Ошко жакын жайгашкан айылда банан өстүрүшөт


Отуз-Адыр аыйылынын тургуну беш жылдан бери банан эгет. Бирок климаттык шартка байланыштуу бир да жолу мөмө алган эмес. Ага карабастан банандын дарагын бүгүнкү күнгө чейин карап келет.

Жаңылбү Кабылбекова Отуз-адырдын жашоочусу, 15 жылдан ашуун өсүмдүк жана гүл өстүтүрүү менен алектенет.

Өзбекстандын телеканалдарынын биринен банан эккендерди көрүп, өстүргөнгө кызыгып калган. Кийинчерээк гүл саткандар аркылуу бир көчөтүн 1000 сомго Өзбекистандан алдырган. Ошондон бери банан өстүрүп келе жатат. Бирок бир да жолу мөмөнүн даамын татып көрө элек. Анткени бул жылы март айында кар жааганына байланыштуу үшүк алып кетсе, былтыркы жылы мөмөсү суукка калып кеткен.

«Мөмөсүн жеп көрбөдүк чоңоюп калганда быша элегинде кар жаап, үшүк алдырып алдык. Мөмөсү бир жалбырактын ортосунан чыгып гүлү сары болот экен да, ар бири 25-26 банан түйөт экен»,-деп түшүндүрдү Кабылбекова.

Быйыл үйүнө алып кирбестен ордунан гана жылуу карап, мөмөсүн алганга аракет кылаарын айтты.
Багбанчынын оюнча, үйдө экзотикалык атмосфера түзүү банандын өсүшүнө жакшы таасир этет. Атайын көчөткө ылайыктуу шарттарды түзүп , жаныбарларды да кошо баккан.

«Биринчи алып келгенде абдан кызыгып бир үйдү бошоттук, кирпи, коен, кекилик, мышыктарды коебердик. Аларды, жаратылышка кызык болсун деп. Алар [жаныбарлар, банан дарагы] жомоктогудай кызыктуу болду. Кийин жапайы мышык жеп кеткен»,- деп капаланды Кабылбекова.

Банан өстүрүүнүн «түйшүгү деле жок»

Бул көчөттү жазында жерге эгет. Банандын суукка чыдамы болбогондуктан, күздүн аягында гүл отургузуучу идишке көчүрүп, жылуу жерге алып кирүү зарыл. Кайра жаз келгенде жерге отургузат. Кыш мезгилинде, декабрда мөмө алуу керек. Кабылбекованын айтымында, банан өстүрүүнүн түйшүгү деле жок.

«Бул[көчөт] суу эле ичет, башка эч нерсе деле кереги жок экен. Трактор менен айдатам дебейсиң. Сууну гана өз убагында берип турсаң болгону [...]»,-деп айтты ал өз сөзүндө.

Күнөскана жоктугуна байланыштуу, өтө чоң болуп кеткендерин, башка, шарты бар жерлерге белек кылып бергенге багбанчы аргасыз.

Бир көчөттүн жанына жылына беш-алтыдан балалап чыгып турат. Алардын чоңураактарын 500, кичинерээктерин 250 сомго сатып, акчасына кайра эле гүл идиш алат.

Ошондой эле Жаңылбү эже келечекте кокос менен кивинин көчөтүн эксем деген тилеги бар.

Ал эми жолдошу Кымбатбек аке жубайынын гүлдөр менен алектенгенине жардам берет
«Көтөр дейт [гүлдөрдү] алып чыгып берем, кайра алып кирип берем. Башка эч нерсесине кызыкпадым.

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Бахтияр Кудайбердиев Кыргызстандын климаттык шарты бананды өстүрүүгө туура келбестигин билдирди.

«Банан биздин шартта өсөбү- өспөйбү билбейм. Биздин климаттык шартта өсөт деп айта албайм. Аракет кылып көрүшүбүз мүмкүн»,-деди эколог.

Мекени- Малайзия

Банандын мекени Малайзия, ал жерге Индия жергесинен алып келинген. Б.З. Ч. 200 жыл мурун Кытай жергесинде банан талаасы тигилген. Анын жемиши экзотикалык көчөт деп эсептелет.

Редактор: Айзат Шакиева