2012-жылдан баштап кумар оюн бизнестери жабылат


Өлкөнүн аймагында кумар оюндарын ойноочу жайларынын ишин 2012-жылдын 1-январынан тартып токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун парламенттин депутаттары бир добуш менен кабыл алышты. Оюн автоматтары бар мекемелердин жетекчиликтери 15 миңден ашууна адам жумушсуздардын катарын толуктап калаарын айтып, нааразы болушууда.

Мыйзам долбоорун үч жолку окууда депутаттар бир добуш менен кабыл алышты.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Бакытбек Жетигеновдун айтымында казино, ойномо автоматтарынын өлкөнүн аймагында көп болушу, кумар оюндарына берилген адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизүүдө.

«Баарынан мурда турмуштук көз карашы калыптана элек жаштарга таасир этүүдө. Ойномо автоматтарын колдонуучулардын көпчүлүк бөлүгүн өспүрүмдөр түзөт», – деди Жетигенов.

СДПК партиясынын депутаты Ирина Карамушкина оюн ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамды мындан көп убакыт мурун эле кабыл алыш керек болчу деген оюн билдирди.

Бирок «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кабыл алууда, анын кесепетин ойлонуу керек деп билдирди.

Бекешевдин сунуштаганы боюнча биринчи ирээтте оюн автоматтарын өлкөгө алып келүүнү көзөмөлдөп, ал эми оюн ишкерлери ишин үч айдын ичинде өз ыктыяры менен токтотууга каршы болсо, анда кумар автоматтарын конфискациялап алуу керек.

«Эгер мыйзамды жөн гана кабыл алып, жыйынтыктуу иштебесек, анда кумар оюндарынын ишкерлери мыйзамсыз акырын иштей башташат. Балдар кумар оюндарын ойношпойт. Андан көрө салыктардын наркын көтөрүш керек», — деп эсептейт Бекешев.

«Ата Мекен» партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Ширин Айтматова мыйзамды кабыл алгандан улам өлкөдө 15 миң адам жумушсуз калаарын айтат.

Анын билдиришинче парламент жумушсуз кала турган 15 миң жаранга башка бир жумуш орундарын камдашы керек.

Оюн залдарынын жетекчилери каршы

«Кыргыз Республикасынын аймагында кумар оюн залдарынын ишмердүүлүгүн токтотуу» тууралуу мыйзам долбоорун парламент өкүлдөрү кароо болуп жаткан мезгилде, ак үйдүн маңдайына казино жетекчилери, алардын кызматкерлери нааразычылык акциясы менен чыгышты.

Алардын айтымында мыйзамды кабыл алууда ушул тармакта иштегендердин келечегин депутаттар ойлошкон эмес. Алар эртеңки күнү кандай иштер менен алектенээри белгисиз дешет жетекчилер.

Акция катышуучулары депутаттар азыр өлкөнүн аймагында 200 ашуун мыйзамсыз иштеп жаткан оюн ишканаларын жабышы керек деген ойдо.

«Легалдуу бизнес — салыктар, пенсия, пособия. Легалсыз бизнес болсо коррупционерлердин тоюту», —дешет кумар оюндары ишмердүүлүгү менен алектенгендер.

Митингчилердин бири, казино жетекчиси Азаттын айтымында алардын ишин жабуудан мурда өкмөт башка ишти аларга сунуш кылышы керек.

«Дайыма эле өлкөнүн өнүгүшү тууралуу ойлонуп, ал эми мындай учурда ал тууралуу такыр эле унутуп коебуз», — деп нааразы Азат.

Назгүлдүн айтымында казинодон башка жерде айлык маяна абдан эле аз.

Отунбаеванын видео күндөлүгү

Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын оюнда бийликте турган саясатчылар мындай ишкерлердин ишин чектөөчү жана оорлотуучу анча катуу эмес мыйзам долбоорлорун кабыл алышы керек.

«Бул иш-чараларды эртең эмес, бүгүнкү күндө кабыл алышыбыз керек», — деди Отунбаева өзүнүн видео блогунда.

Өлкөнүн аймагында 21 казино жана 51 оюн клубдары расмий түрдө каттоодон өтүп, бүгүнкү күндө активдүү иштеп келе жатат.

Казахстан, Орусия жана Белоруссияда кумар оюндарын ойнотуучу ишкерлердин ишине белгилүү бир аймактарда бөгөт коюлган. Ага жараша мындай бизнесчилердин көбү ишин улантуу үчүн Кыргызстанга келип, ишкердигин жайылтышууда.

«Орто Азия боюнча биздин өлкө тилекке каршы кумар оюндарынын аралы болуп калды», — деп эсептейт Отунбаева.

Президенттин айтымында казинолордун алып барган иши коомчулукка терс таасирин тийгизет.

«Казино ээлери өзүнүн ишмердүүлүгүнүн өлкөгө алып келген жакшы жагы тууралу айтышат. Бирок ал бир эле нерсе, мамлекетке төлөгөн алардын салыктары», — деди Отунбаева.

Эгер мындай ишканалардын кызматына өкмөт чектөөлөрдү коюп, тоскоолдуктарды жарата турган болсо, анда маселе тереңдеп кетет.

«Бизнес легалдуу эмес болуп, ошол эле убакта өз ишмердүүлүгүн уланта берет», — деп Мамлекет башчысы Роза Отунбаева эсептейт.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова