Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортко болгон жол кире көтөрүлбөйт деп билдирди


Шаардык транспорт менен башкаруу башкармалыгы ушул жылдын ноябрь айынан тартып коомдук транспортторго болгон жол кире акысы жогорулайт деген маалыматты четке какты. Бишкек шаардык мэриясы  баалар ошол бойдон эле калаарын билдирди.

Мэрия алдындагы коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башкы адиси Актан Сапиянов коомдук транспорттордо жол киренин акысы көтөрүлө тургандыгы тууралуу эч кандай сөз болбогонун айтат.

«Эгер биз жол кире акысын жогорулаталы деген чечимге келсек аны биринчи кезекте суроо боюнча арызды антимонополиялык комитетке жөнөтүп,  алар өз кезегинде маселени карап бериш үчүн арызды шаардык кеңешке жөнөтөт.  Сессия учурунда депутаттар чогулуп,  маселени кандай чечиш керек экендигин талкуулап анан гана жообун айтышат», — деп билдирди коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы.

Мындан бир аз убакыт мурун шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Туратбек Джумалиев ноябрь айынан тартып маршрутук таксилердин   баасы  10  сомдго,  ал эми автобус жана траллейбустарда 7 сомдон турган кымбаттатуу пландары каралып жатканын маалымдаган.

Азыркы тапта жол кире акысын көтөрүүнүн зарылчылыгы бар.  Бирок ага карабастан шаардык мэрия бул маселени көтөрүп чыгууга шашылбайт.
Коомдук транспортто жүрүүнүн акысынын көтөрүлүшүн күйүүчү майдын кымбатташы менен байланыштуу экенин шаардык транспорттор менен башкаруу башкармалыгынын жетекечиси Туратбек Джумалиев билдирди.

Азыр автобус баасы 6 сом, троллейбус төлөмү 5 сом ал эми маршруттук таксилерге 8 сомдон төлөшөт. Башталгыч класстын окуучулары жана пенсионерлер транспорттун түрүнө карабастан беш сом жол кире төлөшөт.

«Автобустарга жол кире акысы 6 сомдон болушу кара майдын баасы 21 сомду түзүп жаткан мезгилде коюлган. Азыр анын литри 36 сомду түзүп жатпайбы. Бааларды көтөрүү сунушун айдоочулар өзүлөрү киризип жатышат», — деди Джумалиев.

Коомдук транспортторго болгон жол кире акысы акыркы жолу 2008-жылы өзгөртүлгөн. Анда маршруттук таксинин баасы беш сомдон сегиз сомго жогорулаган. Троллейбус жана автобуста жүрүү акысы өзгөртүлгөн эмес.

2012-жылга чейин мектеп окуучуларына жол кире акысы жеңилдетилген бойдон калат

12-жашка чейинки Бишкектин мектеп окуучулары 8 сомдун ордуна жолдо кире акысын 5 сомдон 2012-жылдын аягына чейин төлөшөт. Бийликтин бул буйругу келе жаткан 2012-жылдын соңуна чейин иштейт.

Бекитилген токтом дем алыш күн жана майрам күндөрдөн сырткары баардык иш күндөрү колдонууда болот. 12-жаштан жогорку мектеп окуучулары үчүн жол киренин акысы 8 сом бойдон калды.

Башталгыч класстын окуучуларын арзандатылган баа менен ташуу сунушун жеке транспорттук компаниялардын жетекчили киргизген. Бул тууралуу шаардык транспорт башкаруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Туратбдек Джумалиев кабарлады.

«Алар жеке ишкерлер, биз каршы эч нерсе айтпайбыз.  Алар сунуштады, биз кабыл алдык», — деп түшүндүрдү Джумалиев.

"Күйүүчү майдын кымбат баада алынып келишине байланыштуу биз баардык эле мектеп окуучуларына жол киресине болгон чыгымдардын эсебин азайтып бере албайбыз"- деп билдирди башчынын орун басары.

«Ар жыл сайын солярка кымбаттаганын токтотпой келе жатат, бирок жол кире акысы ошол бойдон турат. Мисалга 2008-жылы солярканын литири 20 сом болсо, азыр анын баасы 36 сомдон кем эмес.   Жаңы жылдан кийин күйүүчү майдын баасы кандай болоорун азырынча эч ким билбейт да», —дейт ал.

Автор: Айбек Жумабеков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева