Борбор калаада көчө театр фестивалы өтөт



«Кайыктагы орун» аттуу көчө театр фестивалы Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтөт. Салтанатка Франция, Голландия, Колумбия, Орусия, Казахстандан келген жана сөзсүз түрдө Кыргызстандын артисттери катышып, 35 чыгармачыл топ өз өнөрлөрүн элге тартуулашат.

Көчө театрында эл алдына чыга турган артисттердин өнөрлөрүн көрүүгө 2 күн аздык кылат деген оюн айтышты уюштуруучулар.

«Биз артисттердин чыгармачылыгын бир эле жерде туруп алып коомчулукка тартуулабайбыз. Дубовый сейил багында жана Бишкектин бир нече борбордук бөлүктөрүндө каалоочулар театрдын чыгармачылыгына күбө боло алышат», — деп билдиришти фестивалдын уюштуруучулары.

Театралдаштырылган оюндардын көпчүлүгү бир нече жолу кайталанып көрсөтүлөт.

«Көрүүчүлөр баардык оюндарды көрүп, аларга баа бере алсын деген максат менен оюндарды бир нече жолу кайталап көрсөтүүнү чечтик», — дешет уюштуруучулар.

150 ашуун сахналаштырылган оюндар 4 күндүн аралыгында Дубовый сейил багынын тегерегиндеги 10 ашык жерде коюлат.

2009-жылы Кыргызстандын аймагында биринчи жолу коюлгна Эл аралык көчө театры ушуну менен экинчи жолу болууда.

Бирок 2009-жылы биздин өлкөдө уюштурулган көчө театрына Кыргызстан жана Франциянын артисттери катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Уюштуруучулардын айтымында мындай иш-чаранын өлкөнүн аймагында өткөрүлүп жатышы, жаш муундардын исскуство жаатына болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Көчө театрында ар түрдүү жанрларда эмгектенген артисттер өз өнөрлөрүн коомчулукка тартуу кылат.

Спектакльдардын театрда коюлган оюндардан айырмасы ага көрүүчүлөр да катыша алгандыгында. Кээ бир учурларда көрүүчүлөр спектакльга катышып, ал эми артисттер оюндун жүрүшүндө өзгөртүүлөрдү кошуп же толуктоолорду киргизишет.

Редакторлор: Илья Каримджанов жана Диана Рахманова
Автор: Ясмина Мирзоева