Кыргызстандын «Дордой» футбол командасы 7-жолу өлкөнүн чемпиону болду


Бишкектин «Дордой» футбол командасы алар менен ат салышып келе жаткан Кочкор-Атанын «Нефтчи» футбол командасын 2:0 эсеби менен жеңип, алдыга озунуп чыкты. Белгилей кетчү жагдай борбор калаанын аталган командасы чемпионаттын соңуна эки тур калганда өлкөнүн мезгилден эрте жарыяланган жеңүүчү командасы аталды.

Республикалык масштабда өтүп, өзүнүн күйөрмандарын Даир Өмүрзаков атындагы стадионго чакырган «Дордой» жана «Нефтчи» командалары футбол оюну боюнча өлкөнүн чемпиону деген наамга карата таймашуусун баштады. Чемпионатта өз командаларын колдоо максатында стадионго 2500 ашык көрүүчүлөр чогулган.

Кочкор-Аталыктар биринчи мүнөттөрдө күйөрмандарын кубантып, жеңиш бул команда жактык экенин ынандырып келе жаткан мезгилде, тактап айтканда 23-мүнөттө Бишкектик команда бүт күчүн жыйнап, оюндун нугун өзүн карай бурду. «Дордой» командасы ушул мүнөттөрдө өзүнүн каршылашынын дарбазасына топ киргизип, эсепти ачты.

Сары баракчага «Дордойдун» оюнчусу Даниэль Тэго каршылаш командадагы Руслан Джамшидовду атайын түртүп кеткени үчүн ээ болду. Буга кошумча арбитр «Дордойдун» дарбазасына пенальти жарыялаган.

Берилген мындай мүмкүнчүлүк «Нефтчи» футбол командасы тарабынан жетиштүү деңгээлде колдонулган жок. Бишкектик Павел Матяш Кочкор-Аталыктардын тобунан өз аянтын коргоп кала алды.

Чемпионаттын биринчи жарымы 0 эсеби менен аяктап, оюнчулар тыныгууга чыгышты.

Кочкор-Аталык оюнчуну буту менен тепкендигине байланыштуу, «Дордой» командасынын оюнчусу Руслан Сыдыковду арбитр экинчи таймдын жүрүшүндө кызыл баракчасы менен жазалады.

Оюндан четтетилген Сыдыковдун аркасынан көп убакыт өтпөй эле «Нефтчи» командасынын дагы бир футболчусу Мамыров чемпионаттан четтетилип, оюнчулоардын саны бирдей эсепте болду.

Бишкектик команданын оюнчусу Андерсон Виллиандын натыйжалуу оюнунан кийин экинчи таймдын орто жарымында эсеп ачылып, «Нефтчи» командасы артта калып жатты.

Үчүнчү кошумча мүнөттө кайра эле Андерсон Виллиан экинчи топту каршылаштын дарбазасына киргизүү менен катар өз командасына жеңиштин байрагын карматты.

Футболдо арбитр болуп, баардык эрежелерди сактоо менен оюндун өтүшүнө көз салып турган Юрий Ерошенконун финалдык ышкырыгы жаңырып, 2:0 эсеби менен борбор калаанын «Дордой» командасы өлкөдөгү футбол оюнунун чемпионатынын соңуна 2 тур калган мезгилде расмий түрдө жеңүүчү деп жарыяланды. Ушуну менен бул команда жетинчи жолу жеңиштин ээси болуп эсептелинет.

Kloop.kg порталына берген маалыматында Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов оюн абдан чымыркануу абалында өткөнүн белгилеп, Бишкектик команда көп убакытка чейин курамындагы оюнчуларды алмаштырганын айтат.

«Мен жогоруда белгилеп өткөн команданын жеңүүчү болуп калганы оюнчуларды туура тантап алууда жана чет элдик, жергиликтүү деңгээлдеги татыктуу оюнчуларды тандап алуудан болду деп эсептейм», — деп айтты Асенов.

Редакторлор: Эльдияр Арыкбаев, Диана Рахманова
Автор: Диана Рахманова