалал-Абад облусунун тургуну, анын оюнда мындай учурлар чанда гана болот.

«Ооба, кээде болуп калат, бирок анча көп эмес. Бүгүн болгон жер титирөө тууралуу уктум, бирок өзүм сезгеним жок», — деди Абдумалик.

Бул биринчи гана болгон жер титирөө эмес

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пресс-кызматынан билдиргендей жер титирөө акыркы эки күндүн ичинде өлкөнүн түштүк тарабында экинчи ирээт Кыргызстан-Өзбекстан чек арасында кайталанган.

Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад облусунун Үч-Коргон айылынан түштүккө карай 10 чакырымда 4,5 баллга жеткен.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова