Шайлоо-2011: Парламент чет элдик каналдарга койгон чектөө мыйзамын жокко чыгарышы мүмкүн


СДПК партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Ирина Карамушкинанын билдирүүсү боюнча парламентарий шайлоо тууралуу мыйзамдын, чет элдик телеканалдардын шайлоо учурундагы иштеринде коюлган чектөө бөлүмүнө бир жылга мараторий жарыялай тургандыгын айтты. Буга карабастан чет элдик каналдар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүү болбойт.

Кыргызстандын аймагында өз берүүлөрүн көрсөтүп жаткан чет элдик каналдардын баардыгы трансляция иштерин 29-сентябрга чейин улантат деди эл өкүлү Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык чет элдик каналдардын берүүлөрүн алып көрсөткөн баардык кабелдик каналдар биринчи кезекте программаларды президентикке талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүп жаткан маалда, 25-сентябрдан 29-октябрга чейин өзүнчө жаздырып алып, текшерип, андан соң гана эфирге кое берүүсү керек эле.

Кыргызстандан башка мамлекеттердин каналдарынан алынган берүүлөр өз убактысынан кечирээк берилет. Маселен алардын ар бири текшерүүдөн өтүп, айрыкча талапкерлердин аброюна шек келтирген материалдар эфирге чыкпоосу тийиш болчу.

Кабелдик телеканалдардын көпчүлүгүнүн жетекчилери программаларды жаздырып, кайра эфирге алып чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, 25-сентябрдан тартып жөн гана чет элдик берүүлөрдү эфирден алып салаарын кабарлашкан.

Азыркы тапта парламент шайлоо тууралуу жаңы кабыл алынган мыйзамга бир жылдык мораторий жарыялоо тууралуу ойлонууда.

Эгер 29-сентябрда боло турган парламенттин пленардык отурумунда депутаттар бул мыйзамдын бөлүмүнө бир жылдык мораторий жарыялоо чечимин кабыл алса, анда кабелдик каналдар ретрансляциялоосун уланта берет, бирок үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

«Келечекте бир гана шайлоо учурунда эмес деги эле кыргыз элинин аброюна шек келтирген, диний-террористтик же болбосо туура эмес жыныстык катнашуулар тууралуу жалган маалыматтардан кыргыз элин сактоо үчүн мындай чоң компаниялардын тиешелүү жабдыктары болушу керек», — деди Карамушкина.

Эл өкүлүнүн айтымында баардык чет элдик каналдардын берүүлөрү жаздырып алып, анан эфирге чыгарылышы керек.

«Ала-ТВ» кабелдик каналынын директору Василий Гончаровдун маалыматында, алар баардык чет элдик каналдан алып көрсөтүүлөрүн улантууда.

«Эртең биздин берүүлөрдүн тагдыры чечилет деп айтсам да жаңылышпайм», — деди Гончаров.

Кыргызстандын аймагындагы чоң деп эсептелинген каналдардын биринин жетекчиси Василий Гончаровдун кабарында, чет элдик берүүлөрдү жаздырып алып, кайра көрсөтүү үчүн 40-50 миңден ашуун АКШ доллары талап кылынат.

Жергиликтүү телеканалдардын позициясы

Россиянын телеканалын ретрансляция кылган НТС- директору Бакыт Аманов берүүлөрдү жазып алып көрсөтүү – “адам укугунун бузулушу” – деди.

НТСтин жетекчиси депутаттар мыйзам кабыл алаарда телеканалдар менен макулдашып алса болмок дейт.

“Мындай жол менен мыйзам кабыл алуу биринчи жолу эмес. Бизде мыйзамдар профессионалдык деңгээлде жазылбайт. Эгер иш ошого жетсе анда келгиле, баардык берүүлөрдү цензурадан өткөрүп эле берели” – деди Аманов.

Ошондой эле Аманов НТСке бул мыйзамды аткаруу үчүн көп каражат керек деп билгизди.

Ал эми “Бешинчи каналдын” директору Евгения Бердникова бул мыйзамды мурда эле “адам укуктарын тикелей бузуу” деп атаган.

Өкмөт “биздин жарандарга ЖМКнын таасир тийгизүүсүнөн коркушат” деди ал.

Бирок Коомдук телерадио корпорациянын директору Кубат Оторбаев талапкерлерди чет элдик ЖМКларда агитациялоону тыйуу салууну колдоодо.

“Сырттан келген ар бир маалымат – суверендүү мамлекеттин ички ишине кийлигишүү, айрыкча кеп шайлоо тууралуу болуп жатканда” – деген буга чейин Оторбаев.

Цензура айыбы

«Eurasianet» бул темадагы макаласында аталган мыйзамды сунуштап, ишке киргизген «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик башкарууну орнотобуз дегендиги менен Орусия өкмөтүнүн кыжырына тийгендигин баса белгилейт.

Чет элдик телеканалдарына койгон чектөөлөр тууралуу мыйзамдын автору Өмүрбек Текебаев төмөнкү маселелер менен түшүндүрөт.

Башка өлкөлүк ММК маалыматтын толук өзөгүн билбестиктен улам, элге туура эмес маалымат таркатып коюшу ыктымал. Анын айтымында эгер мындай учурлар болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча ал ММК тиешелүү жазасын албай калат.

«Журналисттердин укугун коргогон бир нече укук коргоочулар парламенттин цензураны легитимдүү кылуу мыйзамы кабыл алганын укканда катуу капа болду», — деп жазган «Eurasianet».

Текебаев өзү 2010-жылы болгон шайлоодо жабыр тарткан. Ал мезгилде Текебаевдин партиясы бешинчи орунга илинип, Жогорку Кеңеште депутаттык мандаттын эң аз бөлүгүн алды.

2010-жылдын 28-сентябрында Орусиянын НТВ телеканалынын «Чрезвычайное происшествие» көрсөтүүсүндө «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевке окшош адам белгисиз айып менен жыныстык катнашта болуп жаткан учуру көрсөтүлүп, партиянын аброюна заматта эле шек келтирилген.

«Eurasianet» мындан тышкары бул цензура эмес деп эсептеген Текебаевдин да айткандарына кайрыла кетти.

«Чет элдик телеканалдардын берүүлөрүн шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда токтотуу тууралуу чечимди Текебаев цензуранын бир бөлүгү деп, маалыматтык коопсуздук деген жыйынтык чыгарды», — деп жазган аталган басма.

Автор: Диана Рахманова, Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова