АКШ- каза тапкан кыргыз жараны менен бирге анын мекендештери да жабыр тарткан


Көз жумган Адылбек Мураталиевден тышкары өткөн жумада Пенсильванияда токко дагы эки кыргыз жараны урунуп, жабыр тартканын тышкы иштер министрлиги билдирет. Мураталиевдин сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, жабыркаган эки жаран тери алмаштыруу боюнча оор операциядан өттү.

Ушул жылдын 19-сентябрында Питсбург шаарынын чиркөөлөрүнүн биринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан студенттер — Жоомарт Токтобаев жана Улукбек Джумалиевдер дагы Мураталиев менен кошо токко урунган.

Катуу күйүктөрдү алган соң үч студент Питтсбург медициналык Университетинин борборуна жеткирилген. Жүрөгү көтөрө албай Мураталиев ооруканадан көз жумду, ал эми Токтобаев жана Джумалиевдерге догдурлар тери алмаштыруу боюнча операция жүргүзүштү.

Кыргызстандын Вашингтондогу консулу Руслан Бекболотов Kloop.kg порталына берген маалыматында жабыр тарткандардын ахыбалы башынан эле абдан оор болгондугун билдирди.

«Биз мындан жаманды күтүп, балким алардын колдорунун манжаларын кесип салабы деп ойлогонбуз. Бирок анча коркунуч жок болуп, терилерин алмаштырып коюшту», — деди консул.

Бекболотовдун айтымында аталган эки студенттин ден-соолугу азыркы тапта жакшы болуп калган.

«Аларды ооруканадан чыгарып, азыр студенттер үйдө», — деп маалымдады Бекболотов.

Мураталиевдин сөөгү Кыргызстанга Түрк компаниясы тарабынан учак аркылуу алынып келинди.

Мураталиев 23-жашаар студент болгон.

Ал «Ворк энд Трэвел» программасы боюнча 2011-жылдын 6-июнунда АКШ- иштөө үчүн кетип, мөөнөтү бүткөндөн кийин ал жерде калып калган. Андан улам ал АКШ- легитимдүү эмес иммигранты болуп эсептелинет.

«Сүйлөшүүлөр боюнча ал өз мекенине окуу жылынын башталышына чейин эле кайтып келиши керек эле. Бирок өз каалоосу менен ал АКШ- калууну туура көрүп, ошол мамлекеттин легитимдүү эмес иммигранты болуп эсептелинген», — деди эл аралык алмашуу борборунун башкы мүдүрү Улан Исабеков.

Эл аралык алмашуу борбору каза тапкан Кыргыз жаранын өз мекенине алып келүү үчүн жардам көрсөткөнүн Исабеков билдирди.

Арсландын айтымында Мураталиев дагы бир аз акча табууну көздөп АКШ- мыйзамсыз калган.

«Анын атасы жок. Мамасы жана 10-класста окуган иниси эле бар. Тапкан акчасын үйүнө жиберип жаткан, күзүндө үйлөнөм деп», — деп белгиледи каза тапкан баланын досу.

Программанын шарттарын бузуу

«Ворк энд Трэвел» боюнча АКШ- барган студенттердин көбү түзүлгөн келишимдин шарттарын бузуп, виза бүткөн соң дагы калып ишин уланта беришет.

Исабекодун кошумчалаганына караганда ар жыл сайын 30% ашуун АКШ- барган студенттер өз убагында мекенине кайтып келбейт жана мыйзамсыз түрдө ишин улантат.

Башка мамлекетке кетип жаткан студентке жоопкер адам эгер ал визасы бүтөөрү менен мекенине кайтып келбесе, 5 миң АКШ долларын төлөп берүү жөнүндө документине кол коюп, кепилдик берет.

Исабеков бул келишимге карабастан Мураталиевдин үй-бүлөсүнөн мындай айыпты жагдайга жараша ала албаарын билдирди.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөттө: Питтсбург Университетинин медициналык борбору
Сүрөттүн автору: Crazypaco