Шайлоо-2011: Талапкерлердин көпчүлүгү аралаш башкаруу системасын колдойт


Президент болуп калса талапкерлер башкаруунун кандай жолун тандай турганындыгы тууралуу сурамжылоону Kloop.kg порталынын кабарчылары жүргүзгөн. Жыйынтыгында 2010-жылдын апрель айында кеткен президент Бакиевден кийин, өткөөл мезгилдин бийлиги баш тарткан аралаш башкаруу системасын кайра алып келүү керек экендигин талапкерлердин көпчүлүгү колдоого алышты.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан расмий түрдө президенттикке талапкер катары катталган 20 талапкердин ичинен сегизи аралаш башкаруу системасын кайра алып келүү керек экендигин билдиришет.

Мамлекетти башкаруунун мындай жолу бийлик бутактарындагы кандайдыр бир тең салмактуулукту сактап турууга жардам берет деген ойдо талапкерлердин көпчүлүгү.

7-апрелдеги экинчи элдик төңкөрүштөн улам убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошол мезгилде колдонулуп жаткан саясий система анча эффективдүү эмес экендигин билдирген. Парламенттик башкаруу системасы алда канча натыйжалуу жана жемиштүү болот деген бийликтин демилгеси менен 2011-жылы парламенттик башкаруу системасын жана конституциянын жаңы түрүн кабыл алуу боюнча референдум өтүп, эл аны колдоого алган.

Аралаш башкаруу системасын экиге бөлүп кароого болот: Президенттик-парламенттик же болбосо парламенттик-президенттик. Мында эгер кайсы башкаруу биринчи орунда турса, ошол бийликтин түрү экинчисине караганда кыйла күчтүүрөөк деп эсептелинет.

Парламент бийлик катары эсептелинип, ал мыйзам жана башка токтом жоболорду чыгарып турууга тийиш. Ал эми аткаруу бийлигинин башында президент жана премьер-министр турат. Эгер мындай башкаруу учурунда кандайыдр бир түшүнбөстүктөр же нааразычылыктар келип чыга турган болсо, парламент президент жана премьер-министрдин аткарган кызматына тиешелүү кандайдыр бир чараларды колдоно алат.

Парламент менен пикир келишпестиктер болуп, иш алгылыктуу жүрбөсө өлкө башчысы, тактап айтканда президент парламенттин курамын таркатып жиберип, кайра шайлоо жарыялоого укуктуу.

Аралаш башкаруу системасын жактоочулар пайда болду

«Президент аткаруу бийликтин башында турган аралаш башкаруу системасын колдойм. Депутаттардын санын 60-80 кишиге чейин кыскартыш керек. Бийликтин баардык бутактары баш ийип, алар менен кеңешип, 950-1200 адамдан турган, Кыргызстандын баардык аймактарынан делегат катары чогултулган элдик курултай түзүү зарыл. Курултайдын мүчөлөрү Жогорку сотту түзүп, аны менен катар эле Башкы прокуратурага атка минээрлерди тандай алышат», - дейт өзүн-өзү көрсөткөн талапкер Алмамбет Матубраимов.

«Мамлекеттик бийликте тең салмактуулук болуш үчүн аралаш башкаруу системасы болушу абзел. Азыр биздин өлкөдө парламент менен премьер-министрге бийликти алып баруунун баардык жолдору өткөрүлүп берилген, ал эми президенттин мындай мүмкүнчүлүктөрү жок. Демек, эл алдында президенттин саясий жоопкерчилиги да жок», - деп билдирди талапкер Өмүрбек Суваналиев.

Өзүн-өзү көрсөткөн талапкер Кубанычбек Исабекодун айтуусу боюнча боло турган президенттик шайлоодо жеңишке жетише турган болсом, парламенттин курамын 60 депутатка чейин кыскартам. Кыргызстанда бирөөнүн гана кызыкчылыгын көздөгөн башкаруу болбошу керек дейт.

«Мамлекетибизде аралаш башкаруу системасы орнотулушу керек. Анткени азыркы парламенттик башкарууда бийликтин баардык бутактары Жогорку Кеңеште өз ара бөлүнүп алынганы байкалып турат», - деди Кыргызстан коммунисттер партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Исках Масалиев.

«Башкаруу бийлигинин баардык тармактарында бирбей бөлүштүрүү болушу керек. Аралаш бийлик өлкөдө тең салмактуу бийликти орнотууга багытталган жол», - деп билдирди өзүн-өзү көрсөткөн талапкер Курманбек Осмонов.

«Кыргызстанга бийликтин аралаш башкаруу системасы керек болуп турат, анткени бийлик бирдей болуп, нааразычылыктар азаят. Азыркы тапта болсо президент кызматындагы кандай иштерди алып барышы керек экендиги тууралуу толук маалыматы жок», - деген ойдо президенттик тактыга өз талапкерлигин көрсөткөн Марат Султанов.

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев дагы, аралаш башкаруу системаны колдоорун билдирет. Анын айтымында эгер ал өлкө башчысы болуп калса, мамлекетте бир топ саясий реформалар өткөрүлүп, башкаруу түп-тамырынан өзгөрөт.

Кыргызстандын элинин оюн алдыга жылдырып турган элдик Курултай институтун киргизүү менен катар эле талапкер Жумабек Токтогазиев дагы аралаш башкаруу системасын колдоорун билдирди.

Парламенттик башкаруу системасын колдоочулар

Парламенттик башкарууда чечимдерди жана ошондой эле мыйзамдын көбүн парламенттин өкүлдөрү кабыл алат. Мындай бийлик орногон Мамлекетте өкмөт парламент алдында гана жооп берип, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары кирет.

Праламенттик башкаруу орногон өлкөнүн президентинин добушу экинчи планда каралат. Эгер, мисалга мыйзам чыгарууда долбоор президентке жакпай, бирок парламент өкүлдөрүнүн оюна төп келсе, депутаттардын айтканы ишке ашат.

Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда өткөн референдумда кыргыз эли конституциянын жаңы түрүн колдоп, добуш берип, шайлоого катышышты. Жаңы конституцияга ылайык өлкөдө мындан мурун колдонулуп келген аралаш бийлик парламенттик башкаруу бийлигине алмашты.

2011-жылдын июнь айында кабыл алынган Кыргызстандагы башкаруу системасынын мындан ары дагы колдонула беришин колдогон эки талапкер болду.

"Шайлоо-2011" жеңиштин байрагын өз колуна ала турган болсо мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов азыркы тапта колдонулуп жаткан парламенттик башкаруу системасын колдоорун билдирди. Анын айтымында мындай башкаруу Кыргыз эли үчүн эң эле ылайыктуу.

Азыр кандай бийлик турса ошол эле нукта алдыга жыла турганын өзүн-өзү көрсөткөн талапкер Сооронбай Дыйканов кабарлап, иштеп жаткан конституциянын жоболоруна толугу менен кошула турганын билдирди.

Президенттик башкаруу системасын колдоочулар

Мамлекеттик бийликте жана аны башкарууда президенттин алган орду абдан негиздүү. Өлкө башчысын эл өзү же атайын тандоо коллегиясы башчы кылып бекитет.

Өлкө башчысы эки кызматты, тактап айтканда премьер-министр жана президенттин кызматын бирдей нукта алып кете алат жана өкмөт президент алдында гана жооп берет. Алардын аткарган жумушуна канагаттанбай турган болсо, перзиденттин министрлер кабинетин таркатып салуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле мыйзамдардын баардыгы президент кол койгондон кийин расмий түрдө ишке киргизилет.

Президент башкарган мамлекетте өлкө башчысы парламентти таркатып жиберүү укугуна ээ эмес.

30-октябрда боло турган шайлоодон кийин Кыргыз Республикасында президенттик башкаруу системасы орнотулушу керек деген ойду 3 талапкер колдоп келет.

Кыргыз Республикасынын конституциясын өзгөртүү үчүн атайын демилгечилер тобун түзгөн «Эл бийлиги» партиясынын мүчөсү Шамыбек Медетбеков президенттик бакшаруу системасын колдоорун билдирет.

«Аксап турган экономика менен мамлекет 120 депутатты каржылаганга күчү жетпейт. Ошондуктан мен өлкөнү бир гана президент тейлеши керек деген пикирдемин», - деди өзүн-өзү көрсөткөн талапкер Алмазбек Каримов.

Президенттикке талапкер Роман Оморовдун оюна караганда Кыргызстандагы бийликти президенттик башкарууга алмаштыруу керек. Мамлекет башчысы мындан тышкары премьер-министрдин кызматын да өз мойнуна алганы туура дейт ал.

Башкаруу системанын эл өзү тандайт

Мамлекет башчысы болууну каалаган үч талапкер Kloop.kg порталынын кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө өлкөдө кандай башкаруу системасы орношу керек экендиги эл өзү тандап алат деген пикирин билдирди.

«Кыргызстандын эли башкаруу системасынын кандай гана түрүн тандабасын, татыктуу иштегенге даярмын. Парламенттик жана президенттик башкаруунун дагы терс жана оң жактары бар. Бийликтин эң жаманы бул өлкөдө парламенттик дагы, президенттик дагы башкаруунун жоктугу. Бул учурда ар бир кызматкердин кызмат орду аныкталбай, бири-бирине окшош ишти алып барган учурлар көбөйүп, баш аламандык болот», - деп билдирди СДПК партиясынан президенттикке көрсөтүлгөн талапкер Алмазбек Атамбаев.

Ал эми Марат Имнакулов өзүн-өзү көрсөткөн талапкердин ою боюнча «Коомчулук, эл өзү бийликтин кандай түрү өлкөдө орнотулса жакшы болоорун тандап алышына мүмкүнчүлүк берем. Ошондой эле ал үчүн менден талап кылынган баардык күч-аракетимди жумшайм», - деп билдирет.

«Азыр биз таянып, иштеп жаткан конституцияда бир топ жакшы жоболор жазылган. Мамлекеттин негизги документи аркалуу биз өлкөнү өркүндөтүп, келечеги кең республикалардын катарына киргизе алабыз. Президенттик башкаруубу же парламенттик башкаруу болобу, эч бир айырмасы жок. Эгер мен Кыргыз республикасынын президенти болуп калсам атайын башкаруу системасын өзгөртүүгө дуушар кылбайм. Ошондой эле кандай башкаруу болоорун эл өзү тандап алышы керек. Жарандар гана башкаруу системасын өзгөртүү тууралуу сунушун киргизе алат», - деген ойдо «Мекен Ынтымагы» партиясынан президенттикке талапкер Темирбек Асанбеков.

Президенттик тактыга талапкер дагы төрт киши өзүн-өзү көрсөткөн: Өзүн-өзү көрсөткөн Акылбек Жапаров, «Ар-Намыс» партиясынан Анарбек Калматов, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров жана «Эл үчүн» партиясынан Арстанбек Абдылдаев.

Авторлор: Улугбек Акишев, Анна Лелик, Айым Бакы
Которгон: Кундуз Исмаилова