Кыргыз-Өзбек университетинин келечеги мамлекеттер аралык сүйлөшүүгө байланыштуу


Кыргыз Кеспубликасынын билим жана илим министрлигинин билдирүүсүндө Ош облусунда жайгашкан Кыргыз-Өзбек университетинин атынын алмашуусу Өзбекстан мамлекетти менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу.

Бирок, документтер аралык келишпестиктин негизинде аталган университеттин мугалимлер составы бул маселени эртерээк чечип берүүсүн талап кылууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы Керез Жукееванын айтуусу боюнча бул маселе эки тараптуу макулдашуудан бир жыйынтыкка келген соң гана аталышты өзгөртүүгө болот.

«Акыркы сөз премьер-министрден, мындайча айтканда өкмөт үйүнүн чечим чыгарышына караштуу»-деп билдирди Керез Жукеева.

Бирок, эки мамлекеттин макулдашуулары канчалык деңээлде экенин жана качан бир жыйынтыкка келээрин пресс-катчы так айткан жок.

10 июнда пресс-катчынын берген маалыматында Кыргыз-Өзбек университетинин башка аталышка которулушун Кыргыз Өкмөтү өздөрү гана чечмек.

Билим берүү жана илим министри Канат Сыдыковдун айтуусунда, аталган университет 2010-жылы болуп өткөн улуттар аралык келишпестиктен соң «Социалдык» деп аталган. Бирок 17-сентябрга чейин анын аталышы тууралуу маселе чечилиши керек. Ошондой эле окуу жайдын аталышы өзгөрбөйт, анын базасынын алдында Социалдык окуу жай пайда болот.

Мугалимдер Социалдык университет бойдон калуусун каалашат

2010-жылы 16-июнунда Ош шаардык администрациясында болгон чогулушта Кыргыз-Өзбек Университети «Социалдык» болуп өзгөргөн. Ошол учурда өткөөл кырдаалдын курамы окуу жайдын атынын өзгөрүлүшүнө толук кандуу макул болгон, бирок атайын мыйзам чыккан эмес. Азыркы учурда окуу жайда эски аталышта иш кагаздарын колдонуп келет.

Бул Университет 1994-жылы Өзбекстан жана Кыргызстандын келишими боюнча ачылган. Максаты бул эки элдин жарандарын билим жактан камсыз кылуу, ошондой эле Өзбекстанда жашап жаткан кыргыз жарандарын жана Кыргызстанда жашап жаткан өзбек жарандарын окуу менен камсыздоо болуп келген. Тилеке каршы азыркы кезде аталган окуу жайдын диплому Ташкенте жарабайт. Ошондой экен Кыргыз-Өбек университети деп аталышта калышы эч бир жыйынтыксыз. Андан сыртакары окуу жайдын жетекчилиги дипломду кандай аталышта беришин дабилбей калды.

Эң бир оорчундуусу бул акча которуусу жана чет-элдик кызматашууда кандай аталышта кат жөнөтүүсүндө болуп жатат. Окуу жайдын мугалимдери өздөрүн Социалдык университетин кызматкерлери деп эсептешет жана ошондой бойдон калуусун каалашат-деди финансы жана экономикалык факультетинин деканы Шайдилло Шакиев.

Кыргыз-Өзбек университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Кутман Абдрахман уулу kloop.kg сайтына берген маалыматтында ал жерде иштеп аткан кызматкерлердин да документация менен иштөөсүндө нааразычылыктар бар экенин жана студентердин ата-энелери балдарынын зачеттук китепчелери эски аталышта экенине нааразы экенин билдирди. Ошондой эле жаңы аталышта болгондон бери окуу жайга тапшырган студенттердин саны 1100 гө көбөйгөн.

«Биз студенттерди Социалдык университет деген аталышта кабыл алып жаттык жана алардын биз менен түзгөн келишимдеринде «Социалдык» деп жазылган. Жаңы аталышта болгон соң биз 2200 студент кабыл алдык»-деди жооптуу катчы.

Үчүнчү курстун айтуусу Азамат Олжобаев декан Шакиевдин айткандарын колдойт жана социалдык бойдон калышын каалайт.

«Өзбекстанда баары бир диплом жарабаган соң, социалдык бойдон калышы туура»-дейт Азамат.

Ал эми бешинчи курстун студенти Рустам Акимовдун айтымында социалдык университетин диплому көп деле талап кылынбайт.

«Социалдык университетин диплому менен ишке алышы да кыйын болот, андан сыртакары СНГ жана башка мамлекеттер да билбейт. Ал эми Кыргыз -Өзбек университетинин аброю бар көп жерлерге таанылып калган. Эгер документтерде өзгөрүүлөр болсо анда анча мынча түшүнбөстүктөр туулушу мүмкүн»-деп оюн айты Рустам

Автор: Азиз Ташбаев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева