Хроника: Кыргызстанда кумар оюндарына 2012-жылдын 1-январынан тартып бөгөт коюлуп, казинолор жабылат


Өлкөнүн аймагында кумар оюндарын ойноочу жайларынын ишин 2012-жылдын 1-январынан тартып токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун парламенттин депутаттары бир добуш менен кабыл алышты. Ак үйдүн маңдайында мыйзамдын кабыл алынышына каршы болгон кумар оюн ойноо жайларынын жетекчилери нааразычылык акциясын уюштурушту.

12:45 Kloop.kg порталынын кабарчысынын айтымында, митингчилер тарап кетишти.

12:35 Мыйзам долбоорун үч жолку окууда депутаттар бир добуш менен кабыл алышты.

Кабыл алынган мыйзамдын негизинде, 2012-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн баардык аймактарында ишкерликтин мындай жолу менен алектенгендердин иши токтотулат.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Бакытбек Жетигеновдун айтымында казино, ойномо автоматтардын өлкөнүн аймагында көп болушу, кумар оюндарына берилген адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизүүдө.

«Баарынан мурда турмуштук көз карашы калыптана элек жаштарга таасир этүүдө. Ойномо автоматтарын колдонуучулардын көпчүлүк бөлүгүн өспүрүмдөр түзөт», – деди Жетигенов.

12:25 «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кабыл алууда, анын жыйынтыктарды берээри тууралуу ойлонуу керек деп билдирди.

Бекешевдин сунуштаганы боюнча биринчи ирээтте оюн автоматтарын өлкөгө алып келүүнү көзөмөлдөп, ал эми оюн ишкерлери ишин үч айдын ичинде өз ыктыяры менен токтотууга каршы болсо, анда кумар автоматтарын конфискациялап алуу керек деген пикирде.

«Эгер мыйзамды жөн гана кабыл алып, жыйынтыктуу иштебесек, анда кумар оюндарынын ишкерлери мыйзамсыз акырын иштей башташат.Андан көрө салыктардын наркын көтөрүш керек», — деп эсептейт Бекешев.

СДПК партиясынын Жогорку Кенештеги депутаты Торобай Зулпукаров дагы мыйзам долбоорун колдоорун айтып, эл өкүлдөрү митингчилерге маани бербеши керек деген ойдо.

Депутат Ширин Айтматова маселеге тике карап, түз оюн билдирди.

«Биз Казахстан же Орусия эмеспиз. Эгер оюн бизнесин токтотуп койсок, анда жөндөн-жөн эле 15 миң адамды жумушсуз калтырып коюшубуз толук ыктымал. Өкмөт алар мындан кийин кандай иш менен алектенээри тууралуу ойлонушу керек», — деди Айтматова.

12:00 Депутаттар мыйзам долбоорун пленардык отурумда кароого алды.

Депутат Ирина Карамушкинанын маалыматы боюнча эл өкүлдөрүнүн саясий эркиндиги жок.

«Келгиле мыйзамды кабыл алабыз. Мыйзам долбоорун ак үйдүн маңдайына чогулган бир нече адам үчүн гана кабыл албай коюу туура эмес», — деди Карамушкина.

11:50 Парламент өкүлдөрү Жетигеновдун мыйзам долбоорун кабыл алса, анда ал 2012-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилет.

Баардык кумар оюндарын ойноочу жайлары эркин экономикалык аймак деп эсептелинген Баткен облусуна көчүрүлөт.

11:45 Ак үйдүн маңдайына чогулган казино жана оюн автоматтарынын жетекчилери депутаттарга нааразы. Алардын айтымында мыйзамды кабыл алууда ушул тармакта иштегендердин келечегин ойлошкон эмес жана алар эртеңки күнү кандай иштер менен алектенээри белгисиз дешет жетекчилер.

Алардын айтымында эгер өлкөнүн аймагындагы кумар иши менен алектенген мекемелер жабыла турган болсо 15 миң адам жумушсуздардын катарын толуктап калат.

Акция катышуучулары депутаттар мыйзамсыз иштеп жаткан оюн ишканаларын жабышы керек дешет.

«Легитимдүү бизнес — салыктар, пенсия, пособия. Легитимсиз бизнес болсо коррупционерлердин тоюту», —дешет кумар оюндары ишмердүүлүгү менен алектенгендер.

Митингчилердин бири, казино жетекчиси Азаттын айтымында алардын ишин жабуудан мурда өкмөт башка ишти аларга сунуш кылышы керек.

«Дайыма эле өлкөнүн өнүгүшү тууралуу ойлонуп, ал эми мындай учурда ал тууралуу такыр эле унутуп коебуз», — деп нааразы болгон Азат айтты.

Назгүлдүн айтымында казинодон башка жерде айлык маяна абдан эле аз.

Kloop.kg порталынын кабарчысы белгилегендей нааразычылык акциясына 700 ашуун митингчилер чыккан.

Парламенттин имаратын милиция кызматкерлери коргоого алды.

Казинолорду жабуу демилгеси

Кыргызстандын аймагындагы оюн бизнесинин ишин токтотуу тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси болуп «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Бакытбек Жетигенов эсептелет.

Жетигенов алардын ишин Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып токтотуу керек деген сунушун киргизди.

Отунбаеванын видео күндөлүгү

Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын оюнда бийликте турган саясатчылар мындай ишкерлердин ишин чектөөчү жана оорлотуучу анча катуу эмес мыйзам долбоорлорун кабыл алышы керек.

«Бул иш-чараларды эртең эмес, бүгүнкү күндө кабыл алышып, чечишибиз керек», — деди Отунбаева өзүнүн видео күндөлүгүндө.

Өлкөнүн аймагында 21 казино жана 51 оюн клубдары расмий түрдө каттоодон өтүп, бүгүнкү күндө активдүү иштеп келе жатат.

Казахстан, Орусия жана Белоруссияда кумар оюндарын ойнотуучу ишкерлердин ишине белгилүү бир аймактарда бөгөт коюлган. Ага жараша мындай бизнесчилердин көбү ишин улантуу үчүн Кыргызстанга келип, ишкердигин жайылтышууда.

«Орто Азия боюнча биздин өлкө тилекке каршы кумар оюндарынын аралы болуп калды», — деп эсептейт Отунбаева.

Президенттин айтымында казинолордун алып барган иши коомчулукка терс таасирин тийгизет.

«Казино ээлери өзүнүн ишмердүүлүгүнүн өлкөгө алып келген жакшы жагы тууралу айтышат. Бирок ал бир эле нерсе, мамлекетке төлөгөн алардын салыктары», — деди Отунбаева.

Эгер мындай ишканалардын кызматына өкмөт чектөөлөрдү коюп, тоскоолдуктарды жарата турган болсо, анда маселе тереңдеп кетет.

«Бизнес легалдуу эмес болуп, ошол эле убакта өз ишмердүүлүгүн уланта берет», — деп Мамлекет башчысы Роза Отунбаева эсептейт.

Авторлор: Улугбек Акишев, Диана Рахманова
Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова