Шайлоо-2011: Тюлеевдин талапкерлигин колдоо менен катар эле Марат Султанов президенттик тактыга ат салышуусун токтотту


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Нариман Тюлеевди каттоодон өткөрүүдөн баш тартууда. Бирок ага карабастан «Ата-Журт» пратиясынын депутаты, президенттикке талапкерлигин койгон Марат Султанов Тюлеевди колдоп, шайлоого катышуудан өз ыктыяры менен четтетилди.

Журналисттер менен болгон атайын жолугушуусунда Марат Султанов өз партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди эмес, бул шайлоодо Бишкек шаарынын мурунку башчысы Нариман Тюлеевдин талапкерлигин колдоого алаарын белгиледи.

«Камчыбек Ташиев менен менин мамилем жакшы. Бирок биздин көз караштарыбыз төп келишпейт. Ал эми Нариман Тюлеев менен менин алдыга умтулуум, кызыкчылыктарым бирдей», — деди эл өкүлү.

Президенттикке талапкерлерди өлкө кандай формада башкарылышы керек деген суроо берилгенде, Тюлеев жана Султановдор ар башка ойду айтышкан.

Борбор калаанын мурдагы башчысы Нариман Тюлеев Кыргыз республикасы парламенттик башкаруунун алдында өкүм сүргөн мамлекет болушу керек деген ойдо.

«Биринчи эки президенттин мисалында биз өлкөнү бир эле адам башкарганы кандай жыйынтыктарга алып келээрин ачык-айкын көрө алдык. Парламенттик башкаруунун аркасында биз бул системаны туруктуу кылып бекитип алабыз», — деди президенттикке талапкер Нариман Тюлеев Kloop.kg порталынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Марат Султанов Тюлеевди президенттик шайлоодо колдоо максатында өз талапкерлигин алып салгандыгы тууралуу Бишкек шаарынын муруңку башчысы кабардар эместигин билдирди.

«Азыркы тапта мен Москва шаарындамын жана эч нерседен маалыматым жок. Бирок бул жаңылык мени сүйүндүрбөй койбойт», — деди Тюлеев.

Каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу

Элден президенттикке талапкерлигин колдогон 30 миң кол тамгасын чогулткан Нариман Тюлеевдин документтери жарабайт деген борбордук шайлоо комиссиясы, аны расмий каттоодон өткөрүүдөн баш тартууда.

Каттоодон өтпөй калган талапкерлердин тизмегин Турсунбай Бакир уулу, Токтайым Үметалиева, Салмоорбек Дыйканов, Калыбек Арабаев, Акбаралы Айтикеев, Уланбек Сооданбеков жана Төрөбай Койлубаевдер толуктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жогорудагы талапкерлерди каттоодон баш тартуу чечимин президенттикке талапкерлер кайрылган Биринчи май райондук соту жана Жогорку сот жокко чыгарган.

Кандай гана болбосун баары бир бул талапкерлер аларды колдогон шайлоочулардан тиешелүү деңгээлдеги кол топтоп келиши керектигин Борбордук шайлоо комиссиясы айтууда.

Бүгүнкү күндө БШК- акыркы сегиз талапкердин чогултуп келген 30 миң кол тамгасын текшерүү үстүндө иш алып барууда.

Президенттик тактыга ат салышып жаткан талапкерлер

Арызын жазып киргизген 83 талапкердин ичинен шайлоочулардан 30 миң кол топтоп, БШК- шайлоо фондуна 100 миң сом өткөрүп, Мамлекеттик тил боюнча экзамен берген 20 талапкер расмий каттоодон өткөн.

Алардын сегизи саясий партиялардан талапкер катары көрсөтүлсө, калган 12 адам өз талапкерлигин алдыга жылдыргандар.

25-сентябрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери башталып, ал 2011-жылдын 29-октябрына чейин уланат.

Шайлоого СДПК партиясынын лидери, өлкөнүн премьер-министри Алмазбек Атамбаев дагы ат салышууда. Бул талапкер шайлоо алдындагы үгүт иштеринде убактылуу өкмөт башчысынын кызматын вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановко өткөрүп берди.

Социал-демократтар партиясынын лидери президенттик шайлоого катышуу боюнча тажрыйбасы бар. 2000 жана 2009-жылдары ал талапкерлигин коюп, бирок эки жолку аракетинде тең ал убакта иштеп турган Акаев жана Бакиевке уттуруп койгон.

«Ар-Намыс» партиясынан шайлоого Анарбек Калматов ат салышса, «Ата-Журт» партиясынан анын лидери, Бакиевдин башкаруусу учурунда өзгөчө кырдаалдар министринин кызматын аткарып келген Камчыбек Ташиев чыкты.

«Эл бийлиги» партиясы Шамшибек Медетбековду көрсөтсө, «Бүтүн Кыргызстандан» өлкөнүн экинчи президентинин башкаруу учурунда коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп иштеген Адахан Мадумаров ат салышат.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын экономика институтунун бөлүм башчысы Темирбек Асанбеков «Мекен Ынтымагы» партиясынан талапкер болуп катталды.

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын экс-депутаты Исхак Масалиев Кыргызстан коммунисттер партиясынан талапкер, «Эл үчүн» партиясынан Арстанбек Абдылдаев чыкты.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөткөн талапкер.

«Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунан каражатты мыйзамсыз алган деген айыптар коюлгандан кийин Кубатбек Байболов 2011-жылдын апрель айында башкы прокурорлук кызматынан өз эрки менен бошогон.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетише турган болсо ал сот-укуктук реформа концепциясын түзүү үчүн мамлекеттик комиссия түзөөрүн билдирди.

«Асман-пресс» басма сөзүнүн белгилөөсү боюнча 2009-жылы мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов Кыргызстандагы эң бай деп эсептелинген 100 адамдын катарына кирген.

Өтпөй калган талапкерлер

Калган 63 талапкер шайлоого болгон ат салышуудан ар кандай себептерге байланыштуу четтетилди.

Алардын кээ бири өз каалоосу менен талапкерлигин алган болсо, кээ бири мамлекеттик тил экзаменинде кулап, тиешелүү 30 миң кол чогултууга жетишкен эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы Токтайым Үметалиева жана саясатчы Нариман Тюлеевди каттодон баш тартты. Комиссиянын чечими боюнча бул талапкерлер элден 30 миң кол топтоодо катачылыктарды кетиришкен.

Токтайым Үметалиева 2009-жылы дагы президенттик тактыга талапкерлигин коюп, бирок шайлоочулардын аз өлчөмдөгү добушуна ээ болду.

Президентикке талапкер “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаев мамлекеттик тил боюнча экзаменден башка бир нече талапкерлер сыяктуу эле өтпөй калган.

Шайлоого карата үгүт иштеринин башталышына 2 күн калган учурда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен талапкерлигин алып салды.

Мындай чечимин ал талапкерлердин арасында азыркы тапта деле Бакиевчилер бар экенин айтуу менен түшүндүрдү.

«Кыргызстанда бул саясатчылардын аз эмес колдоочулары бар. Мындан улам биз өткөн жылдарда болгон каталарды кайталоого тийиш эмеспиз, ал учурда прогрессивдүү күчтөр бирдиктүү болуп өз оюн айта алган жок. Ошол тапта тигил же бул талапкер өтсүн деп берилген канчалаган шайлоочулардын добуштары жокко чыгарылып калды. Мындай катаны кайра кайталап, жараны ырбаатпаш үчүн мен өз талапкерлигимди алдым», — деген Текебаев.

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрында өтөт.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова